Аймак

Жинди атып кетишти

 2,242 Бардыгы /

Жинди атып кетишти

”Атамекен” партиясынан Кара-Көл шаардык кеңешине депутат болгон, “Жин” каймана аты бар Алтынбек Арзымбаевди кечээ борборубуздагы Душанбе көчөсүндөгү футболдук аянтчасынан белгисиз, номери жок мерседес үлгүсүндөгү авто унаадан үч маскачан чыгып, ок чыгарышып, качып кетишкен. Бирок, экс-депутатка атылган ок тийген эмес. Ок анын жанынан өтүп бара жаткан адамга тийгени айтылууда. Бул кол салуу боюнча Арзымбаевге кайрылганыбызда, учурда укук коргоо органдарына арыз жаза электигин жана саясый буйрутма экенин баса белгиледи.

Эске салсак, 2013-жылыдын сентябрь айында Алтынбек Арзымбаев Каракөл шаарынын экс мэри Ильяз Эркеевдин арызынын негизинде камакка алынган. Камакка алынган соң, Арзымбаев ошол эле жылдын 26-ноябрында БШКга арызын жазып, депутаттыктан баш тарткан. Учурда баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагында болчу.

Булак -Factor.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17