Аймак

ШЕЙШЕПТЕРДИ ТУУРА ЖУУГАНДЫ БИЛЕСИЗБИ?

ШЕЙШЕПТЕРДИ ТУУРА ЖУУГАНДЫ БИЛЕСИЗБИ?

 3,124 Бардыгы /

ШЕЙШЕПТЕРДИ ТУУРА ЖУУГАНДЫ БИЛЕСИЗБИ?

Ак жибектен тигилген шейшептерди көлөкөгө кургатуу керек: күндүн түз тийген нурунан алар саргайып калат.
Мындай кездемеден тигилген шейшепти жалтыраган баштапкы калыбына келтирүү үчүн жуугандан кийин туздуу жылуу сууга (10 л сууга 1 стакан туз) чайкап коюңуз.
Кызыл жана көгүлтүр түстөгү шейшептердин өңүн сактап калуу үчүн аларды чайкаган сууга бир аз уксус (1 л сууга 1 чоң кашык уксус) кошуп жибериңиз.
Ал эми пушту түстү нашатырь спиртинин, көк түстү аш соодасынын жардамы менен өңүнө чыгарсаңыз болот.
Кара түстөгү шейшептин өңүн сактап калам десеңиз, атайын агартуучу кошулмалары бар (айнадагы көгүлтүр бүртүкчөлөр) каражаттар менен жуубаңыз жана 60°Сден ашпаган температурадагы сууга жууңуз. Кара түстөгү шейшепти акыркы жолу чайкаган сууга бир чымчым туз кошуп жиберсеңиз да өңү жакшы сакталат.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17