Аймак

Нарбеков Оморбай, академик: “Чөп дарылар менен рак оорусун айыктырабыз

Нарбеков Оморбай, академик: “Чөп дарылар менен рак оорусун айыктырабыз

 25,448 Бардыгы /



Адам баласынын башкы байлыгы ден соолук эмеспи. Замандын өзгөрүшү менен дарттын түрү көбөйүп, көп адамдар кара жанына арачы таппай даба издеп жүрүшкөнү турган иш. Дарыгерлердин күчү жетпеген ооруларды мекенибиздеги түрдүү дары чөптөр менен айыктырып, эл оозуна алынган бир дабагер бар. Ал – академик Нарбеков Оморбай Нарбекович.


– Дары чөптөр менен дарылап жатканыңызга канча жыл болду? Өзүңүздүн медициналык билимиңиз барбы?

– Мен мединституттун дарылоо факультетин 1965-жылы кызыл диплом менен аяктагам. Замандын өзгөрүшү менен айыкпас оорулардын түрү да күч албадыбы. “Андай илдетке кабылгандарды кантип айыктырса болот? Кыргызстандын жаратылыш байлыгынан кандай дары-дармектерди жасаса болот?” деген демилгени көтөрүп чыгып, ушул маселе менен отуз жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатам. Бүгүн көзгө көрүнөрлүк, колго аларлык ийгиликтер жаралып жатат. Биздин дарылар кыргыз эли үчүн аябай эле кызмат кылууда. Негизи, доктурлар айыктырган катардагы оорулар бизди кызыктырбайт. Биз адам баласына өтө кооптуу оорулар, башкача айтканда, айыкпаган ооруларга даба издеп жүргөн адамдарды дарылайбыз. Ал гана эмес, өмүрүн чектеп ооруканадан чыгарып салган жарандарыбызды бутуна тургузуп, эл арасына кошкон учурлар кездешти.

– Дарыларыңызды өзүңүз жасайсызбы? Керектүү чөптөр кайдан алынып келинет?

– Биз антибиотик колдонбойбуз. Дарыларыбыздын бардыгын Кыргызстандын жаратылышынан алынып келинген чөптөрдөн өзүбүз жасайбыз. Жаратылыштын вирустарга каршы турган заттары бар. Ошол чөптөрдүн курамында өзүнүн антибиотиги болот. Биз ошону гана колдонобуз. Буга чейин чөптөрдү тааныган атайын адистерди окутуп даярдаганбыз. Ошолор чөптөрдү убагы менен терип, кургатып анан бизге алып келип өткөрүшөт. Дары чөптөрдү өндүрүүнүн экинчи ыкмасы – бул атайын өстүрүү болуп саналат. Мурда Ысык-Көлдө Арашан деген совхоздо чөп өстүргөн атайын жер бар болчу. Ошондой кылып багып өстүрүп, ошол ыкманы жайылтып жатабыз. Өзгөчө Нарын областынын Ат-Башы районунан чөптөрдү өстүрүшүп, бизге көп тапшырышууда.

– Эшиктин алдында кезекке турган адамдардын саны өтө эле арбын экен. Алар кайсы оору менен көп кайрылып жатышат?

– Биз айыктырган эң башкы оору бул – шишик оорулары. Азыркы кезде өтө күч алган дарт болуп аялдардын эмчегинин шишиги (мастопатия) саналат. Бул шишиктин эки түрү бар. Биринчиси бат өскөн шишик болсо, экинчиси жай өскөн шишик. Аны онкологдорго, гинекологдорго же хирургдарга көргөзсө, дароо кесип салабыз дешет. Ал эми биз андай ооруларды бычак тийгизбестен, чөптүн күчү менен дарылап айыктырабыз. Өткөн жылы эки эмчегинде тең шишиги бар бир аял келиптир. Доктурлар аны эки-үч күндө операция кылышмак экен. Мен “операцияга бербей эле кой. Мен сени айыктырам” дедим. Ошентип, ал аял биздин дарылар менен алты-жети ай дегенде айыгып кетти. Мындай айыкпас дартка чалдыгып, бирок, сакайып кеткен адамдар өтө көп.

Боор оорулар (эхинококкоз, альвеококкоз) илдетин толук токтотобуз. Ал эми кургак учук менен жабыркагандарды “доктурлар берген дарылар менен катар биз берген дарыларды ичсеңер элүү пайызга эртерээк айыгасыңар” деген кеңешибизди берип, дарылап келебиз. Гепатиттин көп түрлөрү менен ооругандарды айыктырдык. Андан тышкары көп жерде бөйрөк оорусунан жабыркаган адамдар гемодиализ аппаратына жатып дарыланып жатышпайбы. Биз ошол кооптуу ооруга даба болуп берчү дарылардын жардамы менен жана өзүбүздүн ыкма менен айыктырып жатабыз. Азыркы тапта жаш кыз-келиндер жатындын шишигинен (миома, киста, эндометриоз) көп жабыркап келишүүдө. Булардын айыгуусуна толук мүмкүнчүлүк бар. Ревматизм, кызыл жүгүрүк, сөөк-муун оорусу, тери ооруларына кабылгандардын да айыгып кетүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк бар. Болгону узагыраак убакыт керек жана биздин берген дарыларды үзгүлтүккө учуратпай ичиши зарыл болот. Кыскасы, адамдын өмүрүнө коркунуч келтире турган оорулардын маселесин жана коомубуздагы чоң көйгөйдү чечтик десем болот.

Эминбаева Динара:

– Менин оорум 2007-жылы кеч күздө кокусунан башталган. Биринчи сасык тумоо деп ойлоп үйдө дарылангам. Бирок, оорум күчөгөндөн күчөп тизем бүгүлбөй, буттарым ооруп туруп алды. Ооруканага көрүнсөм склеродермия дешти. Ал жерден бир ай дарыланып чыктым. Доктурлар ар бир айда көрүнүп турасың дешти. Ошентип, 5 жыл доктурлар айткан дары менен дарыланып жүрүп, кийин барсам диагнозум полиартрит болуп чыкты. Ошол учурда буттарым араң эле шилтенчү. Бир ай үйдө болсом, бир ай ооруканада жүрүп акыры доктурлар берген дарыларды ичүүдөн баш тарттым. Кийин баспай калдым, денем болсо карарып кетти. Барбаган бүбү-бакшы, молдо, элдик табып дегендер калган жок. Акыры Оморбай агайды элден угуп, келип көрүндүм. Өзүнүн палатасына жаткырып, өз көзөмөлүндө дарылады. Үч ай дегенде табитим ачылып, сыртка басып чыга баштадым. Башында оң жак, сол жак капталдарым сайгылашып, сөөктөрүм сыздатып ооруп турчу эле. Антип оорубай калды. Кулагымдын чуулдаганы басылып, кызарган терилерим калыбына келе баштады. Энтиккеним да басылып, бир топ эле өзгөрүү болду. Менин оорумду дарылоодон доктурлар баш тартып коюшкан. Бул жерден айыкканым мен үчүн эле эмес, медицина үчүн да чоң ачылыш болду.

Исакова Кынабүбү:

– Менин жашым 75ке келип калды. 1997-жылы өтүмдү алдырткан элем. Ошондо өтүмдө гана эмес, боорумда да олуттуу оору бар экенин доктурлар айтышкан. Кийин боорум чоңоюп, ичим шишип кетти. Бир жолу балдарымдын жакшылыгы болуп кудага барып калдым. Ошол жактан өзүмдү жаман сезип, приступ болуп ооруканага араң жеткем. Ооруканадан доктурлар альвеококкоз деген диагноз коюп, ал оору боордун көп жерин ээлеп алганын айтышты. Хирургдар “операция жасабайбыз, көтөрө албай каласыз, анын үстүнө бул оору мүнөт сайын өсүп жатат” деп баш тартып дары жазып берип кетирип жиберишкен. Ал дарыларды ичсем ичим көөп, ого бетер семире баштаганымдан токтотуп койгом. Ошондон кийин өз жанымдан үмүт этпей, жашоом бүттү деп калгам. Кийин 2007-жылы Оморбай Нарбековдун дарылары жөнүндө угуп кыздарым алып келип көргөзүштү. Бул жерден “Кара бото”, “Боз бото”, “Чагылган”, “Тез жардам”, “Тамчы”, “Бальзам” деген чөп дарыларды алып, ошол күндөн ушу күнгө чейин дарылап келе жатат. Баса да, отура да албай калдым эле. Минтип отуруп, кадимкидей басып, шишигим тарап, ооруган жерлерим басылып жеңилдеп эле калдым. Боорумда рактын шишиги да бар экен. Мына ошонун баарынан чөп дарылар сактап келе жатат. Башында дары чөптүн көп түрүн ичсем, азыр “Бальзам” менен “Тамчы” деген эки дарыны ичип жүрөм. Беш жыл мурун доктурлар өмүрүмдү чектеп, ооруканадан чыгарып койгон мен азыр аман-эсен жашап жатам. Көрсө, “рак” оорусун айыктыра турган даба өзүбүздүн жерибизде бар экен да. Өмүрүмдү кайрып берген адамга эмне деп алкыш айтаарымды да билбейм. Негизгиси, Кудайым ишине ийгилик берсин.

Токтоноев Орозбек:

– Менин тамакка болгон табитим начарлап, ооруй берип кийин киши тааныгыс болуп арыктап кеткем. Ооруканага барсам, текшерип көрүп “гастрит” деген диагноз коюшкан. Андан дарылансам деле болбой кийин оорунун айынан баспай калдым. Жалпы диагностикалык текшерүүдөн өтсөм уйку безим менен боорумдан альвеококкоз деген оору бар экенин далилдеп чыгышып, онкологияга жиберишти. Ал жердеги доктурлар операция кылабыз дегенинен “операциядан чыкпай калсаңыз эмне болот? Бычак тийген соң ага кепилдик жок да, кайра ооруп калсаңызчы?..” деп балдарым операцияга каршы болуп туруп алышты. Кийин Оморбай Нарбековду угуп бул жакка келсек, доктурлар чыгарып берген анализдеримди карап, өзүнүн чөп дарыларынан берди. Ал дарыларды ичип баштаганда он беш күнчө таасирин берген жок. Бир топ убакыттан соң тамакка табитим тартып, ооруган жерлерим басылып, өзүмдү жакшы сезе баштадым. Бир курстук дарылануум аяктаган соң ооруканага барып кайра текшерилдим. Доктурлар таң калуу менен “жакшы болуп калыпсың, ооруң айыгып баратыптыр, жылыш бар” дешти. Экинчи курс дарылануумду уланттым. Баспай калган жаным эми минтип жүгүрүп жүрөм. Тамакка болгон табитим ачылып, азыр Кудайга шүгүр. Азыр бардык тааныштарым менин айыкканымды көрүп Оморбай Нарбековго келе башташты.

Жаз-Айым Айдекова

Булак: Леди.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17