Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ОНЛАЙН ТОЙ ӨТКӨРГӨН ЖАШ ЖУБАЙЛАР

КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ОНЛАЙН ТОЙ ӨТКӨРГӨН ЖАШ ЖУБАЙЛАР

 920 Бардыгы /

БИШКЕК. Коронавирус болбогондо азыр Юля менен Искандер балким Балиде эс алып жүрүшмөк. Бирок ушу тапта аларга бал айын карантинде өткөрүүгө туура келүүдө.

«Биз тартипти сактап, үйдө отурабыз. Туугандарыбызды да үйдө болууга чакырып жатабыз. Баарыбыз тең азыркыдай бирге боло аларыбызга кубанышыбыз керек», — дейт Юля Халмурзаева.

«Анан да азыр биздин үйдө 30 килограмм гречка, даарат кагазы жана башка нерселер бар», — деп кошумчалады Искандер.

Жаш жубайлар тойду Бишкекке өзгөчө абал киргизиле электе эле пландап коюшкан. Шаар карантинге алынгандан кийин тойду кийинкиге калтырбай, өткөрө берүүнү чечишкен.

Алар нике күбөлүгүнө Жарандык актыларды каттоо кызматына барып кол коюуга жетишсе, үйлөнүү тоюн Саламаттык сактоо министрлиги сунуштагандай өткөрүп, медициналык беткап тагынып, каалоо-тилектер, куттуктоолор аралыктан айтылды.

Кыргызстандагы алгачкы онлайн-тойго 40 мейман чакырылды. Бул өзгөчө салтанат бардык социалдык түйүндөргө тарап, кызуу талкууланды.

 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17