Аймак

Абалың кандай, Сулайман-Тоо? Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси: ийгиликтер, көйгөйлөр

 26,940 Бардыгы /

Абалың кандай, Сулайман-Тоо? Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси: ийгиликтер, көйгөйлөр

Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси Кыргызстандагы эң ири музейлердин бири. Кыргыз элинин улуттун сыймыгы болгон баалуу тарыхый жана маданий эстеликтери сакталып турат. Анда 33 миңден ашуун музей фондунун экспонаттары топтолгон. Алардын 6694ү археологиялык, 3702си этнографиялык мурастар, 19852си документтер жана сүрөттөр, 1196сы кол өнөрчүлүк буюмдары, живопись, скульптура, графикалар.
Экспозициянын тарыхый бөлүмү адамзат коомунун өнүгүүсүндө эң узакка созулган таш доорунан баштап, Түштүк Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырат.
Биздин кабарчыбыз жакында «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Бактыгүл Мидиновага жолугуп кайткан. Ал бизге музей комплекстин түзүлүш тарыхы, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу кенен кесири айтып берген.
– Азыркы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башаты 1929-жылдын ноябрь айынан башталат. Анткени, ошол жылы Н.П.Сажина, В.Э. Поярков саяктуу окумуштуулардын демилгеси менен округдук музей үчүн тарыхый эскпонаттарды, документтерди чогултуу жумушу башталат. Адегенде өтө чакан имаратта жайгашкан музейде анчалык шарт жок болчу, анын атайын кызматкерлери да коомдук башталышта иштеген демилгелүү адамдар болгон.
Ласко У.А., Чейлытко В.Р., Баруздин Ю.Д., Пошко А.И., У. Абилов, Э.Кошоев, А.Асранкулов сыяктуу инсандардын аракеттери менен аймакта край таануу тарых музейлеринин түзүү, аны калыптандыруу жумуштары жүргүзүлгөн.
1949-жылы 15-майда бул чакан музей областтык край таануу музейинин статусун алган. 1950-жылы 1-декабрда жалпы аянты 27 чарчы метрди түзгөн 4 залы ачылган. Ал 1964-жылы ХVI- ХVII кылымдарга таандык болгон Рабат Абдуллахан мечитине көчүрүлгөн.
1975-жылы эскпозициялык залы бар административдик корпустун курулуш аяктаган. 1978-жылы областык край таануу музейи областык тарыхый-маданий музейи болуп кайра түзүлүп, Сулайман тоосундагы үңкүр музей анын карамагына берилген. Кыргыз элинин маданияты, материалдык-техникалык тарыхый эстеликтер, революция реликвиялары, нумизматика, эпиграфика ж. б. бөлүмдөр ачылып, музейдин эскпозициясы кеңейтилген.
1982-жылы музей областык тарыхый-маданий корук музейи деп аталып, анын курамына Рабат Абдуллахан мечити, Асаф-ибн-Бурхия мавзолейи, Өзгөн шаарындагы архитектуралук комплекс, Ноокат районунун борборундагы тарых жана кыргыздын кырааны кызы У.Салиеванын музейи киргизилген.
2000-жылы 4-октябрда Ош шаарынын 3000 жылдыгын белгилөө алдында Сулайман тоонун этегине курулган анынатайын типтеги жаңы имараты пайдаланууга берилген. Анын экспозициясы 2 бөлүмдөн туруп, 1100 чарчы метрди түзөт.
Кыргызстандын жалпы журтчулугуна жакшы белгилүү, 2009- жылдын июнь айында Испанияда өткөн ЮНЕСКОнун 33-кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынан “Сулайман тоо” маданий ландшафты ыйык тоо катары Бүткүл дүйнөлүк баалуулуктар мурастарынын тизмесине кирген. Бул тизмеге 126 өлкөдөн 300дөй обьект сунушталып, 13 обьект дүйнөлүк маанидеги 21 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган комиссиядан өттү. Бельгия, Кытай, Иран, Германия, Британия өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстандан “Сулайман тоо” да дүйнө жүзүндөгү ыйык сакралдык баалуулуктун бири катары кабыл алынды.
Сулайман тоонун аталган сакралдык тизмеге кошулушу – Кыргызстанга эл аралык карым-катнаштарды түзүүгө, эл аралык маданий, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түздү. Биз, Кыргызстандыктар аны менен сыймыктанып, замандаштарыбызга, жаштарыбызга келген конокторго жана туристтерге Сулайман тоосундагы /р-кыз, Кырк чилтен, Жигит пири Шаймерден жана Эшен үңкүрлөрү, Бабурдун үйү, Бешик таш, Кол таш, Бел таш, Баш таш, Тамчы тамаар сыяктуу ыйык жерлер атамзамандан ушул күнгө чейин магиялык касиети бар жайлар деп эсептелет. Сулайман тоонун башкалардан өзгөчөлөнгөн ыйык жай экендигин анын боорундагы ташка чегилген петроглифтер да тастыктап турат. Алардын басымдуу көпчүлүгүнүн түштүк тарапты тактап айтканда, Күндү карап чегилгендиги да өзүнчө мааниге ээ. Ачык асмандагы Саймалуу Таштагы петроглифтеринде адамдардын күндөлүк турмушун баяндаса, Сулайман тоодогу петроглифтерде сакралдык сырдуу дүйнөнүн белгилерин чагылдырып турат.
Сулайман тоонун сакралдык мааниге ээ болгондугу орто кылымдардарда жазылган тарыхый эмгектерде жана элдик оозеки чыгармаларда баяндалган. Ош шаары ыйык шаар экендиги, анын жанындагы тоо Баракух Тоо (азыркы Сулайман тоосу) деп аталгандыгы атактуу тарыхчы Жамал аль Карший «Китабус Сурах Миннассихах» деген китебинде 1293-жылы минтип жазган: «Давут пайгамбардын баласы Сулайман а.с.дын вазири Асаф ибн Бурхиянын мүрзөсү Баракух тоосунда жайгашкан. Андан сырткары дүйнөгө жүзүнө дүңгүрөп аты белгилүү болгон он бир Ахмеддин (Ахмед Яссави сыяктуу) экөөнүн сөөгү да ушул Сулайман тоодо. Алар – Ахмед Аркам жана Ахмед Арым. Ошондой эле сахаба Йаманийдин сөөгү да ошол тоого коюлгандыгын жазып, илимпоздордун улугу жана падышанын садри (диний иштерди жүргүзүүчүсү) Мунир ибн Абылкасым ал-Оший жөнүндө да маалыматты билдирет.
Сулайман тоо тууралуу маалымат Бабур наамэде да айтылат. Ал абасы салкын, суусу таза Ош шаары, андагы Баракух тоосу, андагы Махмуд хандын салган үйү, андан төмөнүрөөк жайга бүткүл шаар, анын айлана-тегереги көрүнүп турган жерге өзү 1498-жылы чакан үй салгандыгы жөнүндө маалымат берет.
Сулайман-Тоонун Бабур мазарынын шайыгы болуп иштеп келе жаткан Алымбек ажы Култаев «Ыйык Сулайман тоосунда катылган сырлар» деген илимий-популярдуу китептин экинчи бөлүгүн басмага тапшырып келди.
Автор окурмандарга тарых илимдеринин доктору Махамаджан Хасановдун «Ош- Хайр-ул-Билод» (Ош шаары жөнүндө рисала) аттуу илимий эмгегине таянуу менен Сулайман пайгамбардын вазири-Асаф ибн Буркия, Кожо Умай Гази, Кожо Йаманий, «Кифая» китебинин автору Кожо Имам Исхах, Кожо Акмат Аркам, Кожо Акмат Арым, Имран Каас сыяктуу олуялардын жасаган иштери, алардын сөөктөрү ушул тоонун капталына коюлгандыгы тууралуу маалыматтарды тартуулайт.
А.Култаев «Ыйык Сулайман тоосунда катылган сырлар» деген илимий-популярдуу китебинде Мухаммад пайгамбардын ишенимдүү сахабаларынын бири Салмани Фарсинин жазгандарына жана «Мухаммед тарыхы» деп аталган китебине таянуу менен Мухаммад пайгамбар мираж түндө Идирис алейкисаламдын мекени болгон төртүнчү асманга жеткенде чыгыш тараптагы Хайрул Булдан, (дагы бир аты – Ош) деп аталган жердеги бир тоого Сулайман пайгабар курдурган мечитте эки рекет намаз окуп, анын рухуна дуба кылгандыгын баяндайт.
Ата-бабасынан бери Сулайман тоосунун шайыгы болуп жүргөн Алимжан төрө Момунов аксакал «Меккеи Ажам» деп аталган мечиттин орду азыр да бар экендигин тастыктап, «Рисолайи шахри Уш» китебиндеги аты аталган Кожо Акмат Арым, Кожо Акмат Нарым, Олуя Йаманийдин жана Мукаммад Назарбек (Бек Эшен) кожонун сөөгү кеарде экендигин кийинки муундарга көрсөтүп жүрөт.
Музейдеги экспонаттар – мамлекеттин, улуттун байлыгы. Аларды сактоо максатында биздин илимий кызматкерлер көптөгөн тарыхый эстеликтердин толук маалыматын камтыган паспорторун түзүүгө жетиштик.

Бул жерде баса белгилеп өтүүчү жагдай, биз республикада алгачкылардан болуп музейдеги экспонаттарды санарип ыкмасына өткөрүп жатабыз. Сулайман-Тоонун сайты түзүлүп, дүйнөлүк тармакка кошулганбыз. Туристтер дүйнөнүн каалаган жеринен маалымат ала алышат. ЮНЕСКО тарабынан бөлүнгөн каражатка сатып алынган 1 млн 200 миң сомдук сыр узундугу 1600 метр болгон Сулайман-Тоону курчаган Улуу Жибек жолун элестеткен темир тосмону сырдоого жумшалды. Ал музейдин кызматкерлери өз күчү менен жүргүзүлдү.«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору А.И.Тургунбаевдин аракети менен Сулайман тоого чыгуучу туристтик жолдор бузулуп, цемент заводдорунун колдоосу менен оңдоп-түзөө иштери жасалды. Өткөн 2013-жылы башкы музейдин имаратты, кабинеттерди ремонттоп, керектүү техникалык каражаттар менен камсыз кылдык. Үңкүр комплексиндеги витриналар, слайддар жаңыланды, калкан сырдалды. Шаардык мэриясы тарабынан берилген 350 миң сом акча каражатына музейдин алды, орто кылымга таандык мончонун айланасы ремонттолду. Зыянга учураган Ош кыштакчасын бюджеттен тышкары, өз алдыбызча калыбына келтирдик. Зыяратчыларды татыктуу тейлөө үчүн сөрүлөр, мал союучу жай, даараткана оңдолду. Мындан сырткары, Сулайман-Тоо боюнча бардык тарыхый эстеликтерди камтыган карта-схема коюлган. Былтыр 2013-жылы кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин Сулайман-Тоого кирүүчү автоунааларга чектөө койгонбуз. Себеби, транспорт дагы тоонун флора, фаунасына терс таасирин тийгизет. Жыл бою Сулайман тоосунун тазалыгын сактоо үчүн шаардын жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектептердин окуучулары менен тынымсыз ишембиликтер өткөрүлүп турат.

Жетекчиликтин аракети менен түрк инвесторлору менен мамиле түзүлүп, тоонун этегиндеги Асаф-ибн Бурхия күмбөзү өткөн жылы 135 миң сомго реставрациялады. Музей коопсуздугун камсыз кылуу максатында Түркиянын «Мехмер» ЖЧКнын жардамында 4 жерге видеокөзөмөл орнотулган. Түрк ишкерлери менен орто кылымдагы мончону сактоо максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сулайман-Тоого кире бериштеги от дарбазасындагы автоунаа токтотуучу жайды заман талабына жараша куруу боюнча түрк ишкерлери менен долбоор түзүлүп, иш башталыш алдында турат. 260 миң сомдук долбоордун негизинде Сулайман-Тоону, башкы музей жана Үңкүр комплексин түнкү жарык берүү жакынкы күндөрдө ишке ашат.

Биздин филиалдарыбыздын бири болгон Өзгөн ААМКте имам Ас-Сарахсий күмбөзү калыбына келтирилди. У.Салиеванын 100 жылдыгына карата дагы бир филиалыбыз У.Салиева музейи 700 миң сомго толугу менен ремонттолду. 2013-жылы Ноокат райондук музей филиалыбызда Н.Исановдун бурчу ачылып, музей кызматкерлерибиз жасалгалоо иштерин толугу менен бүтүрүштү. Анын ачылышына КР Президенти Алмазбек Атамбаев катышты. Мындан сырткары, облустагы, түштүк жергесиндеги музейлерге усулдук жардам тынымсыз берилип турат. Алай районундагы Курманжан Датка энебиздин музейине усулдук жардам берилди.

Музей кызматкерлеринин кесиптик потенциалын көтөрүү максатында кадрларыбыз жакынкы жана алыскы АКШ жана Кытай мамлекеттерине барып, өз ара тажрыйба алмашып келишти.

Жалпылап айтканда, акыркы 4 жыл ичинде музей комплекске 6 млн сомдон ашык инвестиция тартылды. Былтыркы жылы Сулайман-Тоого келгендердин саны 107 миңге жетти. Кудай буюурса, быйыл мындан дагы жогорку көрсөткүч болот деп ниеттенип турабыз.

ЮНЕСКОнун ыйык тоо катары Бүткүл дүйнөлүк баалуулуктар мурастарынын тизмесине кирген. Сулайман тоо менен кыргызстандыктар аны менен сыймыктанып, замандаштарыбызга, жаштарыбызга келген конокторго жана туристтерге Сулайман тоосунда катылган сырларды баяндап берүүгө милдеттүүбүз. Биздин музейдин кызматкерлери 2013-жылдын сентябрь айында жаштардын демилгеси менен «Кечки музей» деп аталган иш-чара өткөрүлүп, шаардын 3000 ден ашуун тургундарын бекер тейледик. Үстүбүздөгү жылдын май айында «Сорос-Кыргызстан» фондунун финансылык колдоосунда « Дөңгөлөк үстүндөгү музей» долбоору ишке ашырылды. Долбоордун алкагында Ош жана Баткен облустарындагы балдар үйү, мектеп-интернат, адистештирилген мектептердин 2000ден ашуун окуучусу «Сулайман-Тоо» УТАМКсы, тарыхый эстеликтер боюнча маалымат алышты. «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен 360 миң сомдук «Культурная палитра» аттуу көргөзмө Кыргызстандын аймактарында коюлду. Петроглифтер боюнча да көчмө көргөзмөлөрдү мектептерде, жогорку окуу жайларында өткөрүп жатабыз.
Жогорудагы жетишкендиктер менен бирге эле Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин көйгөйлөрү да бар. Бүгүнкү күндөгү биздин эң негизги көйгөйүбүз мамлекеттик актыбыздын жоктугу. Ал көп иштерди мыйзам чегинде жасоого, айрым көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө тоскоол болуп жатат . 2013-жылы Жогорку Кеңеште «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору А.И.Тургунбаев бул көйгөйлөрүбүз тууралуу барып биздин көйгөйлөр туралуу атайын доклад окуп келген. Бардык мыйзамдар чыгып, аткарылмакчы болгон. Тилекке каршы, мыйзам аткарылбай кагаз жүзүндө гана калып жатат. Сулайман-Тоонун менеджмент планы түзүлүп, 2006-2010-жылдарга карата аракет план иштелип чыккан. Быйыл 2014-2017-жылдарга карата аракет план түзүлүп, үстүбүздөгү жылдын март айында КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан бекитилген. Бул аракет план 34 пункттан туруп, алардын кээ бири бүгүнкү күндө ишке ашып жатат, а кээ бири баштала элек
Мен жакында Кытай Эл Республикасында болуп, бул өлкөнүн ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк баалуулуктар мурастарынын тизмесине кирген жайларында болуп келдим. КЭРде бул маселеге мамлекеттик масштабда көңүл бурулат экен. Таң каласың. Сулайман тоонун аймагында жайгашкан «Торгмонтаж» ишканасына 2000-жылы Сулайман-Тоонун аймагынан чыгарылсын деген токтом чыккан. Тилекке каршы, ал токтом бүгүнкү күнгө дейре аткарылбай келет. Кээ бир чиновниктердин кийлигишүү менен таасири күчтүү бизнесмендер өздөрүнүн жеке менчик кафе-ресторандарды куруп алышкан. Сот курулуш чыгарылсын деген чечим чыгарып берсе да ал чечимдер аткарылбай келет.
Сулайман-Тоодогу петроглифтердин абалы дагы оор. Петроглифтерди реставрациялоо боюнча кадр даярдоо зарыл. Петроглифтерди оңдоо боюнча «Кыргызреставрация» ишканасы менен келишкенбиз, аларга 140 миң сом которулган, бирок акча каражатынын жетишсиздигинен бул иштер аткарылбай турат.
Жакында «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин башкарууну жана коргоону жакшыртуу боюнча Коомдук Кеңешинин кезектеги отурумунда бул көйгөйлөр кайрадан көтөрүлүп, КР маданият, маалымат жана туризм министрлигине, КР Жогорку Кенешке, Ош шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө расмий кайрылуу жөнөтүлдү. Бул Кайрылуудан тиешелүү жыйынтык чыгып калат деген үмүттөбүз.

Маектешкен:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
Ош шаар

Абалың кандай, Сулайман-Тоо? Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси: ийгиликтер, көйгөйлөр
Абалың кандай, Сулайман-Тоо? Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси: ийгиликтер, көйгөйлөр

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17