Аймак

АЛЫМКУЛ АТАЛЫК

 14,875 Бардыгы /

Акмат Менин чоң атам, Акматтын бир тууган агасы Суран жашырак кезинде эле каза болуп, анын баласы Сатарды атам Такабайга кошуп чоң атам багып чоңойткон экен. Биз чоң атабызды көрбөй калдык. Атам Такабай ажы (өткөн жылы 88 жашында көзү өттү) он бирге чыкканда атасы Акмат Сибирге айдалып үч жылдан кийин апасы өлүп, атам тоголок жетим болуп чоңойгон экен. Сатар авабыз атамдан бир кыйла жашы чоң болгондуктан аны биз Сатар чоң ата деп айтаар элек. Ошол Сатар чоң атам мен мектепте төртүнчү, бешинчи клаcстарда окуган мезгилде: “Биздин чоң аталар хан болгон, Алымкул аталык Кокон хандыгын башкарган»,- деп айтып калчу эле. Анан көбүнчө жанагы «жинди суудан» ичип алганда, мен Алымкулдун урпагынанмын деп өзүн баатырларча сезип кыйкырып калаар эле. Мен кичине кезимде уккан ушул сөздөр, күнү бүгүнкүдөй эсимден кетпейт, ал мезгилде бул сөздөрдүн маанисин деле түшүнгөн эмесмин. Биздин айылда (Барпы айыл өкмөтү, Комсомол айылы) Ынак санжырачы деген авабыз жашап өткөн (1906-1987-жж). Ынак авабыздын айткандары айрым ошол кездеги журналисттердин архивинде эле калбаса айылда ошол кишинин айткандарын жазып калбаптырмын деп өкүнүп жүргөн адамдар аябай көп. Кыргызстандын кайсыл булуң-бурчунан болбосун ал кишиге жолуккан адамдын, ата-тегин, уруусун жана жети атасына чейин тактап-аныктап айтып берген киши болгон. Кыргыз Республикасынын жазуучулары, журналисттери Ынак абага келип жолугушуп, ал кишиден мурдагы доордо өткөн атактуу адамдардын тарыхын, ата-тегин сурап билишип, көптөгөн материалдарды чогултушкан. Алардын бири жазуучу – Түмөнбай Байзаков. Азыркы аксакалдардын айтуусунда Ынак авабызда Кокон хандыгы тууралуу мурдагы заманда жазылган материал болгон экен. Жазуучу Төлөгөн Касымбеков «Сынган кылыч» тарыхый романын жазып жатканда Ынак аксакалга атайын келип, ошол материалдарды сурап алып кеткен дешет.

АЛЫМКУЛ АТАЛЫК

Атам болсо: «Биздин Алымкул аталыкты, Алымбек датка дешип алайлык кылып алышты» – деп кейип калат. Көрсө, Алымкул аталык жөнүндө Совет өкмөтүнүн доорунда эч бир жерде айтылган да, жазылган да, изилденген да эмес экен, ошондуктан атам Алымбек датканы ушул Алымкул аталык болсо керек деп ойлоп жүрүптүр. Көп жылдар бою ушул атамдын айткан сөздөрү жүрөгүмдү өйүп жүргөн болчу, акыры мен бул инсан жөнүндө Ташкендин, Анжияндын архивдеринде жазылып калган материалдар бар деп угуп, Өзбекстандын жазуучуларына, тарыхчы- окмуштууларына кайрылып, ал киши жөнүндө материалдарды сурамжылап чогулта баштадым. Алымкулдун балдарынын сүрөтүн, небере-чеберелерин таап, жашаган жерлерин аныктап, ошол мезгилде жашаган адамдар, ал кишинин баатырдыгына, жасаган эмгегине арнап жазылган чыгармалар бар экенине күбө болдум. Андан сырткары, «Елкин» («Жалын») деген тарыхый романды да Өзбекстандын жазуучусу Х.Турсунматовдон алдым.
Алымкул аталык Кокон хандыгын башкарган учурда тышкы саясатты, финансы тармагында иш жүргүзүүгө чоң көмөк көрсөтүп, эң жакын кеңешчиси жана катчысы (мунший) болгон Молдо Жүнүс 1902- жылы жазып калтырган «Амир лашкар Алимкул тарихи» («Аскер башчы Алымкул тарыхы») аттуу эмгегинин жана ошол учурдагы окуяларды чагылдырган башка архивдик материалдардын негизинде өзбекстандык тарыхчы, илимпоз Рустамбек Шамсутдинов менен жазуучу Хабибулло Турсунматов биргеликте тарыхый роман жараткан экен. Романды окуп чыгып, чыгарма ушунчалык жакшы жазылгандыгына таасирленип, автордон уруксат сурап, аны которо турган адамды издеп таап, кээ бир сөздөрүн кошо которушуп, “Жалын” деп аталган китепти өз каражатыма чыгарып, элге бекер тараттым. Китепти журналист Абдумуктар Исраилов которду.
Кыргыз элинин басып өткөн тарыхы али толук изилденип жазыла элек экен деген чечимге келдим, себеби ошол эле кыргыздын улуттук баатырларынын бири, кечээги эле 19-кылымда жашап өткөн чыгаан инсан кыска өмүрүн Мекендин эркиндиги үчүн арнаган, падышачылык Россия баскынчыларына каршы согушта 34 жашында шейит кеткен, үлкөн колбашчы Алымкул аталыктын аты, аткарган иштери толук изилденбей, элге кеңири айтылбай келген. Качан гана Кыргыз мамлекети өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин бул инсанга кээ бир кыргыздын тарыхчы-окумуштуулары көңүл бура баштады. Алар К.Молдокасымов, Т.Топчуев жана Т.Кененсариев.
Ушул жерден айта кетчү нерсе Молдо Нияздын кол жазмалары да качан гана Кыргыз эли өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон кийин 1993-жылы китеп болуп жарыкка чыкты. Ал үчүн Молдо Нияздын колкитептерин чогултуп, арап тамгасынан которуп, китеп кылып чыгарган агайыбыз Омор Соороновго ыраазычылык билдиребиз.
Алымкул менен бирге орус баскынчыларына каршы күрөшкөн, Алымкул өлгөндө жаназасына катышкан Молдо Калыбек Муса эл баатыры Алымкулдун көрсөткөн эрдигине багыштап «Алымкулдун согушу» деген дастанын жазган. Молдо Калыбек Кокон хандыгында жүз берген бардык окуялардын катышуучусу болгон. Ал 1873-жылы Ош, Жалал-Абад, Көк-Арт өрөөнүндө Мамырбек башчылык кылган козголоңго катышкандыгы үчүн айыпталып, 10 жылга Сибирге айдалган. Алымкул тууралуу дастанын ал Сибирде сүргүндө жүргөндө жазган.

АЛЫМКУЛ АТАЛЫК
Кыска өмүрүн Мекендин эркиндиги үчүн арнаган, падышачылык орус баскынчыларына каршы согушта 34 жашында шейит кеткен, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, таланттуу кол башчы, кыргыз элинин чыгаан уулу жана кыргыздын кыпчак уруусунун таз тобунан чыккан аскер башчы молдо Алымкул Асан уулу 1831 жылы – азыркы Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районунун Таштак айылында төрөлгөн.
Архивдик материалдарга таянсак, атасы Асан өз мезгилинде Коргон-Төбөнүн бийи болгон. Алымкул аталык жөнүндө Өзбекстандын Илимдер Академиясынын чыгыш таануу жана кол жазмалар институтунда сакталган Алымкул менен бирге жүргөн кеңешчиси жана катчысы Молдо Жүнүс мунший 1902-жылы жазып калтырган «Аскер башчы Алымкул тарыхы» («Амир лашкар Алимкул тарихи») аттуу эмгегинде кеңири берилген.
Молдо Жүнүстүн жазып калтырганы боюнча Аскер башчы эки жашка чыкканда атасы кайтыш болуп, энесинин колунда калып, Бужунбүткөн айылында (азыркы Баткен районунун Бужум айылы) алты-жети жашка чыкканча окуп, тарбия алат. Сабаты чыккан соң, Коргон-Төбө болуштугуна көчүп келип, анан Анжияндагы Акмечит медресесинде бир-эки жыл окуп, андан кийин Коконго барып, ал жерде ажы раис мырза дамылла Аяз маркумдун уулунун колунда билим алат. Ошол жерде кат таанып, илим алып, он сегиз жашка чыкканда жездеси Тагайкул датка алып келип, аскердик иштерге аралаштырат. Андан көп өтпөй эле бир убактарда атасы бий болгон ошо Коргон-Төбөгө бий болуп дайындалат.
Акылы тетиктигин, зиректигин жана баатырдыгын байкаган Кудаярхандын ата бир эне башка агасы Малабек, кийинчерээк Алымкулду өзүнүн эң жакын жан-жөкөрү катары алып жүрөт. Кудаяр ханды кууп чыгып, Кокон хандыгына тактыга отургузууда Малабекке чоң жардам берген Алымкул болгон. Кокон тактысына Малабек хан болгон күндөн баштап ал бийик даражадагы кызмат орундарына бекитиле баштаган.
Кудаяр хан
Малахан аябай ачуулуу, ач көз, сараң жана жеткен каардуулугу менен айырмаланган. Алымбек датка баштаган кыргыздын төбөсү көрүнгөн адамдары жана Малахандын кылыктарына тойгон кол алдындагы төбөлдөрү биригип,бир күнү түн ичи Малахандын жатагына кирип барып аны өлтүрүшүп, эртеси Шаамуратбекти хан көтөрүп шайлашат. Шатманкожону миң башы шайлап, Алымкул аскер башчылыка бекитилет. Хандыкты чыңдоо үчүн, аскерлерди көбөйтүүгө аскер башчы менен Шатманкожо миң башы Анжиян тарапка кетишет. Ушул кырдаалдан пайдаланган, Кудайархан Бухаранын эмири Музаффар менен Кокон хандыгын экинчи жолу басып алат.
Аскер башчы, Шаамуратхандын чарасыздыгына жана коркоктугуна ачуусу келди. Ал борборду жок дегенде бир апта кармап тура алат деп үмүт кылган. Алымкул Кудаярханга баш ийбеди, аларды тоо таянып ыңгайлуу жерде күтүп жатты. Бухаранын эмири Музаффарды, Кудаяр ханды ар тарабынан курчап, кысымга ала баштады. Мындан коркууга түшүп калган эмирге элчи жиберип, мындай деди: «Азирети эмир, биз сизден коркконубуздан качканыбыз жок, сизди алдап ушул тузакка түшүрүүнү пландаштырганбыз. Эгер менин сунушума көнбөсөңүз майданда салгылашууга биз даярбыз. Анда сиздин ахвалыңыз кандай болоору бир кудайга маалым. Эгер шартыма көнсөңүз, Кудаярханды алып, аман-эсен Бухарага кайтыңыз. Сиздин аман-эсен чыгып кетишиңизге шарт түзүп беребиз». Мындай сунушту эмир дароо кабыл алып, Алымкулга ыраазычылык билдирип, Кудаярханды алып, Бухарага жол тартты.
Алымкул аскер башынын Кудаяр хандын, аны колдогон Бухара эмири Музаффардын үстүнөн болгон бул жеңиши ага зор атак-даңк алып келген.
Ушул окуядан кийин хандыктагы эки тизгин, бир чылбыр Алымкулдун колуна толук өтүп, кимди хан көтөрөм десе анын эрки менен чечилип калат. 1963-жылы 9-июлда Жармазарга Маргалаң, Ош, Анжыян, Шахрихан, Наманган, Чуст, Кокондун тегерегиндеги жогорку мартабалуу журт билермандары чогулуп, Мала хандын 11-12 жаштагы уулу Султан Сейитти Намангандан алдырып келип, хан көтөрүшөт. Ал, хан көтөрүлгөнү менен бардык хандыктагы иштерди, тактап айтканда: мурас, каржылоо, аскер иштери, өлүм жазасына тартуу сыяктуу башкы маселелер аскер башчы Алымкулга жүктөлөт. Бул жөнүндө атайын келишим түзүлүп, ага хан башында турган бардык улама, зыялы жана мартабалуу адамдар кол коюшуп мөөрлөрүн басышкан. Ушул келишимге ылайык, хандыктагы бардык бийлик Алымкулдун колуна өтүп, ошол күндөн тартып, ага “амирул умаро”(эмирлердин эмири) деген наам берилген. Так ушул күндөн тартып ал жашы жете элек Султан Сейитке баш көз болуп, эл арасында Алымкул аталык деп аталып калган.
Бул окуяга күбө болгон кокондук бир адам мындайча баяндайт: «Маргыланга кирип, Жармазарга кондук. Шаардын уламалары, шаар төбөлдөрү тосуп алышты. Алар менен бирге зыяпатта болдук. Зыяпаттан соң молдо Алымкул сөз баштады: «Мамлекетибизде болуп жаткан башаламандыктардын себеби бир адамга баш ийбегенибиздин натыйжасы. Бардыгыбыз биримдикте бир ханды тандап алып, ага баш ийсек жакшы болот эле, буга эмне дейсиңер, кимди каалайсыңар?» – дегенде Кокон уламаларынан Зиявидин максым мындай деди: «Бул кызматка өзүңүздөн башка ылайыктуу адам көрүнбөй жатат». Алымкул буга макул болбой, укпаганга салып: «Анык бир адамды тандоо керек!»-деди. Тиги максым кайра эле баягы сөзүн кайталады. Алымкул Зиявидинге карап: «Сиз мени дейсиз, менин ниетим хан болуу эмес, мамлекетке кызмат кылуу, андан көрө ханзаадалардан бирөөнү сунуш кылгыла» – деди.
Ханзаадаларды бирме-бир атап отуруп, акырында Султан Сайитке токтолуп: «Атасы көпчүлүктүн жолунда жүрүп каза болгон эле, өзү жетим», – дешип Малабектин уулу Султан Сейитке токтолушту. Алымкулдун көз карашын баамдап отурган көпчүлүк, бул сунуш анын купулуна толгондугун байкашты да: «Бул орунга Султан Сейит ылайыктуу», – дешип жаалап жиберишти. Ошентип, Султан Сейит ак кийизге салынып хан көтөрүлдү».
Алымкул аталык бийликке келген учурда Кокон хандыгы таланып-тонолгон оор абалда эле. Хандыкты ушундай кыйын кезеңде башкаруу үчүн албетте зор талант, жөндөм керектелет эмеспи. Султан Сейит формалдуу түрдө хан көтөрүлгөнү менен, бардык түйшүк, жоопкерчилиги Алымкул аталыкка жүктөлгөн. Ошондуктан ал хан атыкпай эле, Алымкул аталык хан атыга баштады.
АЛЫМКУЛ АТАЛЫК
Алымкул аталык Кокон хандыгын бийлеп, жан үрөп, аталык милдетин аркалап, хандыктагы кыргыз, кыпчак, өзбек, казактардын башын бириктирип, бүлүнгөн хандыктын бүтүндүгү үчүн кам көрүп, адилет башкарууга аракет кылгандыгын кошо жүргөндөр, аны жакындан тааныгандар аталык жөнүндө ыр түрүндө, кара сөз менен, кээ бирлери чоң көлөмдүү дастан жазышып биздин урпактарга калтырып кетишкен. Алымкул менен бирге орус баскынчыларына каршы күрөшкөн, ал өлгөндө жаназасына катышкан Молдо Калыбек Муса эл баатыры Алымкулдун көрсөткөн эрдигине багыштап «Алымкулдун согуш баяны» деген дастанын жазган. Молдо Калыбек Кокон хандыгында жүз берген бардык окуялардын катышуучусу болгон. Ал 1873-жылы Ош, Жалал-Абад, Көк-Арт өрөөнүндө Мамырбек башчылык кылган козголонго катышкандыгы үчүн айыпталып, 10 жылга Сибирге айдалган. Алымкул тууралуу дастанын ал Сибирде сүргүндө жүргөндө жазган.
Кыргыздын дагы бир чыгаан патриоту, философ акыны, тарыхчы Молдо Нияз (1823-1896) Алымкул аталыктын кылган эмгектерин өз көзү менен көргөн адам катары ири көлөмдөгү ыр түрүндө жазып кеткен кол жазмаларындагы ырларынан бир үзүм мисал келтирели. Анда мындайча сүрөттөлөт:
Ак жолборстой Алымкул
Айкырып атка мингенде
Аччыгы чындап келгенде
Кызыл – чаар Шер эде
Кыргыздан чыккан эр эде
Кара – чаар Шер эде
Карадан түшкөн эр эде
Алыскы жоо – душманга
Айдыңы көп зор эде
Алымкул аталык эли-жери үчүн өз жанын аябаган Мекенчил адам болгон. Буга далил катары Орусия аскерлери Чымкентти басып алгандан кийин генерал Чернаев Алымкул аталыка төмөндөгүдөй сунуш киргизген: «Чимкенттин ары жагы Орусия империясыныкы болсун, бери жагы (Ташкентке караган жагы) Кокон хандыгына карасын деген бүтүм чыгаралы».
«Мен жанымды берсем беремин, бирок эл-жеримди бербеймин», деп бул сунуштан Алымкул баш тарткан. Ал, карамагындагы жерди өз кызыкчылыгын ойлоп, мусулмандарды Орусияга таштап коюп, бүтүмгө келди деген жаман атка конууну калабай, тирүү кезде өзүмө, өлгөнүмдөн соң балдарыма, неберелериме наалат айтылат деп, тарых алдында, келечек алдында абийиринин таза болушун көздөгөн. Эми согуш болсо, өзү өлсө да, элинин эркиндике чыгышын алладан тилеген.
Алымкул аскер башчы Чимкент шаарына бастырып келген орус аскерлеринин мизин кайтарып, аларды Олуяатага чейин кууп бараган, ошол учурду Молдо Нияз ырларында мындайча баяндайт:
Жети баш кафир орусту
Жер менен жексен кылам деп,
Жети күндүн ичинде
Жетип Чимкент үстүндө
Уруш кылды Алымкул.
Кыймылдатпай жайыдан
Жылбас кылды Алымкул.
Кыргын салып оруска
Кыйганы келди Алымкул.
Олжо кылып кафирдин
Атын алды Алымкул.
Өлтүрбөстөн коркутуп,
Өтүн алды Алымкул.
АЛЫМКУЛ АТАЛЫК

1865-жылы 28-апрелде Черняев жетектеген орус аскерлери кайрадан жүрүшүн баштап, Ташкенттин чыгышындагы Ниязбек чебин ээлеп алат. Бул кабар Кожент шаарында бухаралыктардын баскынчыл жортуулуна каршы чараларды көрүп жүргөн Алымкул аталыкка жетип, ал шашылыш түрдө жыйнаган алты миң кишилик кошуун, 40 замбирек менен Ташкентти коргоо үчүн жолго чыгат.
Алымкул аталыктын кошууну менен Черняевдин аскеринин алгачкы беттешүүсү 9-майда, эрте мененки саат жетиде Шор-Төбө деген жерде болот. Алымкул аталык Чыгыштын аскер ыкмаларын чебер колдонуп, орус баскынчыларына олуттуу каршылык көргөзгөн. Үч жолку орус аскеринин чабуулунун мизин кайтарып, баскынчыларга үстөмдүк кыла баштаган. Аскер башчыны жеңе албастыгын күн мурунтан эле билген генерал Черняев Ташкендин байлары менен тил табышып, алар болсо Алымкулдун эң жакын адамдарынын бирин (удайчысын) сатып алышат. Алымкул орустардын мизин кайтарып, курчоого алып алсырата баштаган учурда артынан ошол чыккынчы атып коет. Бул учурду Молдо Нияз мындайча берет:
Орустар осол болгондо
Кафирге ташвиш түшкөндө
Батбактар моюн сунарда
Мусулман журт тынарда
Ок жаңылды өзүңө
От чагылды көзүңө
Ат боорудан кан кетти
Жаннатка карап жан кетти
Ордодон туйгун учту деп
Оруска чапты сүйүнчү
Кыргыздын ханы өлдү деп
Кытайга чапты сүйүнчү
Бутпарас маңгыт аралаш
Бухарга чапты сүйүнчү
Ак жолборс көзүң өттү эде
Саратанда кыш түштү
Сан журтуңдун башыга
Кыяматтай күн түштү

Алымкулдун уулу келип, атасын көрүп «Атаам» деп ыйлап жиберет. Молдо Алымкул уулун жанына чакырып кулагына бир нерсе деп шыбырап, койнунан пайгамбардын ыйык чачын алып, уулуна берет. Чыккынчылардын кыянаттыгы аскер башчыга да маалым болот. Жарат алган Алымкулдун дарты оорлошуп, ошол күнү бешимден кийин жан берет.
Алымкул аталыктын сөөгүн кайсы мазарга коюу тууралуу узак талкуу болгон соң, анын бир нече ишеничтүү кишилеринин кеңеши менен 11- май 1965 жылы азрети Шейх Хованд Тахур мазарына коюшту. (Мухаммад Салих Ташкентий. Дүйнө тарыхы).

Алымкул аталыктын үч уулу болгон. Чоңу Ташмухаммад (Ташмат мырза) Коргон-Төбө, Көк-Арт өрөөнүндө болуштука шайланган. Кичүү уулу Шермухаммат (Шермат мырза) Анжиян шаарынын башкаруу кызматын өтөгөн. 1916 жылкы козголоң убагында кызматынан четтетилген. Дагы бир уулу Рустабек болсо кээ бир маалыматтарга караганда АКШда жашап өткөн.
АЛЫМКУЛ АТАЛЫК
Алымкулдун небере-чеберелери, гывыралары жана жакын тууган-уруктары ушул учурда Бишкекте, Сузактын Барпы айылында, Ошто, Карасууда, Нокатта, Араванда жана Өзбекстандын Коргон-Төбө районунда, Ташкент шаарында жашашат.
Алымкулдун чоң уулу Ташмат мырзанын баласы Карабектин уулу Ташматов Кайтпас Карабекович азыркы учурда Өзбекстандын жогорку сотунун орун басары болуп эмгектенүүдө. Анын баласы Ташматов Азиз Кайтпасович Өзбекстан финасы министиринин орун басары-Ташкент шаарынын эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеп жатат.

АЛЫМКУЛ АТАЛЫК

Алымкул аскер башчынын уулу, Шермухаммед үй-бүлөөсү менен.
Анжиян 1915-жыл

Алымкул аскер башчынын небереси Шермухаммеддин уулу Азизбек 1941-жылы
Улуу Ата-Мекендик согушка кетип, кайтпай калган.

Колдонулган булактар:
Хабибилло Турсунматов, Рустамбек Шамсуттинов «ЖАЛЫН»,
Молдо Жүнүс мунший (1902-ж.) «Амир лашкар Алимкул тарихи» («Аскер башчы Алымкул тарыхы»),
Мухаммад Салих Ташкентий. «Дүйнө тарыхы».
Молло Нияз «Санат диагарасттар» Бишкек, 1993-ж.
Кыяс Молдокасымов, «Алымкул аталык» Кыргыз-Туусу 25.09.2009-ж, 09.10.2009-ж.
Өзбекстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, Анжиян мамлекеттик университетинин профессору, Рустамбек Шамсутдиновдун өздүк архиви.
Маалыматтарды топтоп жазган коомдук ишмер Акматов Мамасалы.

Мамасалы Акматов

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17