Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУСТУ ЖАПЫРТ ТЕКШЕРҮҮ ДОЛБООРУ БАШТАЛАТ

КЫРГЫЗСТАНДА КОРОНАВИРУСТУ ЖАПЫРТ ТЕКШЕРҮҮ ДОЛБООРУ БАШТАЛАТ

 848 Бардыгы /

Кыргызстанда коронавирусту массалык түрдө текшериш үчүн атайын лаборатория иштей баштайт. Бул тууралуу демилгени ишке ашырып жаткандар «Азаттыкка» кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашат.

Долбоорду Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги чогуу жүргүзөт. Анын алкагында жакынкы күндөрү «Бонецкий» диагностикалык лабораториясында коронавирус текшериле баштайт. Буга керектүү жабдыктар, материалдар, реагенттер сатып алынып, Кытайдан атайын адистер чакырылат.

Долбоордун биринчи этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 50 миң лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл. Ал эми экинчи этапта 40 миң адамды текшериш үчүн 1 млн. 381 миң АКШ долларын чогултуш керек.

Бул демилгени ишкер Бабур Төлбаев колдоп, 84 миң 460 долларды керектүү жабдуу сатып алууга, 65 миң долларды вирусту аныктоочу тесттерди алыш үчүн которгон.

Буга байланыштуу демилгелүү топ ишкерлерди жана меценаттарды бул маанилүү долбоорду колдоого чакырууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17