Аймак

ИШЕНИМДЕГИ АДАМДАР КӨҢҮЛ ЧӨГӨТТҮККӨ АЛДЫРЫШПАЙТ

 4,429 Бардыгы /

Мындай пикирди дарыгерлердин изилдөөлөрү далилдеген. Британиянын ден-соолук жана коопсуздук лабораториясынын башкы психологу Роксан Жервайстын айтымында, ишенимди карманган адамдар психологиялык кысым, кыйынчылыктарды өз алдынча жеңе билишет жана көңүл чөгөттүккө алдырышпайт. Буга алардын медициналык кызматка көп кайрылбаганы негиз болгон.

«Менин изилдөөлөрүм көрсөткөндөй, ишенимди кармануу турмуштук көптөгөн көйгөйлөр турганына карабай, кызмат, иш ордунда жогорку туруктуулукту камсыз кылган ресурс болуп эсептелет. Ишенимди карманган адамдар менен иштешүү жумуш берүүчүгө да пайдалуу. Тактап айтканда, адамдарда коргоо зонасы пайда болот. Ошондуктан жумуш берүүчүлөр диний ишенимдин карманууга көз жумбашы керек»,-дейт психолог Роксан Жервайс.

Америкалык дарыгерлер тобу 18 жаштан 54 жашка чейинки 103 адамдын изилдөөдөн өткөрүшкөн. Бул адамдардын Кудайга болгон ишеними тууралуу сурамжылоодон кийин, баш мээлерин изилдешкен. Көрсө, атеиздердин баш мээ кабыгы ишенимдегилердикине караганда жука келип, кайгы-капага көбүрөөк алдырып коюшат экен. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында маалым болгондой, мээ кабыгынын калың болушу ар кандай психологиялык абалдарда туруктуулукту камсыздайт.

Адам саламаттыгын дарыгерлер мына ушундай адистик далилдери менен далилдешсе, ар адам өзү гана сезип биле турган рухий абаладар, “Баардыгы Кудайдан болот!” деген бекем ишенимдеги таяныч ар балээ, кырсыктан сактап тураарын Жалгыз Кудайга ишенгендер гана туюп биле алат.

Islamjolu.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17