Аймак

Осунбек Жамансариев, “Мекен шейиттери” уюмунун лидери: “7-апрелдеги революция өз максатына жете элек”

 2,296 Бардыгы /

Осунбек Жамансариев, “Мекен шейиттери” уюмунун лидери: “7-апрелдеги революция өз максатына жете элек”

Осунбек мырза, 7-апрелде экинчи революцияга төрт жыл болот. Сот иши дале уланып келет. Бир сөз менен айтканда, 7-апрель өз максатына жеттиби?

– Биринчиден, 7-апрель окуясы боюнча сот бүтө элек. Чекит коюлуш керек. Жакында бүтөт деген үмүт менен турабыз. Тилекке каршы, соттолуучу тараптан ар кандай тоскоолдуктар болуп жатат. Баягы эле ар кандай өтүнүчтөр менен кайрылышып, ишти узартып келүүдө.

– Анда өз максатына жете элек десеңиздер ошол кезде убада кылгандарга эмне үчүн нааразычылык демилгесин алып чыкпайсыздар?

– 7-апрель боюнча буюрса, соттун чечими чыгат. Ал учурда Атамбаевдин убадасы – кылмышкерлерди Кыргызстанга алып келүү болсо керек. Аларды Кыргызстанга алып келүү иштери жыйынтык бербей жатат.

– Эмне үчүн?

– Эл аралык макулдашуулар жакшы иштебегендиктен болуп жатат деп ойлойм. Азыркы учурда Кыргызстандын экономикасына негизги көңүл бурулуусу туура.

Булак: Арена.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17