Аймак

Ыйык тоодо катылган сырлар

 9,069 Бардыгы /

Ыйык тоодо катылган сырлар

Алымбек ажы Култаев 14 жылдан бери Ош шаарындагы Сулайман-Тоо этнографиялык музейинин Бабур мазарынын шайыгы. Ал өзү дин адамы болсо да, Ош шаары жана Сулайман тоо тууралуу жазылган эски кол жазмаларга, тарыхый булактарга, пайгамбарлардын өмүрү баяндалган диний адабияттарга, хадистерге , ошондой эле элдик уламыштарга кызыгып, аларды бири бири менен салыштырып, андан өз алдынча илимий тыянак чыгарууга кызыгып жүргөн адам. Ал мына ушундай кызыктуу материалдардын негизинде 2009-жылы Бишкектеги «Бийиктик» басмасынан жарык көргөн «Ыйык Сулайман тоосунда катылган сырлар» деген илимий-популярдуу китептин автору. Ал жакында бул китептин экинчи бөлүгүн басмага тапшырып келди. Биз жакында Алымбек ажыга жолугуп, бул китептин экинчи бөлүгүн чыгарууга эмне себеп болгондугун, анда жазылган материалдарды эмнеге таянып жазгандыгы тууралуу суроо узаттык.

– Кыргызстандын жалпы журтчулугуна жакшы белгилүү, 2009- жылдын июнь айында Испанияда өткөн ЮНЕСКОнун 33-кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынан “Сулайман тоо” маданий ландшафты ыйык тоо катары Бүткүл дүйнөлүк баалуулуктар мурастарынын тизмесине кирген. Бул тизмеге 126 өлкөдөн 300дөй обьект сунушталып, 13 обьект дүйнөлүк маанидеги 21 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган комиссиядан өттү. Бельгия, Кытай, Иран, Германия, Британия өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстандан “Сулайман тоо” да ыйык баалуулуктун бири катары кабыл алынды.
Аталган тизмеге кошулуу менен Кыргызстанга эл аралык карым-катнаштарды түзүүгө, эл аралык маданий, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, туризмди өнүктүрүүгө шарт түзүлдү. Биз, Кыргызстандыктар аны менен сыймыктанып, замандаштарыбызга, жаштарыбызга келген конокторго жана туристтерге Сулайман тоосунда катылган сырларды баяндап берүүгө милдеттүүбүз. Бирок, тилекке каршы, Сулайман тоонун ыйыктыгына маани бербестен, ага кайдыгер карагандар көп болуп, ал тургай, ислам дининин радикалдык агымынын таасирине берилген айрым чала молдолор бул ыйык жайга зыярат кылганы келген адамдарга бут тосуп жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Алар менен пикир алыша келсең, ислам дининин маани–маңызын, анын тарыхын үстүрттөн билгендиги, ислам динин чечмелеп берген аалымдардын эмгектери менен тааныштыгы жоктугуна, куру догманы кармангандар экендигине ынанасың.
Мен өзүм ыйык Куранды тафсирлеген аалымдардын эмгектерине, хадистерге, пайгамбарлардын өмүрү баяндалган диний адабияттарга Ош шаары жана Сулайман тоо тууралуу жазылган тарыхый булактарга, эски кол жазмаларга, ошондой эле элдик уламыштарга кызыгып, аларды бири бири менен салыштырып, андан өз алдынча тыянак чыгарууга аракет кылып жүргөм.
Ммындан бир топ жыл мурун менин колума илимпоздор чөйрөсүндө Махмуд Хасаний деген ат менен белгилүү болгон Махамаджан Хасановдун Ош шаарынын 3000 жылдыгын белгилөөдө жарык көргөн. «Ош- Хайр-ул-Билод» (Ош шаары жөнүндө рисала) аттуу илимий эмгеги колума тийип калды. Окумуштуунун өмүр баянына жана эмгек жолуна көз жүгүртсөм, ал 1968-жылы Ташкент Мамлекеттик Университетинин Чыгыш таануу факультетинин фарс-афган бөлүмүн бүтүрүп, ошол мезгилден бери Өзбек республикасынын Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу факультетинде институтунда иштеп келе жаткан адам экен. Ал азыркы учурда аталган институттун кол жазмалар фондусунун директору. Илимпоздун 50дөн ашык китептери жана илимий макалалары жарык көргөн. Өзбекстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Окумуштуу орто кылымдардагы кол жазма түрүндө түрүндө сакталып калган маалыматтарга таянуу менен байыркы Ош шаарынын жана анда жайгашкан табышмактуу Сулайман Тоо жөнүндө кызыктуу маалыматтарды сунуштаган.
Азыркы учурда ал «Хайр-ул-Билод» (Ош шаарынын китеби), «Ош асманынын жарык жылдызы Кутбуддин Оший» жана «Сиражиддин Оший – орто кылымдын көрүнүктүү илимпозу» деп аталган үч илимий китептердин үстүндө эмгектенип жатат.
Ош шаарында туулган жана жашаган Шамсуддин Сомибек атактуу «Комус ул- аөлам» аттуу энциклопедиялык чыгарманын автору болгон. Бул эмгекте 12-кылымдын 2-жарымында жашаган диний чоң аалым Кожо Кутбидин Бактияр Оший Кокийдин өмүр баяны тууралуу баяндама бар. Чыгыштын Ислам дүйнөсүндө ири чыгармалары жана ажайып кооз казалдары менен таанымал болгон кадимки Шейх Фарид Шахирихан Кутбидин Бактияр Оший Кокийдин шакирти болгондугу тууралуу маалымат берилет. (Бул чыгарманын көчүрмөсү 1339-жылы Стамбул шаарында жарык көргөн).
Бул окумуштуу Махмуд Ваалий ал- Мархамдийдин фарс-тажик тилинде жазылган «Мажмаө ут-Таборах» деп аталган чыгармасына жана «Сафинат уль- авлия» аттуу китебинин жээгинде берген маалыматтарга таянуу менен Ош шаарындагы атактуу төрт илимпоз жөнүндө кабар берет. Алардын биринчиси –Маөсуд ибн Мансур ал Оший, бул илимпоз белгисиз себептер менен 1226-жылы урпактары менен кошо жок болушкан. Экинчиси, Мухаммад ибн Ахмад ибн Али ибн Ха¬мид Абу Аᬬдал¬лах аль Оши. Бул илимпоз Багдадга барып, илимин өркүндөтүп, ошол жерде дарс берген белгилүү маалим болгон. Ал чыгаан теолог, окумуштуу катары, ошол кезде¬ги ири или¬мий борбор кадим¬ки Багдаддын илимий чөйрөсүнө таа¬нымал бо¬луп, ал жакта лекцияларды окуганы биз үчүн зор сыймык. Өмүрүнүн соңунда Бухарага келип, ошол жерде 1216-жылы ааламдан өткөн. /чүнчүсү, Мавлана Холид Оший, болжол менен алганда 1385-жылы Ошто каза тапкан. Төртүнчүсү, XII кылымда өмүр сүргөн Али Ибн Осмон ал-Оший. Бул окумуштууну өз замандаштары Сыражидин аль–Оши деген деген ат менен тааныган. Анын «Фетави Сирожиййа» (Сыражидиндин фатвалары) деген ат менен жарык көргөн бул эмгеги өз заманында ислам дининин укук таануучуларынын арасында өзгөчө орунду ээлеп, казылар чечим чыгарууда негиздүү документ катары ага таянган. Сыражидин аль–Оши өз мезгилинде окумдуу, таасирдүү казалдарды жазган акын катары да белгилүү инсан болгон. Анын арап тилинде жазылган «Бадө-уль-амоли» (Жазуунун башталышы) аттуу поэзиялык чыгармасы кол жазма жана басма түрүндө кеңири таралган. Оштогу юридика институтунун проректору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов болсо Сыражидин аль–Ошинин «Фетави Сиражите» же «Сиражуд¬диндин фатвасы» де¬ген кол жазмасы 1827-ж. Каль¬кут¬тада жарык көрүп, ал эми 1915-ж. Англияда кайрадан басылып чыккандыгын тастыктайт.
Илимпоз Махмуд Хасаний 1999-жылы Мархамат районундагы Рават айылынын жашоочусу Хусанбай Рахманкуловдун колунда сакталып калган өз ичине 11 чыгарманы камтыган, 1837–жылы көчүрүлүп алынган фарс тилиндеги кол жазманы таап окуп чыгып, аны өзбек тилине которгон. Окумуштуу бул кол жазманын бөлүмдөрүндө Ош шаары жана анда жайгашкан Сулайман тоосу тууралуу маалыматтар бар экендигине көңүл бурган. Ушул кол жазманы Өзбек республикасынын Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу факультетинде институтунун кол жазмалар фондусунда сакталып турган эски чагатай тилиндеги нускасы менен салыштырып чыгып, алардын айрым окшоштуктарын жана айрымачылыктарын изилдеп чыккан. Окумуштуу бул китептеги «Рисолайи шахри Уш» (Ош шаарынын китеби) бөлүмүндө Ош шаарындагы тоо Баракух деп айтылгандыгына жана кол жазма фарс тилинде жазылгандыгына таянуу менен автору белгисиз бул эмгек фарс тилинде жазуу салтка айланган 13-14-кылымдарда жаралган деген тыянакка келет. Бул китептин айрым оош кыйыштары болсо да тарыхый эстелик катары колдон колго өтүп, орто кылымдардан бери сабаты бар адамдар тарабынан окулган жана колдон колго көчүрүлгөн бир бүтүн жана жалгыз чыгарма. Ал Сулайман пайгамбардын вазири-Асаф ибн Буркия, Кожо Умай Гази, Кожо Йаманий, «Кифая» китебинин автору Кожо Имам Исхах, Кожо Акмат Аркам, Кожо Акмат Арым, Имран Каас сыяктуу олуялардын жасаган иштери, алардын сөөктөрү ушул тоонун капталына коюлгандыгы тууралуу маалыматтар бар экендиги менен баалуу жана эл оозундагы эзелтеден бери айтылып жүргөн уламыштарды тастыктап турат.
Ош шаары ыйык шаар экендиги, анын жанындагы тоо Баракух Тоо (азыркы Сулайман тоосу) деп аталгандыгы атактуу тарыхчы Жамал аль Карший «Китабус Сурах Миннассихах» деген китебинде 1293-жылы минтип жазган: «Давут пайгамбардын баласы Сулайман а.с.дын вазири Асаф ибн Бурхиянын мүрзөсү Баракух тоосунда жайгашкан. Андан сырткары дүйнөгө жүзүнө дүңгүрөп аты белгилүү болгон он бир Ахмеддин (Ахмед Яссави сыяктуу) экөөнүн сөөгү да ушул Сулайман тоодо. Алар – Ахмед Аркам жана Ахмед Арым. Ошондой эле сахаба Йаманийдин сөөгү да ошол тоого коюлгандыгын жазып, илимпоздордун улугу жана падышанын садри (диний иштерди жүргүзүүчүсү) Мунир ибн Абылкасым ал-Оший жөнүндө да маалыматты билдирет.
Сулайман тоо тууралуу маалымат Бабур наамеде да айтылат. Ал абасы салкын, суусу таза Ош шаары, андагы Баракух тоосу , андагы Махмуд хандын салган үйү, андан төмөнүрөөк жайга бүткүл шаар, анын айлана-тегереги көрүнүп турган жерге өзү 1498-жылы чакан үй салгандыгы жөнүндө маалымат берет.
***
Мухаммад пайгамбардын ишенимдүү сахабаларынын бири Салмани Фарсинин жазгандарына жана «Мухаммед тарыхы» деп аталган китепке таянсак Мухаммад пайгамбар мираж түндө Идирис алейкисаламдын мекени болгон төртүнчү асманга жеткенде чыгыш тараптагы Хайрул Булдан, (дагы бир аты – Ош) деп аталган жердеги бир тоого Сулайман пайгабар курдурган мечитке ибаадат кылууну ойлойт. Алла тааладан келген буйруктун негизинде Жабиерил периште жан адамга билгизбей ал тоонун үстүңкү катмарын андан чыккан булак менен кошо төртүнчү асманга алып чыгат. Мухаммед С.А.В ал мечитте эки рекет намаз окуп, Сулайман а.с.дын рухуна дуба кылган.
«Рисолайи шахри Уш» китебинде Азирети али Мухаммад пайгамбардын мираж түндө болгон окуялар тууралуу өз оозунан минтип уккандыгы жөнүндө жазылган:
«Мени Жабиреил периште Бурак атка мингизип, өзү атты жылоолоп, насут (жер) ааламынан лахут (асман) ааламына көтөрдү. Асмандын биринчи катмарынан Адам алейки салам менен кездештим. Экинчи катмар Иса пайгамбардын жана Яхийа пайгамбардын, үчүнчү катмар Жусуп алейкисаламдын турган жайы экен. Идирис алейкисаламдын мекени болгон төртүнчү асманга жеткенде магрип (батыш) менен машрик (чыгыш) тарапты карадым. Машрик жактан бир нур көрдүм. «Ал эмне болгон нур?- деп сурадым. Жабиреил периште: «Чыгыш тарапта бир жер бар, анын аты Хайрул Булдан. Анын дагы бир аты- Ош. Бул жерде бир тоо бар. Азрети Сулайман ал тоого мечит курдуруп, ал мечитте көп жолу ибаадат кылган.» Ошондо ал мечиттин ичинде зыярат кылсам деген тилек кылдым. Алла Тааладан келген буйруктун негизинде Жабиерил периште ал тоону ошол жерден аккан булак менен кошо көтөрүп, төртүнчү асманга алып чыгып, мен ошол мечитке кирип, эки рекет намаз окуп, Сулайман а.с.дын рухуна дуба кылдым».
Илимпоз Махмуд Хасанийдин «Рисалаи Ош» деген китебинде Ибрагим а.с. пайгамбар Ош жергесине келип, азыркы Сулайман тоосунун этегине «Меккеи Ажам» деп аталган мечитти кургандыгы айтылат. Ошол доордо фарс элдерин аьжам эли деп аталса, кийин арап эмес элдин бары аьжам эли деп аталган. Ошол себептен Сулайман тоосуна курулган мечит «Меккеи Ажам» деп аталышы толук ыктымал.
Ата-бабасынан бери Сулайман тоосунун шайыгы болуп жүргөн Алимжан төрө Момунов аксакал «Меккеи Ажам» деп аталган мечиттин орду азыр да бар экендигин тастыктап, «Рисолайи шахри Уш» китебиндеги аты аталган Кожо Акмат Арым, Кожо Акмат Нарым, Олуя Йаманийдин жана Мукаммад Назарбек (Бек Эшен) кожонун сөөгү кеарде экендигин кийинки муундарга көрсөтүп жүрөт.
Диний аалымдардын жазгандарына таянсак, Ибрагим а.с. пайгамбар б.э.ч. 2180-жылы туулуп, 175 жыл өмүр сүргөн. Ал Нух пайгамбардын убагындагы топон суу каптоодон 1080 жыл өткөндөн кийин Вавилондо (азыркы Ирак) туулган. Ибрагим а.с. пайгамбар улуу уулу Ысмайыл менен бирге Мекке шаарындагы Каабаны курган. Топон суудан кийин кыйраган курулуш кайрадан калыбына келтирилген. Андан тышкары Палестинадагы «Масчиди Акса» мечитин да кургандыгы айтылат.
Мухаммед пайгамбарга берилген Бурак ат Ибрагим а.с. пайгамбарга да ыйгарылгандыгы тууралуу баян Имам Бухарийдин китебинде аалым Кырманийдин айтуусунда жазылат. Ошон үчүн Ибрагим а.с. пайгамбар да каалаган жерине чейин барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Анын небереси Жакыптын уулу Жусуп пайгамбар б.э.ч. 1934-жылы туулган жана б.э.ч 1824-жылы 110 жашта Мисирде көзү өткөн. «Рисалаи Ош» деген китепте Жусуп а.с. пайгамбар Ош жергесине келгендиги тууралуу маалыматтар жазылган.
Бизде Сулайман тоонун ыйыктыгын тастыктаган көптөгөн мисалдар бар. Алсак, Жабиерил периште ушул тоону булагы менен төртүнчү асманга алып чыккандыгын далилдеп турган анын жарылып турган бөлүгү, тоонун чокусунан бир аз төмөндөн агып чыккан булактын орду, тоо боорундагы булактан чыккан суунун изи, Сим-Каш көлү тууралуу уламыш, тамчы тамар мазарынан чыккан суу анын далили. Аны эл оозунда айтылган аңыз сөздөр да толуктап турат. Негизинен алганда «Ыйык Сулайман тоосунда катылган сырлар» деген китептин экинчи бөлүгүндө мына ушул тууралуу баяндалат.
Дин уламалардын жазгандарына жана айрым тарыхый булактарга жана эски кол жазмаларга назар салсак, жалпы саны 124 миңге жеткен пайгамбарлардын ичинен эң белгилүү 366 пайгамбар Сулайман тоосуна келип кеткен. Биздин Ата журтубуздан орун алган Сулайман тоосунун ыйык жай экендигин баса көрсөтүү, анда катылган сырларды баяндап берүүгө тарыхчыларыбыз, окумуштууларыбыз жана жалпы коомчулук да өз салымын кошууга тийиш.
Маектешкен:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
Ош шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17