Аймак

COVID-19: КООПТУУ ШАРТТА ИШТЕП ЖАТКАНДАРДЫН 20-30% ГАНА ТЕСТТЕН ӨТТҮ

COVID-19: КООПТУУ ШАРТТА ИШТЕП ЖАТКАНДАРДЫН 20-30% ГАНА ТЕСТТЕН ӨТТҮ

 1,003 Бардыгы /

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 6-апрелде брифингде билдирди. Министрдин айтымында өкмөттүк, президенттик аппарат, жергиликтүү бийликтегилер баары коронавирус тестинен өткөн деген маалымат жалган.

«Учурда көпчүлүгү үйүндө иштеп жатышат. Кызмат ордунда иштөөгө мажбур болгон 20-30% жетекчилерди, кызматкерлерди тесттен өткөрдүк. Талапка ылайык, тобокелчилик бар жерде иштеп жаткандар, чет өлкөлөрдө иш сапарында болуп келгендер баары текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Тесттен шек туулгандарга гана ПЦР анализ жасалат», – деди Абдикаримов.

Министрдин маалыматына ылайык, 6-апрелге карата Кыргызстанда 76 миң экспресс-тест бар. Анын ичинен 30 миңдейи иштетилген. Калгандары обсервацияга алынгандарды текшериш үчүн колдонулат.

Коронавирус илдетин тогуз дарыгер жугузуп алганы кабарланган. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто.

Кыргызстанда 6-апрелдин таңына карата коронавирус жугузуп алган 69 адам катталды. Алардын баары обсервацияда жаткандар. Жалпы жонунан 216 адам илдетке чалдыкты. Төрт киши оорудан көз жумду.

6-апрелге карата 10 адам ооруну жеңип, айыгып чыкты. Дагы 23 киши сакайып, ооруканадан чыгарылары кабарланды.

Ооруканаларда илдет жуккан 202 адам жатат. Бешөө туруктуу оор абалда реанимацияда, алардын экөөнө жасалма дем алдыруу аппараты коюлган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17