Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫ АБАДАН ДЕЗИНФЕКЦИЯЛАНУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫ АБАДАН ДЕЗИНФЕКЦИЯЛАНУУДА

 1,759 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарын атайын учуучу мотодельтаплан жана агродрондор аркылуу асмандан залалсыздандыруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мында эң алгач короновирус илдетине менен шектенип обецервацияга алынган жарандар жайгашкан имараттар, алар жашаган  үй-жайлары, областтык оорукананын имараттары жана борбордук базар айланалары  дезинфекцияланууда.

Бул демилге өлкөдө түзүлгөн пандемиялык кырдаалга байланыштуу, “Бай дыйкан” айыл чарбаны колдоо борбору тарабынан аткарылып жатат. Ага керектелүүчү атайын техника жана сарпталуучу акча каражаттары да аталган борбор тарабынан жумшалууда. Анын негизге артыкчылыгы  илдет менен күрөшүүдө жарандардын аралыктан коргонуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Бул иш аракеттер алдыдагы күндөрү башка аймактарда да улантылмакчы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17