Аймак

Варикоз инфаркт менен инсультка жеткирет

 26,033 Бардыгы /

Варикоз инфаркт менен инсультка жеткирет

Буттун тынымсыз оорушу, кан тамырдын көөп көзгө жагымсыз көрүнүшү варикоздун негизги белгилери. Бул ооруга убагында кам көрүлбөсө өрчүп отуруп жүрөккө, мээге күч келтирип өмүргө кооптонуу жаратат.

Варикоз – медицина тилинде тамырлардын көөп кетиши деп түшүндүрүлөт. Бул дартка адатта айымдар көп чалдыгышат. Варикоз илдети адамдарга мүнөздүү. Бир да жаныбарда мындай оору катталган эмес. Анткени алардын денесинин салмагы төрткө бөлүнсө адамдардыкы экиге гана бөлүнөт. Эгер аталган дарттын алдын албаса ар бир бешинчи аялдын кырк жашка барганда кан тамырлары чыгып жагымсыз көрүнүп баштайт. Тилекке каршы бул оору жыл сайын жашарып бара жатат. Бул ооруну алдын алууга мүмкүн эмес. Флебологдордун айтымында варикоз тукум куучулук жолу менен да өтөт. Ошентсе да бутка туура кам көрүп бул ооруну 50-55 жашка чейин кечеңдетсе болот.

Баары туура тамактануудан башталат

Организмде жүрөккө кан ташуучу жоон кан тамыр (вена) клапандары бар. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар ар кандай себеп менен (туура эмес тамактануу, туура эмес жашоо эрежелери, организмдин бузулушу ж.б.) жабылып, канды чыгарбай калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсы бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам жоон кан тамырлар серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп кеңейип кетет. Кеңейген жерлерге түйүндөр пайда болуп, ал терини тээп тултуюп көрүнүп калат. Бул белги варикоз оорусунан кабар берет. Буттун кан тамыры көөп, басканда, чуркаганда, кыймылдаганда күч келтирип оорутат.

Варикоздун белгилери

• Буттун кан тамырлары лукулдатып ооруйт, тарамыштар тартылып, бут тырышат.

• Бут кийимди чечкенде кызыл ашыктын тегереги, томуктар шишип чыгат, ысытып ооруйт.

• Бут талып салмактанып, балтырлар чымырайт.

• Буттун терисинин өңү кескин өзгөрө баштайт.

• Бут оңой менен ысык-суукту сезбей, дайыма уктап калган абалда болот.

Абайлабаса арты жаман

Варикоздун бирден-бир себеби аз кыймыл, дайыма бир орунда отуруп иштөө, оор буюмдарды көтөрүү болуп саналат. Жыныстык гормондор бузулганда же өзгөргөндө өзгөчө аялдарга коркунучтуу шарт түзүлөт. Аял кош бойлуу кезинде салмак кошкондон улам кан тамырларга күч келиши күтүлөт. Көпчүлүк айымдардыкы бир жылдан кийин калыбына келсе айрымдардыкы кайра калыптанбай калышы мүмкүн. Варикоздон улам аял төрөттөн эрте калган учур парктикада кеңири кездешет. Варикоз оорусу барлар күнгө күйгөнгө, мончого барганда, тар ич кийим кийгенде оорусу өрчүшү мүмкүн. Себеби тар ич кийим жамбашты кысып, ал жерде кан топтолуп оорунун өрчүшүнө алып келет. Ал эми мончого барганда же күнгө күйгөндө кан тамырда уюп турган жандар жибип, жанданат. Алар организмдеги канга аралашып жүрөккө жетсе инфаркт, мээге жетсе инсульт алып келиши мүмкүн.

Варикозду дарылоо жолдору

Ооруну замандын талабына жараша дарылоонун да түрү болот. Ал түрү сиздин ооруңуздун деңгээлине жараша каралат.

• Склеротерапия – ичке ийненин жардамы менен буттун кан тамырына склерозант куюлат. Жаракат кеткен муунду бириктирип, ашыкча канды чогултпайт. Дарылоонун жыйынтыгында варикоз 3-5 жумада жоголот, өтө чоң кан тамырларды 3-4 айга чейин дарылоого туура келет. Бирок бул дарылоону жыл сайын кайталап туруу кажет.

• Лазердик терапия- дарылоонун эң ыңгайлуу түрү. Лазердин жардамы менен көөп кеткен кан тамырларды калыбына келтирсе болот. Жакшы жагы эч кандай ийне сайылбайт, жаман жагы варикозду лазер менен дарылоого узак убакыт талап кылынат.

• Хирургиялык жол – операциянын бир түрү. Өтө өрчүшүп, оорлошуп кеткен учурда хирургиялык жол менен дарыласа болот. Жаман жери дарылоодон кийин бутта тигилген жердин тактары калат.

• Гирудотерапия- сүлүк курттун жардамы менен дарылоо. Эң зыянсыз жана натыйжалуу ыкма болуп саналат. Алардын шилекейинде пайдалуу ферменттер бар болгондуктан бул ыкманы азыр медицинада кеңири колдонушат. Буга көп убакыт бөлүп 6-8 сеанс жасатуу керек. Бир айда эки жолу кайталап бир жылга жакын дарылагандан кийин гана варикоздон арылуу мүмкүнчүлүгү бар.

Варикозду өрчүтпөө боюнча кеңеш

Бул ооруга кабылбаш үчүн же кабылсаңыз да өрчүтпөө үчүн төмөнкү эрежелерди эске алган оң. Ун, таттуу азыктарды аз жеп, туз, кофеге чектөө коюу керек. Кош бойлуу айымдар ашыкча тамактануудан карманыңыз. Буттун кан тамыры, өзгөчө балтыр жак көөп калса атайын массаж сымал ушалап туруу керек. Бутту кайчылаштырып олтурган адатыңыз бар болсо андан тез арада арылуунун жолун издеңиз. Варикоздун пайда болушунун бирден-бир себеби бутту кайчылыштырып отуруу. Сауна, мончого сейрек барып, бир күндө эки жолу бутту муздак сууга салып туруу керек. Кечке бийик така менен жүрсөңүз кечинде бутту аш туз салынган жылуу ванна жасаган пайдалуу. Бутту өйдө асып он-он беш мүнөт жата турган да жакшы натыйжа берет. Жогорудагы аталган кеңештер варикоздун өрчүп кетпешине гана жардам берет.

Бутуңуз менен чуркап жан багып, акча таап жаткан соң убактыңызды аябай жылына бир жолу дарыгер-флебологдун көзөмөлүнөн өтүп туруңуз.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17