Аймак

БОГОК ООРУСУ

 15,121 Бардыгы /

БОГОК ООРУСУЙод жетишсиздигинен пайда болуучу оорулардын ичинен богок оорусу жыл санап көбөйүп жатканын дарыгерлер айтып келишет.
Йод – аба, суу, тамак-аш аркылуу калкан безине барып анын иштешин жөнгө салып туруучу маанилүү минерал. Бул ооруну убагында дарылоо зарылдыгын эскертүү менен бирге богоктун алдын алуу жана аны дарылоо жолдорун белгилүү тамырчы табып Арыпжан Абдукадыровдун 7 кеңешин сиздерге тартуулайбыз.

Дарылоо жолдору:
1. Тыт дарактын тамырын жакшылап кайнатып, тамакты каркыратып чайкоо керек. Бул ыкманы 150 күн колдонуу зарыл.
2. Чабалекейдин этин күйдүрүп, күлүн сууга аралаштырып тамакты чайкоо керек. Же ошол күлдү балга кошуп моюнга сыртынан сүртсѳ дагы богоктон арылууга себеп болот;
3. Жыландын куйругун жана ѳтүн майга бышырып алып, андагы майды калпып алып, богокко сыртынан сүртүү оң тасирин берет.
4. Жыландын 3,5 грамм терисин 3 даана курма менен кошуп жеген дагы богокко дары. Негизинен жаз айларында жыландын терисин табуу оңой болот.
5. Тоок жумурткасынын агына роза гүлдүн майын жана эшек сүтүн кошуп, аралашма менен тамакты чайкаса таасири оң болот.
6. Андан сырткары сүлүктү кургатып балга аралаштырып жеген да богокту дарылоодо пайдалуу.
7. Ал эми кургатылган чегирткени майдалап май же бал менен аралаштырып моюнга сүртүү да пайдасын берет.
Ден соолугуңуз чың болсун!
(Суроолор боюнча табып Арыпжан АБДУКАДЫРОВго кайрылсаңыздар болот. Тел.0(550) 84 31 43, 0(770) 46 95 03).

Умида Нажимиддинова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17