Аймак
Аймак

ЖАСАЛМА АКЧА МЕНЕН ШУГУЛДАНГАНДАР

831 ирет көрүлгөн / раз просмотрено , 9 бүгүн / сегодня

ЖАСАЛМА АКЧА МЕНЕН ШУГУЛДАНГАНДАРЖакында эле Баткен облусунун Кызыл-кыя шаарындагы “Айбек” базарында жергиликтүү тургун 300сомдук нак акчага жасалма 300 сомдук кагазды сатып алганы ЖМК беттеринде жарыя болгон. Ушундан улам коомчулукта, Кыргызстанда чындап эле 300сомдук валюта барбы? Кандайча жасалма акчага жараныбыз алданып калды? ж.б.у.с. ой-пикирлер социалдык тармактарда кеңири талкуулана баштады. Серепчилердин айтымында жасалма акча менен алектенгендер баалуу металдардан акча жасала баштагандан бери эле бар.
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыкканына 23 жылдан ашты. Андан бери бир нече ирээт сомубуздун номиналы, жүзү, коргоо белгилери жана жалпы сапаты алмашкандыгы белгилүү. Бирок жогорудагы окуя далилдегендей, Кыргыз Республикасынын айрым жарандары улуттук валютабыздын өзгөчөлүктөрү тууралуу жакшы биле беришпестиги маалым болду. Ушуга жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгына кайрылып, элибиздин жүзү болгон сомубуз тууралуу бизди кызыктырган суроолорго жооп ала алдык.

-Жакында эле Баткен өрөөнүндө 300 сом номиналындагы Ч.Айтматовдун элеси түшүрүлгөн кагаз — нак акчага сатылып кеткени тууралуу маалымат тарады, бул тууралуу кандай комментарий бере аласыздар?

-Туура айтасыздар, ушундай маалымат тараганы чын. Бирок ким тарабынан качан жана кандайча кагаздан жасалып, Ч. Айтматовдун элеси чагылдырылган 300 сом аталышындагы акча каражаты сатылгандыгы тууралуу так маалымат жок. Ал эми Улуттук банк эч качан 300 сомдук банкнотту чыгарган эмес. Белгилей кетүүчү нерсе, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу” мыйзамына ылайык, акча белгилерин чыгаруу укугу бир гана Улуттук банкка берилген. Азыркы учурда Кыргыз Республикасындагы улуттук валюталардын катары 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сомдук номиналдарда гана сунушталат.

«Адамдан амал качып кутулбайт» демекчи, айрым шылуундар иштеп убара болбой эле жасалма акча жасай салып, бир саатта байпагы манат болуп чыга келгенди эп көрүшөт. Аларга карата кандай чара көрүү каралган?

-Эгерде сиздердин колуңуздарда шек жаратуучу банкнот келип кала турган болсо, аны шашылыш түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматка же Улуттук банкка кайрылуу сунушталат. Ал жерден адистер банкнотко экспертиза жүргүзүп, анын нактыгын аныктап чыгат. Эгерде шек жараткан банкнотту сатууга аракет жасала турган болсо, жасалма акчаны чыгаруучулар сыяктуу эле аны таркатуучулар дагы мыйзамга жараша жоопко тартылат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 198 беренесине ылайык, жасалма акчаны чыгаруу, сактоо же сатуу аракеттери үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына тартып алуу каралат. Ушул эле кылмыштар ири көлөмдө жана бир нече адамдын тобу менен жасала турган болсо, мүлкүн конфискациялоо менен он жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу каралат.

-Акчаны жасалма жол менен чыгаруу эмнеден улам келип чыккандыгы тууралуу айта кетсеңиздер?

-Акчаны жасалма чыгаруу менен пайда табуу көпчүлүк кылмышкердин көздөгөн максаты болуп саналат. Айрымдар кытыраган акча үчүн – көз боёмочулукка, уурулук же тоноочулукка, кээде адам өлтүрүүгө чейин барышы мүмкүн. Андайлардын эң эле коопсуз кылмышы – дал ушул акчаны жасалма чыгаруу. Бул көйгөйдү четтетүү максатында баардык мамлекеттердин борбордук банктары эл аралык тажрыйбаларды жана коргоо белгилеринин жаны технологияларын улуттун өзгөчөлүгүн эске алуу менен дайыма изилдеп турат.
Тилекке каршы жасалма акчалар биздин өлкөдө да кездешпей койгон жок. Албетте алар аз санда жана репрография ыкмасын пайдаланып жасашкандыктан сапаты боюнча ото начар болот.

— Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн Улуттук банк кандай аракеттерди көрүп жатат?

-Улуттук банк жасалма банкноттордун таркап кетишин алдын алуу үчүн акчанын дизайнын жана коргоо системасын, коргоо элементтерин улам барган сайын жаңыртып турат. Бирок банкнотко улам барган сайын жогорку эффективдүү коргоо элементин киргизилүү менен чектелип калууга болбойт. Алгач акчанын коргоо элементи жана аны жасалмадан айырмалап билүү тууралуу маалыматты калк арасына жеткирүү зарыл. Ошондой эле нак акча менен кассада иштеген адистерди жана соода кылган жумушчуларды дагы окутуу талап кылынат. Антпесе калктын маалыматы жоктугу жана ишенчектиги аркылуу – жасалма акчанын жайылып кетишине шарт түзүлүп жатат.
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча атайын компаниянын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын адистери тарабынан мектептерде, жогорку жана атайын билим берүүчү окуу жайларда көчмө лекциялар окутулуп турат. Ушул компаниянын алкагында жасалма акча тууралуу плакаттар китепчелер, календарлар чыгарылып, Улуттук банктын аймактарындагы башкармалыктары аркылуу мектептерде, окуу жайларда жана финансылык мекемелерде акысыз таратылып турат.

-Жасалма акчаны кылмышкерлер кандайча жаратып жатышат, аны силер биле аласыздарбы?

-Азыр заманыбыз илимий-техникалык өнүгүү жолунда тургандыктан, басып чыгаруучу жабдуулар өтө эле көп. Кадимки эле түстүү принтердин жардамы менен акча белгилерин чыгаргандар көп кездешет. Биздин эсептөөлөрүбүзгө таянсак, жасалма акчанын 85-90 пайызы эле ушул түстүү басылманын негизинде даярдалат экен. Калгандары электро-фото жана лазердик басылманы колдонушат. Улуттук банкка бир нече ирээт төлөм каражаты катары колдонулган жасалма акчалар алынып келет. Андыктан андан түшкөн чыгымдарды акчанын санына эмес, канча ирээт жүгүртүлгөндүгүнө жараша эсептөө талап кылынат.

-Деги эле жасалма акчаны нак акчадан айырмалай билиш үчүн биринчи кезекте эмнеге көңүл буруш керек?

-Жасалма акча жасагандар биринчи кезекте көзгө көрүнгөн коргоо элементтерин окшоштуруп көчүрүүгө аракет кылышат. Ошондуктан алар эң биринчи кезекте текшериле турган коргоо элементтерин, тагыраак айтсак: суу белгилерин, коргоо тилкесин жана фольганы окшоштуруп көчүрүп келишет. Жасалма акча жасагандар банкнотторго атайлап эскирген түр берип, жасалма экенин жашырууга аракет жасашат. Эреже боюнча жасалма акчаны аныктап билүүнүн жолдору төмөндөгүдөй болот:
• Сүрөттүн так эмес болуп, өзгөрүүсү.
• Сүрөттүн жана жазуулардын рельефи кол менен сыйпалаганда сезилбей калышы.
• Суу белгилеринин жоктугу же начар сапатта болушу.
• Коргоо тилкесинин жоктугу.
• Банкноттун алдыңкы бурчундагы номиналдын цифрасынын жашыруун чагылдырылышынын жок болушу ж.б.
Мындай банкноттун жасалмалыгын аныктоо үчүн чыныгы банкноттун нускасы менен салыштырып көрүү жетиштүү болот. Бирок анын бир гана белгисине ишенип калууга болбой, сөзсүз бардык сизге тааныш белгилерди текшерип чыгуу зарыл. Суу белгисин көңүл буруп карасаңыз, анда нак акча менен жасалма акчанын айырмасын көрүүгө болот. Нак акчанын суу белгиси дароо эле таза жана ачык болуп көрүнөт, ал эми жарыкка салып караганда күңүрт болуп көрүнөт. Ал эми жасалма акчадагы суу белгиси дароо эле күңүрт болуп, жарыкка салып караганда да өзгөрбөй күңүрт бойдон кала берет.

-Жогоруда айтпадыңыздарбы күмөн санаткан акчаны текшерүү керек деп, аны текшерүү канча убакытты алат?

-Шек санаткан улуттук валютадагы банкнотту жана монеталарды эскпертизадан өткөрүүнү Улуттук банктын областтык башкармалыгында иш күндөрү, күн сайын саат 9.00дон 14.00го чейин акысыз жүргүзөт. Ал эми экспертизанын жыйынтыгын чыгаруунун мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпайт. Ушул жерден дагы бир жолу белгилей кетүүчү нерсе, жасалма акчага туш келгенден кийин аны батыраак жок кылууга шашылбаш керек. Анткени акчаны жасалма чыгаргандарга гана эмес, анын жасалмалыгын билип туруп, жүгүртүүгө аракет жасагандарга дагы мыйзам боюнча жоопкерчилик тартылат.

-Ушул жерден кеңири токтоло кетсеңиз, мыйзамда жасалма акча чыгаруу боюнча кандай жазалар каралган?

-Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 198-беренесине ылайык, жасалма акча жасоо, сактоо жана аны жүгүртүүгө чыгаруу үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат. Ошондой эле ири суммада жана бир топ адамдар тарабынан жасалганы аныкталса, андан да катаал жаза колдонулат. Мындай учурда он жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат. Ал эми уюшулган кылмыштуу топ менен жасалма акчаны чыгаруу жана жүгүртүү үчүн он беш жылдан жыйырма жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо каралган.

“Аймак”

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
      1
23242526272829
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17