Аймак

АДАМДЫ КАНТИП КЕЧИРҮҮГӨ, КЕКСИЗ ЖАШООГО БОЛОТ?

АДАМДЫ КАНТИП КЕЧИРҮҮГӨ, КЕКСИЗ ЖАШООГО БОЛОТ?

 8,924 Бардыгы /

Психологдон кеңеш

Психолог – Дильнура Ташыбекова 1987-жылы Аксы районунун Кербен шаарында жарык дүйнөгө келген. Адам эмне үчүн жаралат? Бул дүйнөдө жаралуу максаты эмне? Эмне үчүн бирөө бай, бирөөсү кедей жашайт? Эмне үчүн жүрөк сыгылат? Ушул сыяктуу жашоодо чечилүүсү татаал суроолорго жооп издеп, айтканга оңой, аткарганга кыйын 9 ай убакыт  психология илимин (өзүн) изилдеген. Тогуз ай аралыгында көп нерсе орун алып, натыйжасында жан дүйнөсү жаңыланып өзүн тааный баштаган. Бул өзгөрүү болгонго чейин ойлонуп көрүп, “мен 28 жыл жашаган эмес экенмин” – деген жыйынтыкка келди.  Учурда областта мыкты психолог катары кадыр-баркка ээ болуп, элибиздин аз да болсо жан дүйнөсүнө революция жасап келүүдө. Буга чейин кандай тажрыйбаларга, билимге ээ болсо, анын баарын өзүнүн башынан өткөрүп практикалаган. Учурда бир кыздын мээримдүү энеси.

Кетирген кемчилигин сезип, ал үчүн кечирим суроо мыкты жүрүм-турумдун бир бутагы болуп эсептелет. Ар дайым кечирим суроо жана кечиримдүү болуу, бейпил жашоого алып келерин унутпаңыз. Адам эч качан шалаакылыктан кутула албайт. Кимдир бирөөгө сөзсүз туура эмес мамиле кыласыз. Ошол убакта андан кечирим суроону унутпашыңыз керек. Эгер анын даражасы жана жашы кичүү болсо да кечирим сураңыз. Кечирим суроодон эч нерсе кемип калбайт, тескерисинче кадыр-баркыңыз көтөрүлөт, кичи пейилдик артат.

Урматтуу окурман, эгер сиз кимдир бирөөгө таарынып кечире албай жүрсөңүз же кимдир бирөөнү катуу капа кылып кечирим сурай албай жатсаңыз, анда бул психологдун кеңештери сиз үчүн!

-Саламатсызбы, Дильнура айым? Айтсаңыз, кандай адамдар кечире албай кек сакташат?

-Адам төрөлгөндөн баштап 20 жашка чейин жаш бала катары эсептелет. Ушул 20 жашка чейинки адамда ар кандай мүнөздөр болот. Мисалы, балалыгыбызда калыптанган мүнөздөр бул жаш кыял мүнөздөр болуп саналат. 20 жаштан тартып чоң жашоого аралаша баштаган адамда балалык кыялдары кыйнай баштайт.

Жаш бала таарынат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми чоңдор таарынбаш керек. Практика жүзүндө мен 60-70ке чыккан карыларды көрдүм, дагы деле жаш бала кыялдары бар. Физиологиялык жашы чоң, бирок ички дүйнөсү жаш кыял бойдон өспөй калган. Мына ошол адам балалыгынан тартып канча адамга таарынып, таарынычын ичине катып келет. Ар бир адам “Мен канчалык жаш кыял мүнөзүмдү коё бердим. Мен канчалык деңгээлде чоңойдум” – деп өзүнө суроо бериш керек. Жаш кыял мүнөздөргө – таарынчаактык, көк беттик, кайсарлык ж.б. кирет. Бул сапаттар барып-барып адамдагы “эго” сезимин көтөрүп салат.

Таарынычты катпаш керек, тескерисинче аны коё берүү жакшы. Чоң адам таарынса аны “мен сага таарындым, сен туура эмес кылдың” – деп айта алат. Ал эми жаш кыял мүнөздүү адам канчалык жашы чоң болсо дагы ал таарынганын айта албайт. Таарынып, таарынычы топтолуп олтуруп кек бойдон ичинде кала берет. Ичинде кек барбы, демек оорулуу адамдардын катарына кирет. Кек – бул жүрөктү карайтат.

-Бирөөгө таарынуунун ден соолукка таасири канчалык?

-Билесизби, рактын дагы бирден бир себеби–  бул таарыныч. Таарыныч кадимкидей биздин ички органдарыбызга жармашып калат. Мисалы, ата-энеге болгон таарыныч ашказанга, аялдардын күйөөсүнө таарынычы анын маткасына, ал эми аялына болгон эркек кишинин таарынычы жыныстык органына барып жайгашат. Көп адамдын оорусу нервден улам жаралат. Психикага күч келгенде жан дүйнө сөзсүз бир орган аркылуу бизге сигнал берет. Мисалы, ата-энеге таарынган учурда ашказаныбыз ооруй берет. Врачка көрүнүп дары ичебиз, бирок натыйжасы болбойт. Бул ашказандын ата-энеге болгон таарынычты коё бер деген сигналы болот. Таарынычты жок кылгандан кийин өзүнөн-өзү жок болуп кеткен ооруларды көп көрдүм. Өзүмдүн практикамда да башымдан өткөрдүм. Демек ар бир оорунун тамыры психологияда экенин аңдадым. Жан дүйнө оорудубу, ал сөзсүз ички органдарыбызда сигнал берет. Биздин кайсы бир жерибиз ооруса, “мен кайсы жерде жан дүйнөмө туура келбеген нерсе кылдым?” – деп денебиздин сигналын түшүнүшүбүз керек.

-Күнөөлүүбүз, кантип кечирим сурайбыз?

-Таарынычтын дарысы – бул кечирим. Кечирим сураш керек же кечирип коюш керек. Жаш өткөн сайын бизде эго күчөй баштайт. Биз жашоодо канчалык өзүмчүлдүк менен текеберликти (эго менен гордения) эрте жеңсек, ошончолук жашообуз  жеңил болот. Бизди жашоо-турмуш сындырганга чейин биз ушул экөөнү сындырганга аракет кылышыбыз керек. Анткени жашоо сындырган адам ал сөзсүз кыйналып турмуштун тузагында оору менен жашайт. Ката кетирсек тагдыр бизди сөзсүз жазалайт.

Бизде ар дайым тандоо бар. Эгер биз: “Мен чоңойдум. Аң-сезимим өсүп жатат, бул нерселерди коё берип, өсүшүм керек. Жакшы нерселерге жетишишим керек” – деп ойлонуп эго менен горденияны сындырыш керек. Ошол эле учурда эгосу төмөн адамдар да бар. Алар ката кетирсе, бирөөнү капа кылса, андан барып кечирим суроону трагедия катары көрбөйт.

Кечирим сураганга тилибизди тарбиялашыбыз керек. Ооба, өтө кыйын, жеңил болот деп айтпайм. Кечирим сураганы барып, айта албастан кайра кайтып келген учурлар болот. Себеби текеберлик тосуп туруп алат. Биз чоңойгон сайын ал да өсөт. Ката кетирдиңби мойнуңа алып, тилиңди сындырып кечирим сурашың керек. Айрым адамдарга кечирим суроо эң акыркы нерсе болот. Адам менен мамилесин үзсө үзүп коюшат, бирок кечирим сурай алышпайт.

-Канткенде кечире алабыз?

-Капаланткан адамды кечирүү кыйын болгон учурда болсоңуз, анда элес менен иштеңиз. Элес адамда 200% иштейт. Мисалы, элестетүү менен биз дүйнөнү бир кыдырып чыга алабыз. Көңүлүңдү ооруткан адамдардын тизмесин жазып, элес аркылуу эле кечирип койсо болот. Муну бир жолу жасасаңыз таасир бербейт, качан жүрөгүңүз жеңил дем тартып, көңүлүңүз тынчып калганга чейин аткарыңыз. Мен бул ыкмалар менен иштей албайм, кечире албайм десеңиз, анда жазып өрттөш керек. Колуңуздагы кагазга болгон нерсени ийне-жибине чейин жазыңыз, ал эмнени туура эмес жасаганын жазып, өрттөп салыңыз. Кадимкидей жеңилдеп каласыз. Бул методдордун баары иштейт. Болгону адам жоопкерчиликти моюнга алып жасаш керек. Муну бир жолу эмес, бир нече ирет кайталаңыз.

-Биз кечирбей койсок эмне болот?

-Кээде таарынткан адам кечирим сурайт. Бирок кечирүүгө дити барбаган учурлар болот. Анда да кечирбей жүргөн адам кыйынчылык көрө берет. Анткени кечирим сураган адам ал кечирбесе дагы милдетинен кутулду. Жоопкерчиликти беркиге өткөрүп берди. Кечирим сурап жан дүйнөсү жеңилдеди. Эми жоопкерчилик кечире албаган адамга өттү. Ага тандоо берилди.

-Биз кимдир бирөөгө таарынган учурда жаш балдардан үлгү алсак болчудай. Алар бири-бирине тез-тез таарынышат, бирок жүз карашпай калганга барышпайт. Биз эмне жаш балачалык жокпузбу?

-Эки жаш бала бири-бирине таарынат. Эки чоң адам бири-бирине таарынбайт. Анткени алар келишүү менен сөзгө келе алышат. Урушкан жаш балдар сөзгө келе албайт. Бирок кайра эле тил табышып, ойноп кетишет. Себеби алардын эгосу өздөрүндөй кичине. Эки чоң адам бири-бирине капа болгон учурда жүз карашпай калгандар да толтура. Чоңдордо текеберлик деген нерсе бар. Бул экөөнү жараштырып, сүйлөштүргөнгө жол бербейт. Бирок жаш баланын акыл-эси, физиологиялык аң -сезими чоңдордой эле, бирок баары бир жаш бала. Ошону ар бир адам түшүнүп, өсүш керек. Ошол “таарыныч” сезиминен жогору болуш керек. Мен таарынып жатамынбы? Мен эмне жаш баламынбы? – деген суроону өзүнө берип анализдеш керек. Эки ортодо келишпестик жаралдыбы, демек бирөөсү аны сөзгө чакырып, сүйлөшүш керек. Анткени экөөнүн тең позициясы өзүнө чындыктай сезилип, меники туура дейт.

Адамда эки гана тандоо бар. Бири ал адам менен катташпай, сүйлөшпөй коюу. Натыйжасында экөөнүн тең жан дүйнөсүн кыйнаган нерселер орун алат. Аларды жашоо тарбиялайбы же убакыт көрсөтөбү, айтор аларга тагдыр тарабынан да жооп болот. Экинчи тандоо бул экөө сүйлөшүүгө келет дагы “Биз чоң адамдарбыз. Бизге мындай жүрүү жарашпайт. Менден кетсе кечир, сенден кетсе мен кечирейин” – деп кичипейил, жоомарт болуу менен чече алышат. Эгер бул учурду оңой көргөндөргө чындыгында оңой эле көрүнүш.

Таарынчаак адамга сөзсүз таарынта турган адам келет, себеби ошол таарынчаак мүнөзүн тарбиялаш үчүн. Эгер ал адам келген адамды мугалим катары кабыл алса. Эгер мугалим катары кабыл албай таарынычты көбөйтө турган болсо, ал адам жан дүйнөсүн өзү ооруга кабылтат. Андыктан баарыбыз кечиримдүү бололу. Бири-бирибизди аяйлы.

 

Суроо салган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17