Аймак

Агарган чачтан кантип кутулууга болот?

 42,175 Бардыгы /

Агарган чачтан кантип кутулууга болот?Үй шартындагы агарган чачты кетирүүдөгү жаңы ыкма. Көпчүлүк аялзаты агарган чачын жашыруу үчүн бат-бат боёп турушат. Бул түйшүктөн биролото арылуу үчүн төмөндөгү ыкманы колдонуу шарт. Бул ыкма тез жана эффективдүү болот.
Керектелүүчү колдонмолор: 1 аш кашык таза бал, 1 аш кашык кастор майы, 1 аш кашык таза коньяк жана бир жумуртканын сарысы. Баарын идишке салып жакшы аралаштырып, чачтын түптөрүнө 5 мүнөт сүйкөп, сыртынан салафан баштыкчаны жаап, жолук менен ороп коюу керек. Мындай абалда 2-3 саат кармоо зарыл. Андан кийин шампунь менен таза жууп, бул ыкманы жумасына 2 жолу жасоо сунушталат. Ушундай ыкманы 3-4- жолу жасагандан кийин ак чачтан биротоло арыласыз.

Толгонай Ормонбек кызы “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17