Аймак

ДАРТКА ДАБАА БАКА ЖАЛБЫРАК

ДАРТКА ДАБАА БАКА ЖАЛБЫРАК

 43,891 Бардыгы /

Кадимки биз көрүп жүргөн бака жалбырактын көп кырдуу дарылык касиети бар.

Ал суук тийгенге каршы жана жараны эрте айыктыруучу касиетке ээ. Кадимки өпкө оорусунун айыгышына да чоң жардам берет. Бака жалбырактын суудагы демделмеси жана кайнатмасы дем алуу органдары ооруган учурда (өзгөчө бронхитте жана кургак учукта) какырыкты жумшартып чыгарып, дем алууну жеңилдетет. Ичеги-карын катуу сезгенгенде, гастритке колдонсо оң натыйжасын берет. Андан сырткары согончоктун чоруна, кесилип кеткен жараатына бака жалбыракты тартса айыгуусуна көмөктөшөт.

Бул дарылык касиети бар чөптү жазы жалбырактуу чоң жалбырактарынан гүлдөй элек кезинде кесип алып салкын, күн тийбеген жерде кургатып алса болот.

Колдонуу ыкмасы: Кургатылып, майдаланылган бака жалбырактан 1 аш кашык алып, аны 1 стакан кайнак сууга 15 мүнөт демдеп, күнүгө тамак ичээр алдында 3 аш кашыктан ичүү керек.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17