Аймак

Шри Матажи Нирмала Деви – Сахажа Йога илимин негиздөөчү Шри Матажи Нирмала Деви – өмүр таржымалы

 2,436 Бардыгы /

Шри Матажи Нирмала Деви  - Сахажа Йога илимин  негиздөөчү Шри Матажи Нирмала Деви  - өмүр таржымалыДен соолук. Шри Матажи Нирмала Деви 1923-жылы 21-мартта Индиянын Чиндавара шаарында туулган. Анын атасы Прасад, апасы Корнелия Салве королдук Шаливахан династиясынын тике урпактары, улантуучулары болушкан. Эч бир жеринде кынтыгы жок, абдан татынакай наристеге алар «Аруу-Таза» деген маанини берген «Нирмала» ысымын ыйгарышат.
Кийинчерээк ал көпчүлүккө Шри Матажи Нирмала Деви деген ысым менен таанымал болгон. Ал туулгандан эле Аруулук касиети (Самореализация) жана өтө жаш кезинен эле бүткүл адамзат өзүн- өзү таанууга боло турган билимине ээ болгон таланты менен Эне, бизче «Умай Эне» урматына ээ болот.
Анын ата-энеси Индияны Британиянын башкаруусунан куткаруудагы улуттук боштондук кыймылында орчундуу аракетти арбыткандыгы менен тарыхта белгилүү. Атасы Махатма Гандинин жакын шакирти катары Индиянын Конституциялык Ассамблеясынын мүчөсү болуп, көзкарандысыз Инди мамлекетинин биринчи конституциясын жазууга өз салымын кошкон. Ал билимдүү болгон жана 14 тилди жакшы билүү менен Куранды Маратхи тилине (Маратхи – инди – арий тилинин бири, дүйнөдөгү бир кыйла кенири колдонулган 20 тилдин катарына кирет) которгон. Апасы Математика илими боюнча окумуштуу даражасына ээ болгон Индиядагы биринчи айым болгон.

Индиянын эркиндиги үчүн күрөш

Шри Матажи Нирмала Девинин бала чагы өзүнүн ата-энеси менен чогуу Махатма Гандинин чөйрөсүндө (Индияда ашрам деп коюшат) өткөн. Махатма Ганди анын балалык кезинде эле акылына терен баа берип, жүзүнөн Непали өзгөчөлүгүн дароо байкап, көрө билген. Ганди ага жаштыгына карабай зиректиги, акыл-парасаты укмуш экенине баа берүү менен руханий маселеде масилет куруп, кенешип турган. 1942-жылы Ганди тарабынан “Индиянын боштондук кыйымылы” жарыяланган мезгилде ал эркиндик үчүн күрөшкө катышкан башка активисттер менен бирге камакка алынып түрмөгө түшүп чыккан.
Шри Матажи туулгандан эле адам баласынын нерв тутумун (ситемасын) жана энергетикалык күч-кубатын биле, түшүнө алган инсан болгон. Бул маселени илимий ачылыш жолу менен тааныштыруу максатында, ал Лахора деген шаардагы Кристиан медициналык колежинде медицина жана философия багытын окуп бүтүргөн.

Шри Матажинин Индиянын эркиндиги үчүн күрөшкө тартылышы

Шри Матажинин Индиянын эркиндиги үчүн күрөшкө тартылышы абдан орчундуу мааниге ээ. Ал абдан эр жүрөк болгон жана бул иште жаш лидер катары тайманбаган, каржалбаган эрдиги менен зор ролду ойногон.
Ток этер жерин айтканда, Индия өз көз карандысыздыгына жеткенге чейин ал С.П. Шривастава мырзага турмушка чыккан. С.П. Шривастава мырза Англия королдугунун сый-урматына татыктуу болгон, Индиянын ар тараптан өнүгүшүнө ак кызматын өтөгөн көрүнүктүү ишмер болгон. Индияда бул мырзага данкты аялы алып келди,- деген пикирлер да айтылган – деген менен С.П. Шриваставанын турмушунда бул, чынында эле, зор мааниге ээ болгон.
Ал абдан чынчыл жана ак кызмат өтөгөн инсан болгондуктан ал мамлекеттик кызматтарда болуп көрбөгөндөй тездик менен жогорулап турган. Ал 1964-1966-жылдарда Шри Лал Бахадур Шастри жетектеген министрлер кабинетинде башкы катчы милдетин аркалаган. Ал эми Шастри өзү болсо Индиянын саясый тарыхында Премъер министрликке татыктуу идеалдуу инсан болгон. С.П. Шривасата кийинчерээк Бириккен Улуттар Уюмунун Эларалык дениз башкармалыгынын Генералдык катчысы кызматына дайындалып, анда катарынан 16 жыл кызмат аркалаган.
С.П. Шривастава Индия тарыхынан тышкары дүйнөлүк аренада тааныла баштаган учурда Шри Матажи өзүнүн аялдык парзын аткарып, эки кыздын энеси болот да, андан ары Руханий (духовный spiritual mission) багытта ишти колго алып, өнүктүрөт.
Ал өзүндөгү Руханий касиетке өзгөчө ээ экенин да жакшы билген жана азыркы замандын адамдарына аны кантип тааныштыруу жагын да караган. Жер бетине Иса, Мухамед, Будда Пайгамбарлар жана башка касиеттүү инсандардын адамдарга карата чындык тууралуу берген акыл-насаат иштеринде да көйгөйлөр болгонун жакшы билген.
Адам баласы туш болуп, башынан кечирип келе жаткан көйгөлөрдү көрүп , таразалаоо менен бирге, ал 1970-жылдын 5-майында Наргол булунунда (Нумбайдан 150 км ыраакта) өзүн ойлондуруп келген суроого күтүлбөгөн жерден жооп таап, Жараткандын кудурети тарабынан берилген ички энергия менен байланышууда тарыхый жол ачат. Булактын көзү ачылгандай эле, адам баласынын өзүнүн Жанкубаты -Руху тууралуу илимин дүйнөнүн миң сандаган адамдары өздөштүрүп, бул тарыхый ачылыштын таржымалы барган сайын таанылууда.

Сахаджа (спонтанно – дароо) Йога (өзүн менен байланышуу)

Шри Матажи эне тарабынан ачылган Сахаджа Йога илиминин дүйнөгө таркалышы

Шри Матажи ар бир эле адамда болгон (бул Индияча Кундалини, Исламда Рух, Християнча Святой Дух деп аталат) руханий күч-кубатты ойготуу тажрыйбасын иш жүзүндө далилдүү көрсөтө алган жана анын жыйынтыгына өзү да тан берген.
Ал адегенде жанындагы жакын адамдардын байкап коруусун уюштурган жана аларга физикалык, менталдык жана руханий жактан кайра жаралганы (трансформация) тууралуу маалымат берген. Ал акырындап ушул гана жол адам баласынын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө бап келе турганын байкайт жана ошондуктан бул илимди жалпыга кенири таратууну чечет. Ал бул иш үчүн өз убактысын жана акчасын жумшап, адамдардын өздөрүн= руханий дараметин таануу ачкычын берет. Мындан улам омуртка аркылуу көтөрүлүп, денесинен, атап айтканда, баштын эмгегинен, колдордун алаканын “мээлүүн агымды” сезип байкагандардын баарысы бул касиетке тащ калышкан. Алар муну өздөрү сезип, байкагандыктан ишенбей коюга мүмкүн эместик тууралуу тастыкташып, талкуулашкан. Шри Матажи Эненин көрсөтмөсү астында алар башкаларга да бул күчтү байкап көрүүсүн түшүндүрүп беришет. Чынында, бул ишеним буга чейин эле ар бир динде алдын ала айтылып келинген Рух Чындыгы экенин тастыктай алган.
Шри Матажи эч кимден каржы жардамын алган эмес. Ошондой эле бул иште өзүн-өзү таануу (Самореализация) ачкычын алгандыгы үчүн дагы эч кимден акы алуу болгон эмес. Ал өзүнүздүн жарыгыщызды таануудагы сабатыщызды жоюу үчүн акча төлөөгө муктаж эмес экенищизди белгилеп, чындыкты тааныгысы келген изденүүчүлөрдүн Руханий жактан жогору көтөрүлүшүнө көмөк көрсөткөндөн көрө аларды кысмакка алып, башка нукка буруп келген алдамчы, чала молдолордун (лжегурулардын) аткарган иштеринин туура эмес экенин ачык айтып, тастыктаган.
Шри Матажи Нирмала Деви 1970-жылдан бери карай Сахаджа Йога медитациясынын техникасын дүйнө жүзүнө таратуу ишин илгерилетүү үчүн дүйнө жүзүн туруктуу кыдыра баштаган. Ал адам баласынын Жан-Рух кубатын (Кундалини) ойготуу ишин жалпы массалык денгээлде тааныштыруу зарылдыгын көрсөтө алган.
Көп сандаган адамдар, расасына, туткан динине, жаш курагына жана социалдык абалына карабастан, дүйнөнүн 75 тен ашуун өлкөсүндө Сахаджа Йога борборлорун ачуу менен анын бул илимий ачылышынан, баалуулугунан пайдаланып келишет. Сахаджа Йога медитациясын күн сайын адатка айландыруу менен өздөрүнүн ички Руханий күч-кубатынын сырын билип, нормалдуу үй-бълөдө жашаган адамдар физикалык, эмоционалдык, менталдык жана руханий денгээл жагынан өздөрүнүн жашоосунда толук тещ салмакка (баланска) жетише алышкан. Алар бардык диндердеги жана руханий жолдогу жогорулоолор (интеграция) менталдык эле денгээлде эмес, борбордук нерв тутуму (системасы) аркылуу түз эле жана ынанымдуу тажрыйба (байкап көрүү) менен жетишиле турганын түшүнүшүүдө.
Азыркы кризиске учураган заман учурда «Аян берген» мезгил келээри мищдеген жылдар илгери алдын ала айтылган. Мищдеген Чындык издөөчүлөр өз Руху менен байланышуу аракетин көрүп жатышат.

Эл аралык жетишкендиктер жана билүүгө умтулуулар

Ал мурдагы Советтер Союзунун ардактуу коногу болуу менен 100 мищден ашуун адамдардын өзүн өзү (Самореализация) таанууну тажрыйбалап, байкап көрүү мүмкүнчүлүгүн берген. Ал Чыгыш тарапта 10 жана 20 миндей адамдар катышкан чон аянтта мезгил=мезгили менен дарс (лекция) окуп турган. Мына ушундан улам Лондондогу Роял Алберт Холл деген залга анын Сахаджа Йога тууралуу конференциясына элдер жылдан жылга жык-жыйма болуп толуп турган.
Шри Матажи дүйнөлүк көптөгөн телеканалдары, радио аркылуу интервьюларды бер менен миндеген лекцияларды окуган жана гезиттердин беттеринде көщүл чордонунда болгон. Сөзгө чечен Шри Матажи «Сахажа Йога» же «Вишва Нирмала Дхрама» борборунун бирден бир жалгыз негиздөөчүсү болгон жана бул бейөкмөт уюмдар дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүндө да өз кулачын жайган.
Шри Матажи озунун акыйкат иш-аракети жана анын Руханий темадагы ишиндеги зор натыйжасы менен атактуу интституттар тарабынан тааныган. 1994-жылы Бразилия борборунун мэри Шри Матажини аэропорттон тосуп алып, шаардын орчундуу жерлери менен тааныштырып, керек болсо, Анын бардык программаларына демөөрчүлүктү да көрсөтө алган. 1995-жылы Индиянын өкмөтү телеканалдан эл эн көп көргөн маалдагы бир саатты жана улуттук радиодон сүйлөөсүнө урмат көрсөтүшкөн. Ушул эле жылдарда Шри Матажи Кытай өкмөтүнүн расмий коногу болуп, Бэжинде Эларалык аялдар конференциясында сөз сүйлөгөн. Ошондой эле Ал 1995-жылы Румыния экология университети тарабынан Таанып билүү жана Парапсихология илиминин Ардактуу Доктору наамына татыган.
Ал Түндүк Американын бир нече шаар мэрлеринин (Нью-Йорк, Юнкерс 1994-1996, Лос Анжелес 1993 жана 1994, Британия Колумбия 1994, Синсинати 1992, Филаделфия 1993, Беркелей 1997) сый-урматтарына ээ болгон. Ал 1997-жылы Америка кошмо штаттарынын Конгресси тарабынан Конгрессттик Рекорддукка чакрылыган. Шри Матажи Италиянын өкмөтү тарабынан 1986-жылы «Жылдын мыкты адамы», деген сый-урматка ээ болгон.

Шри Матажи Нирмала Деви түзгөн бейөкмөт уюмдар (БөУ)

Шри Матажи Нирмала Деви адам баласын кыйнаган жүктөн женилдетүүнү зор бооркурелик менен карап, дүйнөдөгү көйгөйлөрдү абдан тез арада чечүү үчүн акыркы 25 жыл ичинде окмоттук эмес уюмдарды (БОУ) негиздеген. Алар төмөндөгүлөр:
1. Нумбайдагы эл аралык госпиталда дүйнөнүн туш тарабынан ооруп-сыркап келгендерге Сахаджа Йога ыкмасы аркылуу сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгүн. Айыгууга болбойт деген рак, епилепсия жана склероздун татаал түрлөрү менен ооругандар бул госпиталда шыпаа тапкан ынанымдуу мыкты жыйынтыктар чыккан.
2. Психосоматикалык оорулар менен кошо ар кандай айыккыс дарттардан арылууда Сахаджа Йога методунун натыйжасын окуп үйрөнүү максатын көздөгөн Нумбайдагы эларалык рак оорусун изилдөө борбору.
3. Классикалык музыкалардын жугумдуулугун жогорулатуу багытында Нагпурдагы эларалык музыка мектеби.
4. Кароосуз жана үйсүз калган адамдардын бир баш паанек таап жашоосун камсыз кылуу максатында Делиде кайрымдуулук үйүн ачкан. Ошондой эле аларга Сахажа Йога ыкмасын өздөштүрүү менен турмушка жарактуу кадимки жашоо абалына жетүүсүнө жардам берилген.

Корутунду

Шри Матажи Нирмала Деви адам баласынын руханий эвалюциясында аялдардын ордун баса белгилүү жана адамзаттын бүгүнкү моралдык дилеммасын ощдоого багыт берүү менен Агарып-Көгөрүүгө же өзүн өзү таанууга (Самореализация) жол ачуу аркылуу адамзаттын Руханий жактан жогорулоосун аракетке келтирүү ишине өзүнүн бүт өмүрүн арнаган. Түшүнүктүү болгондой эле, «Тынчтык жарчысы» Аятолла Рохани жана жащы замандын Аватары, Алберт Нобелдин чебереси Клаус Нобел (Нобел фондун түзүүчү) тарабынан мээримдүү Умай Эне катары ардак-сыйга татыктуу болуусунун өзү эле Гандинин алысты көрө билгендигинин анык далили болду.

http://sahajayogauae.com/english/ сайтынан которулду.
Ал эми Сахажа Йога илими тууралуу которулган материалды мындан ары ушул сайтта жарыялап турабыз.

Зирек Асанова

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17