Аймак

АКЦИЯГА ЧЫККАНДАРДЫН БИРИ ӨЗҮН ӨРТТӨГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛДЫ

АКЦИЯГА ЧЫККАНДАРДЫН БИРИ ӨЗҮН ӨРТТӨГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛДЫ

 768 Бардыгы /

НАРЫН. Нарын шаарында 14-январда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын нааразылык акциясына катышкандардын бири өзүн өзү өрттөгөнгө аракет кылды.

Нарын облустук администрациясынын алдына «Насип Кайып» майыптар коомдук бирикмесинин жетекчиси Замира Абдраева баштаган 7-8 киши чогулду. «Азаттыктын» окуяга күбө болгон кабарчысынын айтымында, катышуучулардын бири жанына ала келген бензинди тегерегине чача баштаганда жанындагылар жана милиция кызматкери токтотуп калышты. Окуя акциянын катышуучулары шаардын жетекчилиги менен жолугуу үчүн имаратка кирип баратканда болгон.

Акцияга чыккандар журналисттерге сүйлөп берүүдөн баш тартышты.

Алар Нарын шаарынын Москва кичирайонунда курулган он батирлүү муниципалдык турак жайды менчиктештирип берүүнү талап кылышууда.

Шаардын мэри Нурбек Молдокадыров мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган батирди менчиктештирүү мыйзам чегинде болушу керек экенин, бул боюнча атайын комиссия иштеп жатканын айтты.

Сөз болуп жаткан үйдө учурда 10 үй-бүлө жашайт. Ал мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2018-жылы 15 млн. сомго курулуп, пайдаланууга берилген.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17