Аймак

Тамырчыдан кеңеш: ВАРИКОЗ

 14,986 Бардыгы /

Тамырчыдан кеңеш: ВАРИКОЗВАРИКОЗ – кан тамырлардын кеңейиши же көөп кетиши дегенди түшүндүрөт. Кыскача айтканда кан тамырларда кан айлануу системасынын бузулушу. Баарыбызга белгилүү болгондой, дененин кайсылдыр бир бөлүгүндөгү кан тамырларда кан өз нугунда айланбай, уюп калат. Мунун кесепетинен дененин маанилүү бөлүктөрүнө кан өз өлчөмүндө жетпей, ар кандай оорулардын пайда болушуна себеп болот.
Дүйнөлүк статистика боюнча варикоз менен калктын 40 пайызы ооруйт. Алардын 10%ы эркектер , 30%ы аялдар.
Варикоздун пайда болуу себеби: гормоналдык өзгөрүү, аз кыймылда болуу, көп учурда жармашкан шымды (джынсы) кийүү, химикат дары-дармектерди жана азык оокаттарды көп кабылдоо, ар убак туруп же олтуруп бир калыпта иштөө, оор жүк көтөрүп бутка күч келтирүү, адаттан тышкары семиздик, ашынган аллергиядан да пайда болушу мүмкүн, кош бойлуу кезинде ашыкча салмак кошуу же төрөө маалында көп кыйналгандыгы себептүү кан тамырларга күч келүүсү, айрым бир адамдарда тукум куучулук (тубаса) болушу да мүмкүн.
Варикоз кай жерде пайда болот?
Варикоз – бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, ички органдарда, бут жана жыныстык органдар да пайда болот.
Варикоз менен ооруган адамга тыюу салынат: парда көп олтурууга, жармашкан, чыпташкан шым кийүүгө, спирттик ичимдиктерди ичүүгө, кыймылсыз көп тике турууга же олтурууга, бат даярдалуучу тамактарды жегенге, химикат дарыларды көп кабылдоого, оор көтөрүүгө ж.б…
Варикоздун алдын алуу жана дарылануу жолу: таңкы таза абада сейилдөө, көнүгүүлөрдү жасап, денени чыңдоо, ар бир мөмө-жемишти өз мезгилинде тоё-тоё жеп азыктануу, варикозго айланган тамырларга муз басуу, массаж жасоо, жиджама – чегип кан алдыруу, сүлүк курт (пияфка) койдуруу, чөп-тамырдан жасалган дары менен «чаптама» жабуу (элдик табыптарга ишенбесеңиз, врачка барып операция жасатуу ж.б).
Эскертүү: варикозду – өз убагында дарылабаса инсулть же инфаркка алып барышы ыктымал!
Түшүнбөгөн суроолор болсо 0771-98 33 78 номерине чалыңыз.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17