Аймак

Достук айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 1,978 Бардыгы /

Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик бош ваканттык муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК  ЖАРЫЯЛАЙТ

 

1.Башкы адис –социалдык маселелер боюнча (1 бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

– Гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:- төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Маданият жөнүндө» мыйзамдары.

Функционалдык милдеттери:

-Социалдык жактан корголбогон, моралдык жактан туруксуз үй-бүлөлөр, тобокел тобундагы балдарды аныктоо боюнча иш жүргүзөт. Социалдык жактан коргоо, маданият, билим берүү, медициналык жана пенсиялык тейлөө боюнча маселелерди чечет. Үй-бүлөлөр менен балдарды, эмгекке жарамсыз жалгыз бой жарандарды, дене түзүлүшү жагынан мүчүлүштүгү бар атуулдарды колдоо боюнча иш- чараларды ишке ашырат. Социалдык паспорттоштурууну ишке ашырат, үй- бүлөнүн жана балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча милдеттерди аткарат. Айыл өкмөттүн жакыр тургундарына даректүү социалдык жактан коргоо, ишке орноштуруу кызматтары, саламаттыкты сактоо жана билим берүү органдары, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, жашы жете электердин иштери боюнча комиссия, участкалык инспектор улуттук жана эл аралык волонтёрлер, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдар менен кызматташат.

  1. Адис –иш кагаздарын жүргүзүүчү (1 бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим же кесиптик орто билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы: -иш стажына талап коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу.

  1. Салыктар боюнча жектөөчү адис (1 бирдик)

Салыктар боюнча адис  ( 1 бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

– Экономикалык жогорку билим же кесиптик орто билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы: -иш стажына талап коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамы.

Билгичтиги:

 -айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүн контролдоо жана белгиленген финансылык отчётторду өз учурунда түзүүнү жана берүүнү камсыз кылуу;

 -мезгил-мезгили менен (ай, квартал сайын) аймакта белгиленген төлөмдөрдүн бюджеттик түшүүсүнө талдоо жүргүү;

 -салык төлөөчүлөрдүн өз мезгилинде төлөмдүк жана финансылык тартиптерди сактоосу боюнча түшүндүрүүлөрдү уюштуруу.

          Талап кылынуучу иш кагаздары:

сынактык  комиссиянын төрагасынын атына арыз; кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;

паспорттун көчүрмөсү; билими тууралуу документтин (диплом), эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык конторадан же иштеген жеринен тастыкталып); 4х6 өлчөмүндөгү 2 (даана) сүрөт; өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндөгү маалыматы көрсөтүү менен.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынарын эскертебиз. Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30дан 17-30га чейин айыл өкмөтүнүн уюштуруу иштери жана кадрлар маселелери боюнча бөлүмдө кабыл алынат. Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынак өткөрүүчү күн жана жай кошумча билдирилет. Дареги: Ноокен району, Шамалды-Сай айылы, Рыскулов  көчөсү. Телефондор:(03734) 6-01-14; (0777) 65-24-24.  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17