Аймак

ЖАШАРГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ? АСПИРИН МАСКАСЫ

 10,724 Бардыгы /

 

Эгер сиз бетиңизди жакшыртып жашаргыңыз келсе, төмөндөгү 2 ыкманын бирин жасап бетиңизге кам көрсөңүз болот.

1-ыкма.

Керектүү кошулмалар: Аспирин, туз, бал, лимон, көк топурак (глина, аптекада сатылат).

Даярдоо жолу: 6 таблетка аспиринди жылуу сууга салып коюп, ага бир чымчым деңиз тузу, бир чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырыңыз. Андан кийин жылуу бир чай кашык бал, артынан бир чай кашык көк топуракты (глина) себелеп жакшылап ботко абалына келгенге чейин аралаштыруу керек.

Бетке 10-15 мүнөт кармоо керек. Мындай маска майда бырыштарды тез эле жок кылат.

2-ыкма.

Керектүү кошулмалар: Аспирин, бал.

Даярдоо жолу: 4 даана аспиринди жарым чай кашык жылуу сууга ээритип, ага жарым чай кашык жылуу бал кошуп аралаштыруу керек. Бетке 10-15 мүнөт кармоого болот. Бул маска бет терини зыяндуу заттардан тазалап жашартат.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17