Аймак

Кызамыктан сактангыла!

 6,294 Бардыгы /

Кызамыктан сактангыла!
Фото:WWW.

2015-жылдын башталышы менен эле жалпы республикада кызамык оорусунун кескин өсүүсү байкалып эпидемиялык абал курч мүнөзгө өттү.
Мына ошондуктан урматтуу окурмандар сиздердин көңүлүңүздөрдү төмөндөгү оорунун алгачкы белгилерине бурабыз,эгерде ушул белгилер сизде пайда болсо сөзсүз дарылоо мекемелерине кайрылыңыз!

Кызамык – бул өтө тез таралуучу жугуштуу оруулардын катарына кирип,оорулуу адам менен карым катнашта болгон адамдардын 99 пайызына жугат.Кызамыкты жугузуучу вирус орулуу адам дем алганда,чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оозунан чачыраган шилекей бүтүкчөлөрү аркылуу жугушу мүмкүн.Оорулуу адам терисине кызыл бүдүрлөр чыгаардан 2 күндөн 4 күно чейин жана денесине бүдүрлөр чыккандан кийин 4 күнгө чейин өтө жугуштуу болуп эсептелинет.Ооруну жугузуп алгандан кийин оорунун жарышуун мезгили (инкубационный период) 10-12 күнгө чейин,кээде 7-күндөн 18 күнгө чейин созулушу мүмкүн.Жашыруун мезгил өткөдөн кийин адамдарда төмөндөгүдөй белгилер менен (денени чыйрыктырып,алын курутуп,жөтөлүп,көздү оорутуп,кызартып,мурундун суусун агызып) башталат.Ооз көңдөйүндө Коплик темгилчеси пайда болуп 1-2 күндөн кийин кайтып кетет.2-4 күндөн кийин бетине жана кулактын артында кызыл түстөгү бадырайган бүдүрлөр пайда болот.Мына ушул мезгилде дененин теипературасы 39-40,5градуска чейин көтөрүлүп оорулуунун абалы кескин начарлайт.Кызыл бүдүрлөр моюнга денеге,кол буттарга жайылат да 4-6 күндөн кийин чыккан тартиби менен бетинен баштап кете баштайт.Ал эми жаш балдардын арасында кызамык бираз өзгөчөлөнүп чыгышы( ичи өтүп,бездеринин чоңоюшу) да мүмкүн.Жалпы ооруган адамдардын 30 пайызында кызамыктан кабылдоолор байкалат алар көбүнчө (өпкөнүн,мээнин, кулактын,көздүн кабылдашы).Жаш балдардын арасында кызамыктын кабылдоолорунан 3-6 пайызы өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.
Жогоруда айтылгандардын алдын алуу үчүн биздин медицина мекемелеринде кызамыка жана кызылчага каршы эмдөөлөр бекер жүргүзүлүүдө жана балдарды өз убагында эмдөө зарыл!
Сиз өзүңүз жердеги медицина мекемесине кайрылып 1 жашка жана 6 жашка толгон балдарыңызды сөзсүз эмдетиңиз!

Арыкбаев А.У. Жалал-Абад ШОАА жана МСЭКБнун
эмдөө бөлүмүнүн башчысы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17