Аймак

АДИЛБЕК МУЗУРАЛИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР: «КАРДАРДЫ БИР ТААРЫНТЫП КОЙГОН БОЛСОҢ, АЛ ЭКИНЧИ КАЙТЫП КЕЛБЕЙТ»

 3,152 Бардыгы /

АДИЛБЕК МУЗУРАЛИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР: «КАРДАРДЫ БИР ТААРЫНТЫП КОЙГОН БОЛСОҢ, АЛ ЭКИНЧИ КАЙТЫП КЕЛБЕЙТ»Каарманыбыз Шамалдуу-Сай шаарчасындагы алдыңкы ишкерлердин бири Адилбек Музуралиев. Ал өз ийгиликтери, жетишкендиктери жөнүндө айтып ишкерликтеги оош-кыйыштын сырларын ачып берди.

Каарман боюнча кыскача:
Аты-жөнү: Адилбек Музуралиев
Жашы: 61де
Туулган жери: Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын кулуну
Жылдыз белгиси: Тараза
Хоббиси: Аңчылыкка чыгуудан ырахат алат. Бильярд ойноп эс алат.

БАЛА КЕЗДЕ ШУМПАЙ ЭЛЕМ

1967-жылы мектепке кирип, 1973-жылы онунчу классты бүтүрдүм. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын улуусумун. Бала кезде абдан шок элем. Классташтарым азыр да айтып калышат. Сенден абдан коркчубуз деп. Бир окуя эстен кетпейт, улгайган кемпир кошунабыз болор эле. Анын короосунда алма бар. Биздин бакта болсо жок. Жетимиштеги кемпир өзү кайтарып жегизбейт. Бир күнү алманын башына чыгып астейдил алма жеп олтурсам кемпир келип калды. Кыйкырып ызы-чуу салды. Мен шашып түштүм, анча -мынча таягын жедим, үйдү көздөй зуу койдум. Таягын көтөрүп артыман келе жаткан. Ал келгенче кийимдеримди алмаштырганга жетиштим. Кемпирдин алдынан тосуп чыктым да эне эмне болду деп сурадым. «Акмак бала экен, алманы койбой турган болду баланчанын баласы» деп сүйлөнүп калды. Мен болсо «а, ал азыр бул жакка кайрылып кетти» десем, “И, кагылайын, кеттиби?”- деп кейип кепчип кайра кетти. Ушундай бир шумпай бала элем.
Биз СССР деген үлкөн өлкөнүн доорунда жашадык да. Ал кезде окуучудан тарта элдин баары талаада жаздан кеч күзгө чейин жүрчү эле. Мисалы, бизге бешинчи класстан баштап каникул кезинде дем алыш жок эле. Баарыбызды чөпкө алып барышчу. Анда биз чөмөлө кылганга жарачубуз. Кийинчерээк 7-8- класска барганда чалгы чаап калдык. 9-10-класста машинага чөп жүктөп колхозго жардам берчүбүз. Ал убакта бир эки саат окутуп эле тамекиге айдайт, үйгө келсең кайра эле тамекини тизиш керек. Ошентип түнкү саат 2-3 болуп кетет. Окуюн дейсин, каякта өкмөттүн ишинен сырткары дагы 30-40 сотых жер алып иштетебиз. Каникулду да билбептирбиз. Айлык болсо бир айга деп 20-30 сом төлөйт эле. Ал бир айга жетпейт да. Көрсө бекер эле иштечү экенбиз. Бирок ойногон албетте убакыт тапчубуз. Биздин айылда көкмөк көк жайык жерибиз бар эле, кечке маал ошол жерге чогулуп балдар футбол ойночубуз.
Мен орто окудум. Айрыкча адабият менен химияны жакшы көрчүмүн. Чыңгыз Айтматовун чыгармаларын баалайм. Анын ичинен мисалы, балдары биринин артынан экинчиси согушка кеткенине эненин боздоп ыйлаганы, Толгонайдын ошондогу абалы мага абдан катуу таасир эткен. Беш алты баласын согушка жиберип, алардын бири да артка, апасына кайтпай калгандары жүрөгүмдү оорутчу. Чындыгында ал күндөрү бир эле Орусия үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн да аламат күндөр болгон.

ТӨРТ ДИПЛОМ АЛДЫМ

Менин кесип тандоомо эң биринчи менин атамдын иниси таасир эткен. 5-6-класста окуп жүргөндө соода тармагында иштеп калды. Ал кишиге жардам берип жүрүп кызыгуум артты.
Ошентип азыр 4 дипломум бар болсо, анын көбү соодага, бизнеске байланыштуу. Мен өзүм үч техникумду бүтүрдүм. Кокондон айыл чарба техникумунун энергетика жана механикалык факультеттерин аяктадым. Анан кийин Үч-Коргондун сода-сатык техникумун бүтүрдүм. 1990-жылы Казакстандын Караганда шаарындагы кооперативдик институтка тапшырып, аны окудум. Студенттик күндөр эң кызыктуу өттү. Алгач Өзбекстанда окуганда кокондуктардан соодага кылган мамилени, тагыраагы соодагерликти үйрөндүм. Аларда кардарга жасаган мамиле башкача.
1974-жылы армияга чакырылдым, эки жыл кызмат өтөп келдим. Ал жакта 6 айдан кийин эле 30 баланы жетектеп командир зводдун орун басары болдум. Аскерден келгенден кийин Сары-Челектеги турбазада иштеп калдым. Баардык тепкичтерден өтүп, директор гана болбодум. 1984-жылдан баштап кооперация тармагында иштедим.

ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛЫП ЖАТАБЫЗ

Шамалдуу-Сайга 1991-жылы көчүп келгенбиз. Ал эми 1993-жылдан баштап жеке ишкерликке өттүм. Шаарчабыздагы биринчи ишкерлерденмин десем да болот. Биринчи иниме дүкөн салып бердим. Кийинки жылы Бишкек-Ош трассасынын жээгинен жер алып ашкана, мейманкана салып бүткөрдүм. Андан кийин бильярд комплексин ачтым. Шамалдуу-Сайда бир кафем иштейт. Аңчылыкка керектүү жабдыктарды саткан эки дүкөн ачкам. Ошентип элге кызмат кылып жатабыз.
2016-жылы кардарларга жагымдуу болсун деп калкты тейлөө жагындагы ишканаларымды оңдоодон өткөрдүм. Быйыл болсо аңчылык дүкөнүмдүн ассортиментин көбөйтсөмбү деген оюм бар. Биздин өлкөдө мамлекет бизнеске абдан шартты түзүп берген. Сен иштейм десең сага эч кандай тоскоолдук жок. Мисалы, Өзбекстан менен салыштыралы. Бизде он гектарлап айдоо жерлер каралбай жатат. Өзбекстанда болсо 3-5 сотых жери бар киши бай деп саналат. Ошол жерге алар теплица куруп коюшат. Жайы -кышы помидор, бадыраң баарын өстүрөт. Биздин жалкоолугубуз абдан жанды кейитет.

ИШКЕРДИК МЕНЕН ИЙГИЛИКТИН СЫРЫ

1984-85-жылдары магазинде иштегенимде беш алты кыздар балдар иштечү. Мен аларга дайыма койгон талабым бир эле нерсе болчу. «Дүкөнгө киши баш багары менен күлүп тосуп алгыла, анан кетип жатканда дагы жакшы баргыла деп жылуу жумшак узатып койгула» деп айтчумун. Анан бир бала иштеп калды, өзүм теңдүү эле. Дайыма ага келген кишини күлүп тосуп алсаң деп талап кылчум. «Күлүп тосуп ал, бала -чакасын сура, үйүндөгүлөрүнүн ал абалын сура» деп. Анан ал айтчу «Мен күлкүм келбесе десе күлө берейинби» деп. Ошентип ал кишиге беш алты айдын ичинде үйрөттүм. Аябай аракетчил бала эле, кийинчерээк магазиндин эшигине чыгып алып, «Келиңиз эле келиңиз! Бала чакаңыз кандай? Туугандарыңыз жакшыбы? Мал келиңиз аманбы?»- деп менден он эсе жакшы күтүп алып жатты.
Тейлөөдө келген кишини сылык сүйлөп, күлүп күтүп алуу көп мааниге ээ. Бул соода тармагынын назик жери ушунда мисалы, кардарды бир таарынтып койгон болсоң ал экинчи кайтып келбейт. Биздикине окшогон ашкана көп, бизде бар нерсе башка дүкөндө да бар. Анан ал киши өз чөйрөсүнө айтышы мүмкүн «ошол жердеги магазинге барбагыла, дүкөнчү копол, орой мамиле кылат» деп. Ошентип ал башка сатып алуучуларга дагы терс таасирин тийгизип коёт.
Бизде көпчүлүк сатуучулар өз ишин билбейт. Дүкөнгө кирип калсаң жанында олтурган бирөө менен же телефон менен сүйлөшүп олтура берет. Келген кишиге туура эмес мамиле кылышат. А мен «сөзсүз, ар бир келген адамга көңүл бургула» деп турам. Кызматкерлерди туура эмес учурда кармап алган көп эле болот. Андайда акыл насаатты айтып тарбиялап койгонго аракет кылам. Ишкерликте кардардын кадырын бийик койсоң, анан сатуучу өз ишине тыкан болсо, ишиң алга жылат.
Бири бирине окшобогон бизнестерим бар. Убакыт жеткириш кыйын. Бишкекке, Казакстанга, Россияга барып товар алып келем. Дүйшөмбү күн башталып, байкалбай эле ишемби болуп калганын сезбей калам. Биздин жумушта дем алыш жок. Бизнесте оорубаш керек, уктап калбаш керек. Жүгүрүп жүрүп иштебесең артта каласың.

БИЗНЕСТЕ КЫЙНАЛГАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРЕМ

15 жылдан бери көп нерсе көрдүм десем жаңылбайм. Мисалы, «повар болуп иштейин, үйрөнүп кетем» деп келишет. Анан ал үйрөнүп калганда даяр кадрды бирөө көбүрөөк айлык убадалап азгырып кетет. Кийинки убактарда сурап «көбүрөөк иштейсиңби, үйрөнүп алып кетип калбайсыңбы» деп өтө этияттык мамиле кылып калдык. Ооба, орустар айткандай «алмашпас кадрлар болбойт», бирөө кетсе ордуна дагы бир жакшы адам келет.
Мага конкурент болгон, бир убакта менде иштеп кийин өзүнчө бизнес ачып кеткендерди туура кабыл алам. Ал да өсүп өөрчүш керек да. Мисалы, мен Кокондо окуп жүргөндө бир көчөнүн эки тарабы тең соодагерлер эле. Анан ошол жерде баарында тең соода боло берет. Менин кафемдин жанында жаңы кафе ачылса ага ыраазы болом. Себеби ага келген кардарга тамагы жакпай калса кийинкисинде мага келет. Тескерисинче менин тамагым жакпай калса ага барат дегендей.
Эки жыл мурда Баткенден бир жигит келди. «Аңчылык дүкөнүн ачайын эки үч жерге барсам аны ачыш өтө кыйын, ИИМге барыш керек, көп документтерди топтош керек. Буга лицензия алыш өтө оор» деп эч ким сырын айтпай койду дейт. Анан мен айттым, сен ушул документтерди алып кел мен сага жардам кылам. Токтогон жериңден мага кел дедим. Ошентип көмөктөшүп, ачып бердим. Анан «Жалал-Абадга ачып алсам сиз капа болбойсузбу?» -деп сурады. Мен айттым, «эгер сен ачсаң көп болсо биздин облуста үч дүкөн болот. Азык-түлүк магазини канча, кийим кечээ саткан миңдеген соодагерлер бар. Ар кимдин ырыскысы бөлөк. Мен ал жагын туура кабыл алам» дедим. Шамалдуу-Сайдагы аңчылык дүкөнүмө Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогулдан тарта кардарлар келишет. Азыр чөө көбөйүп кеткенине байланыштуу ок дарыларды алып кетишет. Анан аңчылыкты жактыргандар көп да. Алардын керектүү шаймандарын баарын алып келип бергенге аракет кылабыз.

БҮРКҮТ УУЛУМДУ ӨЗҮМӨ ОКШОШТУРАМ

Аксынын Аксуу айылынан Сонунбүбү аттуу сулууга үйлөндүм. Келинчегим менен Сары-Челектеги турбазада иштеп жүрүп таанышып калганбыз. Жакшы мамилеси, адамгерчилиги менен жаккан. Кудайга шүгүр ортобузда төрт балабыз бар. Тун кызым Рахат, Махабат, улуу уулум Болот, кийин Гулшат кызым. Экинчи никемдеги келинчегим Атыргүлдөн Туйгун, Бүркүт аттуу уулдарым бар.
Улуу балам Болотту быйыл үйлөдүм. Ал аз сүйлөйт, бирок жумушту майын чыгарып аткарат. Азыр оор жүк ташуучу жана жеңил унаалардын дөңгөлөктөрүн желимдөө боюнча иш баштап жатат. Экинчи балам Туйгун быйыл түрк лицейди бүттү. Кытайга окууга өткөн, бирок «быйыл мага жардам бер, кийинки жылы окууңду улантасың» деп алып калдым. Жалал-Абад шаарындагы бизнестеримди ошол уулум жүргүзөт. Эң кичүү уулум Бүркүт бейбаштыгы жагынан мага абдан окшош. Азыр 5 жарым жашта. Окуганды үйрөнүп алган. Телефондон кимге чалгысы келсе таап алып, сүйлөшүп олтура берет. Балдарды окуудан келгенден кийин талаага чыгарбай, окугула деп катуу тарбияладым. Бир кече болсо уруксат сурап көчөгө чыгышат.
Өзүм болсо бизнестен сырткары спортко кызыгам. Бош убактым болсо бильярд ойноп эс алам. Аңчылыкка чыкканда кекилик, жапайы өрдөктөрдү атабыз.
“Апам 87 жашта, төрүбүздүн көркү”
АДИЛБЕК МУЗУРАЛИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР: «КАРДАРДЫ БИР ТААРЫНТЫП КОЙГОН БОЛСОҢ, АЛ ЭКИНЧИ КАЙТЫП КЕЛБЕЙТ»

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17