Аймак

АЛМАЛУУ ШТРУДЕЛЬ

 2,128 Бардыгы /

АЛМАЛУУ  ШТРУДЕЛЬАлмалуу штрудель
Керектүү ингрединеттер:
• Каймак (сливочное масло) – 200 г.
• Шекер – 200 г.
• Ун – 200 г.
• Жумуртка – 2 даана
• Алма – 2-3 даана

Даярдоо ыкмасы: Коюу каймакты эзип, ун жана шекерди кошобуз. Массага жумуртканы кошуп жакшылап аралаштырабыз. Камырды аш-пленкага ороп муздаткычка салабыз. «Кум камыр» муздаткычта бир сааттай туруусу керек. Белгиленген убакыт ѳткѳндѳн соң, камырды муздаткычтан алып бир аз күтө туруңуз. Камыр жумшаганда аны тегиз, жупкадай жука жайып алабыз. Жайылган массага кыргычтан чыгарылган алманы салабыз. Андан соң шекерди сээп, оромодой оройбуз. 200 ̊ ысыктыкта 30 мүнѳттө бышырып алабыз. Даяр алмалуу штруделди ысык кезинде кесип алуу керек, болбосо кум рулет майдаланып калат.
Ысык чай менен тамшанткан таттууну дасторконго тартуулайбыз. Тамагыңыз таттуу болсун!

Умида НАЖИМИДДИНОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17