Аймак

Сарыктан сактаныңыз

 42,801 Бардыгы /

Сарыктан сактаныңыз

Гепатит же сарык жугуштуу ооруларга кирет. Мында боордун вирустар жана организмдеги уулуу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болот. “А” гепатитин сарык оорусу же жугуштуу гепатит деп да аташат. Бул – гепатиттин жөнөкөй түрү, анын оор кесепеттери жок. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот. Ал ооз жана кир колдор аркылуу да жугат. Вирустан улам боордун сезгенүүсү жугуштуу гепатит деп аталат.

Анын учурда А, Е, Б, D, С, F, G деп аталган 7 түрү белгилүү. Вирустук гепатит жугуштуу оору болуп саналгандыктан, негизинен боордун торчолорун бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга кедергисин тийгизет. 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук гепатиттин А деген түрү кездешет. Гепатиттердин арасында А вирустук гепатити 6 жашка чейинки балдарда 90 пайыз, 6-14 жашка чейинки балдарда 50 пайызга чейин болот. Бул мектептеги жана балдар бакчасындагы балдардын санынын бир имаратта көп болушу, жай, күз айларында мөмө-жемиш бышкан чакта аларды жууп-тазалап жебегенден улам болот. Вирус гепатити ичеги жугуштуу ооруларындай эле адамдын организмине ооз аркылуу тамак-аш жегенде жана арыктардан суу ичкенде кирет.

Ал айлана-чөйрөгө оорулуунун заңы менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымындар гепатиттин таралышына өбөлгө түзөт. Анткени вирус салкын абада көбөйө баштайт. Ошондуктан ар бир адам ден-соолугуна өзгөчө кам көрүшү керек. Азыр көчөдө тамак-аш сатуу көбөйдү. Өзгөчө базарларда көчө бойлото санитардык талапка жооп бербеген тамак-аштар сатылганын көрүп жүрөбүз. Мындай тамактарды жегенден кийин сарык оорусунун башталышына себепкер болот. Ошондой эле, бул оору кайнатылбаган, тазаланбаган суудан жугат. Өзгөчө алыскы региондордо арыктагы суудан ичишет. Андан ар кандай вирустарды жугузушат. Бул сарык оорусунун башталышына жол ачат.

Сарыкты жугузуп алган оорулуунун температурасы 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси саргая баштайт. Алгач оору бир жума аралыгында көп билинбейт. Көпчүлүк адамдар сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат. Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А гепатитинде температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт.

Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили өкүм сүрөт, бул мезгилде дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн склерасы (агы) саргаят, зааранын өңү кочкул тартып сыранын өңүнө окшоп калат, заңдын түсү болсо агыш тартат. Дарыгер боордун тушун басып көргөндө ооруйт. Бул учурда бейтапты ооруканага жаткыруу зарыл.

С гепатити боорду шишитет

С гепатити кан аркылуу жугат. Ал көпчүлүк учурда байкала бербей, акырындап өнөкөткө айланып кетет. Тилекке каршы, стоматологиялык кабинеттерден, маникюр салондорунан, татуировка-студияларынан (денеге сүрөт тарткан), ал турсун, хирургиялык жана гинекологиялык аспаптарды тазаланбаган шартта колдонууда да жугуп калган учурлар көп кездешет. Текшерүүнүн бардык көзөмөлүнөн өтпөгөн кан куйдурууда абдан коркунучтуу болуп саналат.


Тазалыкты сактаңыз

Бул ооруну дарылаганга караганда ооруну алдын алуу кыйла жеңил. Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланыштуу. Бул өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу сунушталат. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү пайдаланарда, сөзсүз жууп алуу зарыл. Эң башкысы – тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү керек. Коомдук тамак-аш сатуучу жайларда, базарларда даярдалган тамак-аш даярдоо санитардык нормага туура келиши керек.

Диета кармоо маанилүү

Бул жугуштуу ооруда диета кармоо өтө маанилүү. Туздуу, ачуу, куурулган, консерваланган тамактарды жегенге болбойт. Жашылча, жер-жемиштер, сүт, кычкыл эмес быштак, тузу жок нан, сүрсүбөгөн, кайнатылып бышырылган майы жок уйдун этин, тооктун этин жеш керек. Жер-жемиштин кактарынан, өзгөчө өрүктүн кагынан жасалган компотторду ичкен пайдалуу. Диетаны бузбай аткарган бейтап бат айыгат.

Кайыргуль Райымбек
Булак -“Кабар Ордо”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17