Аймак

ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН БЕРИЛГЕН ЖАРДАМ МУКТАЖДАРГА ЖЕТКИРИЛҮҮДӨ

ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН БЕРИЛГЕН ЖАРДАМ МУКТАЖДАРГА ЖЕТКИРИЛҮҮДӨ

 1,879 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы 662 үй-бүлөгө өкмөт тарабынан бир мүшөктөн ун берилди. Матрезервден бөлүнгөн 33 тонна ун калаадагы оор шартта турмуш кечирген үй-бүлөлөргө таратылууда.

Жалал-Абад шаардык мэриянын маалыматтык кызматы маалымдагандай, буга байланыштуу тийиштүү тармактардан жана шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Шаар башчысы Мураталы Тагаев муктаж жарандар менен жолугуп, өкмөттүн жардамын жеткирип берди.

Жалал-Абад шаарында өтө оор шартта кыйналып жашаган жалпы 942 үй-бүлө бар. Буга чейин алардын айрымдарына шаар мэриясы тарабынан ун берилген. Эми калган үй-бүлөлөрдүн жетишпестигин да жергиликтүү бийлик чечүү аракетин көрүүдө.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17