Аймак

Сүлүк менен дарылоонун сырлары

 34,477 Бардыгы /

Сүлүк менен дарылоонун  сырлары           Сүлүк курту менен дарылоонун тарыхы
тээ алыскы биздин эрага чейинки убакыттан башталат. Бизге жеткен маалымат
боюнча биздин эрага чейин 1500-300 ж. колдонулганы белгилүү. Биздин эрада
Грециялык окумуштуу врачтар Гиппократ, Гален, кийин черек Ибн Синанын ке
ӊири
пайдалангандыгы белгилүү.

         Кийинки Ренессанс эпохасында
оорууларды дарылоодо медициналык сүлүк өзүнүн жогорку оордун ээлеген. Орустун
улуу хирургу Н.И. Пирогов ке
ӊири пайданылган.

                Ал эми медициналык сүлүк менен
дарылоону Мудров, Захарин, Давидовскийлер өтө кызуу колдогон. Жүрөк жана кан
тамыр оорууларын, ревматизмди, остеомиелит, жаракаттарды, сөөк сынып кеткенде,
эпилепсия сыяктуу ооруларды дарылаганда биртоп жакшы натыйжа алган.

              Кийинки мезгилде химиялык жол менен
алынган дарылардын көптөгөн түрлөрү пайда болгондугуна байланыштуу сүлүк менен
дарылоо унутулуп кеткен.

Акыркы мезгилдеги биохимиялык
жана молекулардык биологиялык изилдөөлөрдүн негизинде медициналык сүлүктүн
адамдын организмине тийгизген өтө чо
ӊ пайдалуу таасир бере турган
касиети бар экендиги аныкталды. Алардын негизгисин атап кетсек гирудин, гиалуранидаза,
эглиндер жана дестабилаза сыяктуу ферменттери бар. Булардын касиетин
жыйынтыктап айтканда негизинен кан тамырлардын ичинде пайда болгон тромбдорду (кан
тамырдын ичинде кандын уюп калышы) эритүү же тромбдордун пайда болушун
болтурбоо касиетке ээ. Булл болсо кийинки мезгилде эл арасында көп тарап кеткен
инсульт, инфаркт миокард сыяктуу ооруларды дарылайт, жана алдын алат.

Ошондой эле кандын басымын туруктуу
кармап, гипертониялык криздерден сактайт же кан басымы жогорулап кеткенде аны өз
калыбына алып келет.

Дагы бир баалу касиети
организмдеги май алмашуу системасын жөнгө салу менен кандагы холестеринди
азайтат, жана кан тамырда пайда болгон атеромотоздук түймөчөлөрдү акырындык
менен азайтат да кан тамырда кандын айлануусун жакшыртат.

Жаш улгайган сайын, кан тамыр
аркылуу жүрүүчү кандын айланышы зат алмашуусу төмөндөйт. Организмде керектүү
заттар жетишпей, ал эми клеткаларда «шлактар» топтоло баштайт. Ал эми
гиалуронидаза сыяктуу ферментер кан тамырды жана аны каптап турган ткандарды
жумшартып денедеги зат алмашууну тездетет. Демек денеге жетишерлик денгелде
кислород, витаминдер, тамак боло турган заттар жетишерлик денгелде келе
баштайт. Денедеги клеткаларга о
ӊ таасирин берип, «карып»
барышын токтотот же төмөндөтөт. Ошондой эле иммундук системасын жогорулатып,
пайда болгон ооруларды азайтат.

Бүгүнкү күндө көптөгөн
ооруларды дарылоонун методтору иштелип чыккан. Айрыкча Европа жана Чыгыш
Европа, Россияда өтө тездик менен ке
ӊири тарап келе жатат.
Кыргызстанда болсо Бишкек шаарында сүлүк менен дарылоо боюнча борборлор бар.

Ал эми бизде элдин арасында
булл эскиден калган табыптардын дарылоо жолдору деп ишенбестик менен карайбыз.
Анткени элдин ичинде сүлүк коюп дарылап жүргөндөр илимдин негизинде иштелип
чыккан дарылоо методдорун билишпейт. Кээде сүлүк койгондон кийин оорусунун
азайганын же айыкканын билбейт. Ошондон кийин сүлүк менен дарылоого эл ичинде
терс ой пайда болгон.

Медициналык кызматкерлердин
арасында сүлүк менен дарылоо боюнча тааныштыгы жок болгондуктан аларда да терс
көз караш бар, ишенишпейт.

Улгайган адамдарда кандай
таасири бар экенин билбесе да сүлүк менен дарылоо булл пайдалуу «собап» болот
деп айтышат.

Бүгүнкү күндө:жүрөк-кантамыр
ооруларды – гипертония оорусу, кардиосклероз, жүрөктүн ишемия оорусу,
тромбофлебит, венанын варикозу, геморрой, нейро-циркулятордук дистония; ичеги-ашказан
оорулары – ич катуу, холецистит, дискинезия, өттөгү ташты, гепатоз, панкреатит;неврология
оорулары – энцефалопатия, баш ичиндеги гипертензия, мигрень, невриттер,
радикулиттер, грыжа диска, полинейропатия, неврозы, баш оорулары, невралгия
ж.б. мурун, кулак, тамак оорулары – гайморит, фронтит, үн угуу нервинин
сезгениши ж.б.ери оорулары – псориаз, нейродерматит, экзема, дененин жана
беттин безеткиси;

сөөк сынганда жана жумшак эттин
жабырланышында, муундардын оорусу өтө тездик менен калыбына келет. Ал эми
жаракат алган жер тез эле анан дагы изи калбастан бүтүшү.аллергия, поллиноз, ар
түрдүү иммундук системанын азайып кетишине байланыштуу пайда болгон оорулар;кант
диабети, өтө семиздик (ожирение), богок бездин оорулары, диатез, подагра ж.б.гинекологиялык
оорулардын сезгениши, аденомиоз, эндеметриоз, киста яичников, климактердик
абал, яичниктердин дисфункциясы, боюнда болбой калу сыяктуу оорулар

Кичинекей газеталык макалаларда
сүлүктүн бардык ооруларды дарылоодо тийгизген о
ӊтаасирин айтып чыгыш кыйын. Дарылоонун врач-специалиси гана жүргүзө алат, жана
ке
ӊири кеӊешин
берет. Сүлүк менен дарылоо химиялык дарылар сыяктуу эле организмге чо
ӊтаасирин тийгизет. Ошондуктан дарылоонун ыкмасын билбеген ар түрдүү
шарлатандардан этият болуу керек. Дарылоодо «зыян алып келбе» деген принципти
кармоо керек. Сүлүк менен бардык ооруларды дарылайт дегенден алыспыз. Иштеп
чыккан илимий-медициналык методикасын билгичтик менен колдонгондо гана пайдалуу
экендигин айтып кетким келет.

Даг бир айта турган нерсе! Сүлүктү
бир гана жолу пайдалануу керек, анткени сүлүк аркылуу бир кишиден экинчи кишиге
көптөгөн ооруларды жугузуп коюшу мүмкүн. Табиятта сүлүктүн түрлөрү абдан көп.
Алардын ичинде пайдалуусу да пайдасы жогу да бар. Медициналык практикада атайын
биологиялык фабрикаларда өстүрүлгөн медициналык сүлүктөр пайдаланылат. Алар
ветеринардык кароодон өткөрүлүп, салмагы, жашы, көлөмү боюнча сертификаттан өтөт.
Белгилүү убакыттын ичинде ачка болуу керек.

Биздин сууларда көбүнчө дарылык
касиети жок сүлүктөр жашайт. Жана алар ар түрдү сүлүктөрдүн оорулары менен
оорушу мүмкүн. Малдын жана ар түрдү айбанаттардын инфекциялык ооруларын
дарыланган адамдарга жугузушу мүмкүн.

 Ошондуктан ишеничтүү жерден гана алуу керек!!!
Базарларда дагы башка медициналык мекемеде эмес санитардык талапка жооп
бербеген жерлерде сүлүктү көтөрүп жүрүп эле коюп турушат. Сүлүктү атайын даярдыктан
өткөн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын
берилген уруксат-сертификаты бар адистерден жана санитардык-эпидемиология
кызматкерлеринин көзөмөлүндө турган мекемелерден гана алуу керек.

 

 

Гирудотерапия боюнча адис                                                                     Кадырбек  Эргешов

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17