Аймак

БОТУЛИЗМ БУЛ – КОНСЕРВАЦИЯ, КОНЦЕРВАЦИЯ БУЛ – БОТУЛИЗМ ЭТИЯТ БОЛ!

БОТУЛИЗМ БУЛ –  КОНСЕРВАЦИЯ,   КОНЦЕРВАЦИЯ БУЛ – БОТУЛИЗМ ЭТИЯТ БОЛ!

 9,711 Бардыгы /

 

          Жайды-жайлай талаага эгилген дыйканчылык түшүмүбүздү дасторконго толтуруп, ашкан жашылча жемиштерди кышка камылга катары консервациялоо иштери кызуу башталганы турат, ал эми кээ бирлери эчак эле даярдап сактап коюшту. Кудай буюрса аларды бир четинен кыштын суук мезгилинде ачып  жей турган убагы да эми эле келип калат. Бирок өзүбүздүн үй шартында даярдаган салаттарды эч нерседен шексинбей туруп, жегенден тартынбайбыз жана ал салат кандай шартта?, – кантип даярдалгандыгы эч кимдин оюна да келбейт. Ошол себептен «ботулизм» оорусунун кайдан келип, кантип  катталаарына көӊүлүӊүздөрдү бурмакчыбыз.

Ботулизм  оорусу – тамак аш менен уулануунун эӊ бир коркунучтуу түрү болуп эсептелинет. Бул оору жыл сайын көп катталууда. Мисалы,  2003-жылы 15 адам ооруган жана алардын 3 каза болушкан, 2005-жылы  1 адам, 2006-жылы  8 адам, 2007-жылы 3 адам ооруп, 1-сү каза болгон,  2008-жылы 1 адам, 2009-жылы 2 адам, 2010-жылы 9 адам, 2011-жылы – 3 адам ооруп, алардын ичинен 1-сү каза болгон, 2012-жылы 19 адам ооруп алардын ичинен 1-сү, 2013-жылы 9 адамдан ооруп, алардын ичинен 1-сү 2014-жылы 24 адам ооруп, каза болгону жок , 2015-жылы 27 адам ооруп, алардын ичинен  6-су, 2016-жылы 30 адам ооруп, 3-сү  каза болгон ал эми 2017-жылы 21 адам жана 2018-жылы 3 адам ооруп, каза болгондор катталган жок.

Ошентип,  2003-жылдан 2018-жылдын ушул мезгилине  чейин  бары болуп 175 адам ботулизм оорусу менен оорушуп, алардын ичинен 16 адам каза болгон же алар 9,1% түзөт. Демек, ар бир 9-чу ооруган адамдардын 1-сү бул оорудан каза болушкан.

Уулануунун негизги себептери болуп, үй шарттарында даярдаган жашылча жемиштерден жасалган консервацияларды пайдалангандык. Негизинен уулануунун 90 пайызын козу карын, баклажан жана балыктардан жасалган консервациялар түзөт.

Ботулизм оорусунун козгогучу айлана-чөйрөдө  айрыкча топуракта, сууда, жашылча жемиштерде, этте, малдын тоюттарында ж.б. жерлерде кеӊири таралып  кездешет. Микробтун өзү эмес, анын бөлүп чыгарган уулары (токсиндери) коркунучтуу болуп эсептелинет. Башка микробторго салыштырмалуу ботулизмдин козгогучтары абасы жок жерлерде өрчүйт жана өзүнүн жашоосун улантуу үчүн капсула пайда кылып, тышкы таасир берүүчү айлана чөйрөнүн шарттарына чыдамдуу касиетке ээ болот.                                    Ага ыссык, суук таасир кылмак түгүл, 6 саатка   чейин кайнатса дагы таасир кылбайт. Консервация жүргүзүп жаткан учурда  эрежелер так сакталбай калып, микроб түшүп калса, ал өтө коркунучтуу, себеби микроб үчүн өсүмдук белоктору, абанын жоктугу алардын өрчүшүнө шарт түзөт. Ал эми консервациялардын кайнатылышы микробдун спорасын өлтүрбөйт, алар бир гана 120 градуста жарым саатта автоклавированияда гана өлүшөт. Үй шартындагы пастеризация тескерисинче башка микробторду жок кылуу менен ботулизмдин козгогучтарын өрчүшүнө шарт түзүп берет.

Ботулизмдин токсини  түшүп калган азык түлүктөр органолептикалык көрсөткүчтөрү боюнча башка азык түлүктөрдөн айырмаланат.

Ботулизм оорусунун козголушу канчалык өлчөмдө дозасы түшкөдүгүнө жараша болот. Негизинен    уулангандан баштап биринчи белгилери  2-3 сааттан 2-3 суткага чейин узарат.

Адегенде  көӊүл айлануу, кусуу, ич өтүү, ич оорусу белгилери менен башталышы мүмкүн. Бирдей убакытта же болбосо кийинчерээк оорулуунун көзү тумандап, эки-үчтөн көрүнүп, алысты жакшы көрүп, жакындан жакшы көрбөйт, оозу кургайт, үнү бүтүп, сөздөрү түшүнүксүз болуу менен тамак жана сууну жутуусу кыйындайт. Эгерде дем алуу органдарында парез өрчүсө адамды акыл сезими сакталып туруп, өлүмгө дуушар кылат.

Ошондуктан адамдарда оорунун биринчи белгилери пайда болоор замат тез арада медициналык мекемелерге кайрылып, ооруканаларга жаткырылып даарыланышы зарыл.

 

Ботулизм оорусуну алдын алуу учун төмөнкү эрежелерди так сакталышы талап кылынат:

  1. Мүмкүн болушунча консервацияны үй шарттарында азыраак жасалышы, айрыкча туздоо, квашения, кургатуу ыкмаларыны колдонулушу коркунуч туудурбайт.
  2. Консервация жасоонун алдында банкалардын таза суу менен жууп аны жетишээрлик денгээлде стерилизация кылуу талап кылынат.
  3. Жашылча жемиштерди консервация жасоодон мурда анын жаны учурунда гана щетканын жардамы аркылуу таза суу менен жууш керек.
  4. Консервация жасоо техналогиясын так аткаруу зарыл жана консервация жасала турган жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жакшылап кууруу жана кайнатуу талап кылынат.
  5. Өздүк гигиенаны да так сактоо талап кылынат.
  6. Акыркы талап-бул даярдалган консервация азыктарын кайнатып же болбосо кууруп пайдалануу талапка ылайык болот.
  7. Бомбаж (капкактары шишиген) консерваланган азыктарды дүкөндөрдөн сатып албоо жана үй шартында даярдалып бомбаж болгондорду тезинен жок кылуу талапка ылайык болот.

 

Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун бакы врачынын орун басары:                             Назаров А.М.

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17