Аймак

КЫТАЙ КЫРГЫЗСТАНГА COVID-19 ТЕЗ ЫКЧАМ АНЫКТООЧУ 21 000 ТЕСТ БЕРДИ

КЫТАЙ КЫРГЫЗСТАНГА COVID-19 ТЕЗ ЫКЧАМ АНЫКТООЧУ 21 000 ТЕСТ БЕРДИ

 1,130 Бардыгы /

БИШКЕК.Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавирусту ыкчам аныктоочу 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерин берди.

Бул медициналык каражаттарды Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго тапшырды.

Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктайт. Илдетти аныктоодо реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт. «Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттерде коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн», деп айтылат штабдын маалыматында.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17