Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨР АЗЫК-ТҮЛҮК МЕНЕН КАМСЫЗДАЛУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨЛӨР АЗЫК-ТҮЛҮК МЕНЕН КАМСЫЗДАЛУУДА

 1,034 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын мэриясы калаадагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана багар көрөөрү жок жарандарга азык түлүк жардамдарын көрсөтүүдө. Алардын абалынан  калаа мэри Мураталы Тагаев барып кабар алды.

Жалал-Абад шаардык мэриянын маалымат кызматы маалымдагандай алгачкы кайрымдуулук иш аракеттери шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын тизмесине алынып, жашоосу оор  деп бааланган жарандарга берилип баштады. Мындан тышкары алдыда  жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын чечиминин негизинде башка муктаж тургундарга да жеткирилмекчи.

Коронавирус илдетинин калк арасында жайылуусун алдын алууда, жарандардын өз ара байланышын кыскартуу максатында, ушул жылдын 25-мартынан тарта Жалал-Абад шаарында да өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык тургундардын көчөгө ээн эркин чыгуусуна чектөө киргизилген. Натыйжада айрым жашоочулардын арасында азык-түлүк муктаждыктары жаралган.

Кыдыруу учурунда жашоочуларга калаа башчысы эң алгач оору менен күрөшүүдө коюлган эрежелерди так аткарууга чакырды. Аны менен бирге аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17