Аймак

Төрт ханды тарбиялаган чыгаан аял Жаркынайым

 5,678 Бардыгы /

Төрт ханды тарбиялаган чыгаан аял Жаркынайым

Баатырды да, мамле­кет башчыны да, коомдук турмуштун башка чөйрө­лөрүндөгү чыгаандарды да эне төрөйт. Бирок, ачыгын эле айтуу керек, бир ханга сүйүктүү өмүрлүк жар болуп, бир ханды төрөп, өстүрүп, экинчи ханга эмчек сүтүн берип, дагы 2 ханды тарбиялап чоңойт­кон эне дүйнөдө эң эле сейрек, биздин билишибиз­че жок. 1802-жылы жарык дүйнөгө келип, болжол менен 1870-жылдын башталышында жарыкчы­лыктан өткөн Токтоназар кызы Жаркынайым Кокон хандыгын 35 жылдан ашык башкарган 4 ханды тар­биялаган аял болгон.

Жаркынайымдын балдары

Тарыхый фактыларга ылайык, 1804-жылы Ко­кондо хандык такка атаан­даш боло турган кан тукум­дарынын бардыгын кыруу башталганда 12 жашар Шералыны Авлетимге ал жерликтерге күйөөлүк жагы бар Мухамед Назарбек өңөрүп келсе, аны Нүсүп миңбашынын атасы Эсен­бай датка, “Баланын бул жерде турганы кооптуу, бул жакка Ордодогулар­дан көп катташат, Таласка ашырып жиберсек, ал жак­ка Кокондогулардын колдо­ру жетпейт” деп Таласка алып барып жашырган. Шералы эр жеткенде ага ошол жерлик Соно деген кызды алып беришет, андан Малабек (кийинки Малла хан) деген балалуу болот. Бирок, Шералы жайлоодо аксылык Токтоназар бий­дин кызы Жаркынайымды көрүп, ага ашык болуп, ал дартын досу Нүсүпкө айтат. Нүсүп Токтоназар бийге жуучу болуп, Намангандын беги Кедейбай датка экөө­сү Жаркынайымды Шера­лыга алып беришет.

Шералы андан Кудаяр­кан, Сопубек, Султанму­ратбек деген үч балалуу, беш кыздуу болгон. Ку­даяркан Кокон хандыгын 1844-1858, 1862-1863, 1865-1875-жылдары жал­пысынан 26 жыл баш­карса, эмчек сүтүн берип чоңойткон (Соно айым­дын эмчегинен сүт жак­шы чыкпаптыр) Малабек 1858-1862-жылдары 5 жыл, анын баласы Султан- сейит 1863-1865-жылдары 3 жыл, небереси Насир­динбек 2 жыл башкарган. Балдарынын ичинен апа­сына Кудаярканы өзгөчө жакын болуп, көп масе­лелер боюнча аны менен кеңешип иш кылгандыгы тарыхый булактардын бар­дыгында ырасталат. Ошон­дуктан, аны ордодогулар­дын бардыгы сыйлашып, айбыгышып “Хаким айым”, ”Малика-и Шубан айым” деп аташкан.

1842-жылы Шералыны Таластан Коконго алып ба­ратышканда алгач кайын- журту жашаган Кара-Суу айылына алып келип, Бу­харанын эмиринин марио­неткасы Ибраим Хайалды кабыл алгылары келбеген бийлер, даткалар, паңсат­тар Нүсүп миңбашынын же­текчилигинде Сафед-Бу­ланга чогулгуча бир нече күн тургузушуп, анан ал жерде улуу сапарга жө­нөтүүнүн ырым-жырымда­рын жасашкандан кийин узатышкан. Шералынын кайын-журту жайгашкан Аксынын Кара-Суусун ай­рым абройлуу тарыхчылар (мас. Плоских) деле Кара- Суу районуна чаташтырып да жазып жүрүшөт, бирок алар географияны билиш­пегендиктен же өздөрүнө Кара-Суу шаары Ферга­нанын Чыгышында жатса, ал эми Кокон өрөөндүн түштүгүндө болсо, хан кө­төрүү аземи белгиленген жер Сафед-Буланда же Ба­тышында болсо, Шералы­ны Таластан ал жакка алып баруунун кандай зарыл­чылыгы болгон?-деген су­роону беришпегендигинен улам андай көрүнүштөр келип чыккан.

Шералы Коконго хан болуп шайлангандан кийин ага билермандар, “Хандын жалгыз бой жүргөнү ша­риятка ылайык келбейт” де­шип ошол жердеги Саиди­ниса деген тектүү жесирге нике кыйдырышат. Бирок, ал аябагандай акылдуу аял болгондуктан, Шералынын таптакыр көңүлү ачылбай койгондугунан улам ханга Таластагы үй-бүлөсүн алып келүү жөнүндө айтат. Көп өтпөй Жаркынайымды балдары менен алып келүү үчүн Таласка ордодогу Риза төрө, Али Кожо эшен деген таасирдүү адамдар жетектеген атайын кербен жөнөтүлөт. Шералынын төшөк жаңырткандыгын ук­кан Жаркынайым Коконго баруудан баш тартат, би­рок, ордодон келген кыйын чыкмалар алдап-соолап, кымбат баалуу белектерди тартуулап отурушуп аны көндүрүп, алып жөнөш­көндүгү, аны жолмо-жол бектер, даткалар жана жөнөкөй адамдар кандай чоң урмат менен узатып турушканы Зиябидин Мак­сымдын аталган китеби­нин 129-136-беттеринде жетишерлик сүрөттөлгөн. “Малика-и Шахубанды бир мафага (кажава, төөнүн комунун үстүнө айал­дар отуруш үчүн кымбат баалуу жибектен жасалган саябан-чатырча. Көбүн­чө жол жүргөн учурда ак сөөк аялдар отурган) отургузушту“,- деп айтылат ошол убактагы окуяларды жакшы билген Зиябидин Максымдын китебинин 135-бетинде. Катта айым­ды (байбичени б.а. Соно айымды) башка мафага отургузушту. Аптап айым менен Маклар айымды дагы бир мафага отур­гузушту. Нарсулуу айым менен Саадаткан айымды дагы ( Жаркынайымдын кыздары П.Д.) бир мафа­га отургузушту. Андан кийин Айжан айымды эки кызы менен бир мафага отургузушту. Андан кийин шахзада Кудайаркан эки жагында кырктан жигит менен келди”.

Кудаяркан да жашы­нан кыпчактарга карата патологиялык жек көрүү сезими калыптанып, анын чоң кыргын менен аяк­тоосуна Жаркынайымдын да салымы болгондугун да жашырбообуз керек. Ант­кени, кыпчактардан чыккан кутумдар алгач анын тага­сы Нүсүп миңбашыны, анан күйөөсү Шералы ханды өлтүрүшкөндөн кийин Жар­кынайымда аларга карата чоң кек калган. Сүйүктүү баласы Кудаярга ал окуя­лар жөнүндө айта берип, ага кыпчактарды биротоло желмогуздай көрсөтүп сал­ган. Ошондуктан, Кудаяр хан ордодогу кезектеги жаңжалда чоң кайын ата­сы Мусулманкулду баш кы­лып, кыпчактардын бирин калтырбай кырууга буйрук берген. Кыргызстандын түндүгүндөгү кыпчактардын дээрлик бардыгы ошондогу кыргындан качып келген­дердин тукумдары болуп саналышат. Алардын бири Төкөлдөш деген адам болгондугун, ал өз айылы менен качып келип, азыркы Төкөлдөштү негиздеген­дигин анын тукумдарынын бири – Эл артисти, Эл баатыры Сабира Күмүша­лиева эжебиз көп айтчу.

Жаркынайым Курман­жан датканын эң жакын курбуларынан болгон, апасы жакшы көргөн аялга баласы Кудаяркан да өз­гөчө урмат менен мамиле кылган. Кокон хандыгынын тарыхында биринчи жолу Кудаяркандын жарлыгы менен аял адамга датка даражасынын берилүүсүнө бул жагдай да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Жаркынайымдын ордодогу турмушу, ролу А.Алибе­ковдун жогоруда аталган эмгегинде кеңири чагылды­рылган.

Тарыхый булактарга ылайык, Жаркынайым ордого келгенде хан сарайлардын бирине жайгашуудан баш тартып, өмүр бою эски ордо менен жаңы ордонун ортосунда тигилген он канаттуу боз үйүндө жашап өткөн. Ал үч ханды тарбиялап, өстүрүп, аябагандай чоң социалдык макамга ээ болгондо да, анын жүрөгү, жан дүйнөсү тоолук бойдон калган.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ

Булак: Туран

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17