Аймак

ОРОЗО РАК ИЛДЕТИНИН КОРКУНУЧУН АЗАЙТАТ

 2,329 Бардыгы /

ОРОЗО РАК ИЛДЕТИНИН КОРКУНУЧУН АЗАЙТАТ
Америкалык окумуштуулардын тобу белгилүү убакыттагы ачкалык адам организмине жагымдуу жагдай түзөрүн далилдешкен. Ачка болуунун пайдасы өзгөчө дем кыстыгуудан жапа чеккендерге пайдалуу. Организмдеги азыктын азайышы организмдин ички системасына чакырык таштап, кандай симптомдор болбосун күрөшүүнү активдештирет экен. Окумуштуулар орозонун таасиринен өзгөчө, рак клеткаларынын өсүү деңгээлин жайлатуу жогорку көрсөткүчтө экенин айтышкан. Ислам медицинасын изилдөөчүлөрПайгамбар сүннөтүндөгү ар бир абал адам саламаттыгына кам көрүү экенин ырасташкан. Алардын бири катары мына минтип орозонун ден-соолукка тийгизен пайдасы арбын экенин айтып чыгышты.

Орозо Аллахтын парз кылган өкүмү болгону үчүн ага амал кылып жүргөн болсок, эми Аллахтын өкүмүндө инсан үчүн пайда бар экенин да сезе жүрөлүк. Ал пайда, бүгүн биздин акылыбыз жетип жаткан саламаттыкка жеткирген дарылоо жолу болсо, андан да улуусу биз али сезип, биле элек Акырет күнү чексиз сооп-сыйлыкка жеткирген жеңишибиз болот.

http://islamjolu.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17