Аймак

ПРЕЗИДЕНТТИН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ ДОСАЛЫ ЭСЕНАЛИЕВ БЕЛГИЛҮҮ ФУТБОЛЧУ ИЛЬЗАТ АХМЕТОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ПРЕЗИДЕНТТИН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ ДОСАЛЫ ЭСЕНАЛИЕВ БЕЛГИЛҮҮ ФУТБОЛЧУ ИЛЬЗАТ АХМЕТОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 2,330 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон ортосунда эс алууда жүргөн белгилүү футболчу Ильзат Ахметов менен жолугушту.

«Биз сиздин атактуу „ЦСКА“ командасындагы ийгиликтүү дебютуңуз жана Россия Федерациясынын курамасына чакырылышыңыз менен сыймыктанабыз. Ошондой эле биздин мекендешибиз мындан ары да спортто чоң жеңиштерге жетет деген үмүттөбүз жана сизге ишенебиз. Ийгиликтерди каалайм!» — деп белгиледи Досалы Эсеналиев.

Ильзат Ахметов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кайда болбосун ар дайым өз Мекенин — Кыргызстанды сагынаарын жана өз өлкөсү менен сыймыктанарын баса белгиледи. Ильзат Ахметов жаңы жылдык эс алуу күндөрүн Бишкекте ата-энеси менен бирге өткөргөнүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, Ильзат Ахметов Кыргызстанда төрөлгөн. «Алга» командасынын тарбиялануучусу болгон. Андан соң россиялык «Рубин» футбол командасында ойноду. 2018-жылдын июль айынан тартып москвалык «ЦСКА» менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына чакырылган.

Ошондой эле Ильзат Ахметов Россиянын улуттук «Биринчи бештик» сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчулардын тобуна кирет.

 

Сайпидин Султаналиев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17