Аймак

Ден соолук өмүр булагы жана биринчи байлык.

 284,675 Бардыгы /

Жашоодо биринчилерден болуп адам баласына эмне керек деген суроого – баарыбыз эле билгендей чын ден-соолук деп жооп бере алабыз,- эгерде өзүңдүн, үй-бүлөңдүн, тааныш досторуңдун айлана чөйрөңдө жашаган элдин ал-акыбалы, ден-соолугу чын болсо, анда адамдын бактылуу болуусу бул факт. Негизги маселе- азыркы глобалдаштыруу учурунда, кантип ден-соолукту чыңдоо же жараткан берген жашоону кантип бийик сактоо, жамандыктардан алыстоо маселеси. Азыркы учурда элибиз, ар түрдүү тиричилик факторлорунун көйгөйлөрүнөн, көр тиричилик менен убара болуп, эптеп-септеп акча таап, бала-чакасын багуунун аракетинде жүрүп, ден-соолугун кароого, аны чындоого, оорунун алдын алуу үчүн,- убагында дасыккан дарыгер адистерге көрүүнү жөнүндө ойлоп да койбогон жарандар толтура.

Биздин мамлекетте, адис социологдордун тактамасы боюнча 25%дай элибиз салыштырмалуу жакыр жашоодо. Оорукчан адамдардын көп эсеси ушул катмарда жашаган жарандар, булардын ичинен оорунун кесепетинен-майыптыкка чалдыккан адамдардын саны – акыркы учурларда кескин өсүүдө. Коомдук чын ден-соолук бул- мамлекеттин байлыгы, ресурсу, резерви, ал ар бир коомдо жашаган жеке адамдын өзүнүн ден-соолугун чыңдоого аны коргоого, жакшыртууга абдан тыгыз байланыштуу. Мисалы: чын ден-соолук жана узун өмүр – булар бири бирине байланыштуу, биз айтабыз ден-соолуктун чын болуусу- тубаса сапаттардан же болбосо генетикалык акыбалга байланыштуу деп, бирок ар бир адамдын жүрүш-турушуна, жашоо образына, гигиеналык жашоо турмушуна байланыштуу – көптөгөн риск факторлор, толгон токой себептер биздин жашообузда толтура. Эгерде биз жашоодогу риск факторлорду эске алсак, – азыркы учурдагы глобалдык масштабда, өндүрүштүн кескин тез өсүүсү- бул бир жагынан дүйнө элинин турмуш тиричилигинин алдыга жылуусуна, комфорт жашоого алып келүүсү абзел, ошол эле учурда экологиялык катастрофаларды жаратуусу турган кеп.

Жылдан жылга жүрөк, кан тамыр оорулары, онкологиялык (шишик), эндокриндик оорулары көбөйүүдө, автомашиналардын көбөйгөнүнүн себебинен – көптөгөн авариялар болуп, анын оор жаракаттарынын кабылдоосунан майып адамдардын саны өсүүдө. Авто авариянын негизги себептери- автомашиналардын көбөйүүсү, айдоочулардын профессионалдык деңгээлинин төмөндүгү, жолдордун начарлыгы- – ушулардын кесепетинен оор жаракаттар болуп, айрыкча бут, кол, баш сөөктөрү жабыркап, алардын негизинде – майыптык аныкталууда, баса белгилеп кетүүчү нерсе жаракат алгандардын арасында эң эле көп майыптык- булар башынан жаракат алгандар. Эми азыркы глобалдык урбанизациянын кесепеттерине алып келүүчү нерселер абдан эле көп, биз колдонгон тиричилик техникалардын көбү эсе- химиялык заттардан жасалган (мисалы: краскалар, жуучу порошоктор, тиричилик шаймандары, тамак аштарды консервациялоо, ГМО). Азыркы учурда- бар оорунун күчөткөн , жок ооруну пайда кылган миңдеген көйгөйлүү маселелер толуп атат, тамеки тартуу, алкоголь, гиподинамия, замандын стресси, ГМО (генетикалык жемиштердин модификациясы, аш-тамактардын көп сакталуусу үчүн колдонулуучу консерванттар), семирип кетүү, анитсанитария, убагында радикалдуу дарыланбоо, оорунун күчөп- өнөкөт оорууга өтүп кетүүсү.

Адамдын оорукчан болуусуна, ушул факторлор түздөн түз таасир этүүсү мүмкүн. Мен элиме кайрылат элем- ооруну жок кылуу мүмкүн эмес, бирок аны өзүбүздүн күчүбүз менен азайтууга бизде мүмкүнчүлүгүбүз бар, булар мындай: биринчиден туура тамактануу, көп кыймыл аракет кылуу, тамактанууда натуралдык азык-түлүктү балансировкаланган түрдө тамактануу, жер жемишти көп колдонуу, толуп семирип кетүүдөн сактануу (майлуу оокаттардан алыстоо), активдүү дем алуу, болбогон көйгөйлөргө ызырынбоо, чыр чатактан алыстоо, эң негизгиси жаман адаттан сырткары болуу (тамеки тартуу, наркомания, алкоголизм), жогоруда көрсөтүлгөн факторлорду азайтуу ар бир адамдын өзүнө болгон сыйына, ченине (критерий) жараша болот. Баса кетүүчү нерсе, чындыгында бул негативдик факторлор- мамлекеттин экономикалык, социалдык, саясаттык өнүгүүсүнөн, үрп адатынан, салтынан түздөн түз таасирленет. Мамлекетибизде, эл менен бирге, кайсыл гана мекемеде, айыл өкмөттөрдө болбосун биринчи учурда спортко көңүл буруубуз баарыбыздын парзыбыз, спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн- машыктыруучуларды даярдоо азыркы учурдун негизги талабы, принциби. Дени сак адамдын духу, энергиясы таза дегендей,- ар бир адам рухий жактан, физикалык, моралдык жактан өзүбүздүн жеке инициативабыз аркылуу тазалануубуз керек. Негизги ден соолуктун чыңалышынын түпкү тамыры ушуларда. Жашоо болгондон кийин сөзсүз түрдө, адамдын аракетинен сырткары, табияттын кырсыктары, жаман окуялар да түздөн түз майыптыктын, оорунун көбөйүүсүнө шарт түзөт, ал үчүн медицина тармагы күчтүү болуусу турган кеп, оорууну өнөкөт оорууга алып келбөө үчүн , аны радикалдуу дарылоо ар бир эле медициналык мекеменин колунан келе бербейт, кайсыл бир пайызда толук дарылоого мүмкүн6 болбогон оорунун түрлөрү болот- мындай учурга алып келүүчү көптөгөн факторлор бар: -оорукчан адамдардын медициналык мекемелерге кеч кайрылуусу, айрыкча шишик, жүрөк кан- тамыр, без оорулары (эндокриндик), мисалга кан басымы бийик, же болбосо кандагы канттык көбөйүүсү- оорукчан адамдын өнөкөт ооруларынын күчөөсүнө, ошондой эле фаталдык акыбалдарга келишине түз мишень катары таасир этет. Кант оорусу менен ооруган киши 3 эсе инфарк же инсульт болуп калуусу бул турган кеп. Менин элиме айта турган кеңешим мындайча, жашоо турмушуңуздарда – биринчи аракетиңиздер ден соолукту көздүн карегиндей сактоо, убагында дасыккан адис дарыгерлерге корунуу, дарылануу, алдын ала текшерилүү, эгерде майыптыкка чейин жетсе- мүңкүрөп отуруп калбоо, аракет кылуу, социалдык мекемелерден толук кандуу жардам алуу, алардан талап кылуу болуп эсептелет.

“Aymak.kg”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17