Аймак

ЖАМУдан ЖАРДАМ

ЖАМУдан ЖАРДАМ

 1,113 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети коронавирус менен күрөшүү фондуна акчалай каражат которушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы маалымдады.

 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 450 000 сом акчалай каражатны коронавирус менен күрөшүү фондуна которду. ЖАМУнун ректору, тех. илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов айтымында кызматкерлер жамааты менен кеңешип, алардын макулдугу менен жалпы кыргыз элин колдоо максатында бир күндүк эмгек акысы аталган фондго которулган. 
“Кыйын кырдаал башка түшкөн кезде бир муштумдай биригип, ынтымак жана сабырдуулук менен илдетти жеңебиз. Жалпы кыргызстандыктарга ден соолук каалайм!”, – дейт ректор К. Усенов.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17