Аймак

Кубатбек Табалдыев: “Кыргыздар Түштүк Сибирь кичи расасына кирет”

 4,968 Бардыгы /

Кубатбек Табалдыев: “Кыргыздар Түштүк Сибирь кичи расасына кирет”

Кубатбек Табалдыев – кыргыздын археолог, тарыхчы окумуштуусу, Кыргызстан, Сибир, Ички Азия тарыхы боюнча мыкты адис. Тарых илимдеринин кандидаты, профессор. Кыргыз Тарых Коомунун вице-президенти.

–Кубатбек, археология илимине кандайча баш багып калгансың, сөздү ушундан баштасак?

–Атам мектепте тарых сабагынан мугалим эле. Үйдөгү китеп текчеде тарыхка байланышкан илимий китептер көп болчу. Китептин кызыктуу жерлеринен байма-бай айтып берип мени бала кезден кызыктырып койгон. Мектепти бүткөндөн кийин Университеттин тарых факультетине тапшырып окуп калдым. Алгач жалпы эле тарыхчы болоюн дегем. 1-курстун аягында милдеттүү түрдө археологиялык окуу практикасы бар. Биз Ат-Башы жергесиндеги Кошой коргон тарыхый эстеликтерине барганыбызда, а жердин атмосферасы, аурасы бир башкача өңүттө арбап алды. Ошо жерден археология илимине болгон жеке кызыгуу башталып кетти. Студенттик кезде ар жыл сайын экспедицияга үзбөй барып, тарыхый казууларга түздөн-түз катышып турдум. Окууну аяктаганда Караколдогу Педучилищеде 2 жыл мугалим болуп иштегенден кийин Улуттук Университеттин археология кафедрасына адистер жетишпей, археологияга кызыккан эркек бала издеп атышканын угуп келсем, профессор Аблабек Асанканов мени лаборант ишине кызматка алды. Мына ушу кезден баштап илимге баш-отум менен кириштим десем жаңылышпайм. Аз өтпөй Кочкор жергесиндеги мындан 2300-2500 жыл мурдагы Сак урууларынын эстеликтерин казууга 2 жыл удаа катыштым.

–Өз алдыңча кайсы тарыхый жерди биринчи изилдеп баштадың?

–Өз алдымча Кочкор жергесинен кийин 1987-жылдан баштап Университеттин археология кафедрасынын бир тайпасын жетектеп, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Байыркы көчмөндөрдүн орто кылымдагы тарыхый эстеликтерин казуудан баштадым.

–Ошо жылдары кандидаттык диссертацияңды Россиядан да жактап келдиң окшойт?

–1989-жылы Новосибирск Университетинде профессор Юрий Сергеевич Худяковдун жетекчилиги алдында аспирантурада окудум. 1994-жылы археологиялык булактардын негизинде “Теңиртоодогу орто кылымдагы көчмөндөрдүн маданияты жана эволюциясы” деген темада кандидаттыгымды жактадым. Мындайча айтканда, 6-16 кылымдын ортосу болуп калат.

–Нарын жергесиндеги изилдөөлөр уландыбы?

–Уланды. Таш доорунан тартып орто кылымга чейинки мезгилдеги материалдар менен иштей баштадым. Улам бир кызыктуу ачылыштардын үстүндө тынымсыз иштедик. Тарыхый эстеликтерди изилдөө азыркыга дейре уланууда.

–Жыйынтыктар болбой койгондур?

–Жыйынтык катары 8-кылымдагы ата-бабалардын жазуу маданиятын айтсак болот. Буга чейин болгону 20га жакын гана жазуулар бар эле. А биз 30дан ашуун жаңы жазууларды таптык. Бабалардын сабаттуулугу тууралуу бай маалыматтарды топтогонго үлгүрдүк. Материалдар азырынча жетиштүү.

–Жеке эле кыргыздарга тиешелүүбү же башка элдердики да барбы?

–Ар түрдүү тилде болгону менен биздин бабалардын турмуш тиричилигине, жоокердик өнөрү көрсөтүлгөн таш жазуулар. Бул жазуулар Теңиртоодогу, Алтайдагы, Енисей жергелеринен табылып, изилдөө иштери акырына чыга элек.

–Окумуштуулардын айтуусунда биздин элди Байыркы элдин катарына кошуп жүрүшөт. Эмнеси менен байыркы, бу жөнүндө эмне айтат элең?

–Казууларды алгач баштаганда биздин ата-бабалардын руханий байлыгын, маданиятын изилдеп, бат эле далилдеп коебуз го деп ойлогом. Кандидаттыгымды жактагандан кийин жыйынтыктап келсем, түздөн-түз биздин элге тиешелүү биздин байыркы Енисей тарыхы менен байланыштуу материал 3 барактан ашкан жок. Көбүнчө тарыхыбызды Енисей менен туташтыра беребиз, бир четинен бу жакшы эле көрүнүш. Себеби, учурунда улуу дөөлөттү, руханий байлыкты түзгөн эл болгон. Бирок, ар бир кездин өйдө, жогорулап көтөрүлгөн мезгили бар, кайра түшкөн учуру болот эмеспи. Ушуну эстен чыгарбашыбыз керек. Енисейдеги 840-960 жылга чейинки мезгил – улуу держава мезгили катары сакталып келет. Бул укмуштуу мезгил, муну ар бирибиз бөркүбүздөй билип коюшубуз абзел. Ошо кездеги темирден, алтындан, колодон жасаган буюм-тайымдары бизди эле эмес, жалпы коомчулукту таңгалтырып, суктанганыбыз суктанган. Бирок, Енисей тарыхы менен кыргыздын, биздин ата-бабаларынын тарыхын бир беткей байлап, калгандарына чектөө кылып койгонубуз да туура эмес деп ойлойм. Муну айтып атканымдын жөнү бар. Енисейге чейинки тарых жок сыяктуу да, Енисейден кийинки тарых да жок сыяктуу элес калтыра берет. Ал эми Кыргызстандын тарыхын алсаңыз, жанагы чоочун Андрон маданияты, Сактар, Гундар, Батыш, Түрк каганаты, Түргүчтөр, Караханилер каганаты, анан Чынгызхандын кириши менен бүтөт. Анан туруп-туруп эле 16-кылымдан кайра башталып кетет. Археология илими болсо башкачараак көргөзөт экен.

–Мисалы?

–Археология, антропология илими бир аз тереңирээк көргөзөт. Кийинки тарыхчылардын изилдөөсү боюнча Кыргызстандын тарыхы Енисейге чейинки Чыгыш Теңиртоодо башталат. Кытайдын түндүгүндөгү Шэньчжэнь, Уйгур автономиялык округу, Алтайдын арты, Монголиянын батыш аймактары менен түздөн-түз байланыштары бар. Муну археология илими ирээттеп жана далилдеп берет. Мындан 4 миң жыл мурдагы жашаган калктын маданияты, биздин эрага чейинки 3-4-5-кылымдарга тиешелүү көрүстөндөрдү ачканда эркектердин жанынан учанын, аялдардын сөөгүнүн жанынан майда жаныбарлардын куймулчагы чыккан. Биздин кадимки эле устукан таркатуу маданият үлгүсү экенин далилдеп жатат.

–Устукандарды эмнеге жанына кошо көмүшкөн?

–Аркы дүйнөдө жашоо бар, ачка болбосун деген таризде. Күнүмдүк колдоно турган буюм-тайымдар кошо көмүлгөн. Экинчи дагы бир жакшы далил, Алтайдын чордонундагы Пазырык эстелигин айтсак болот. А жердеги казууларда мүйүздөн, кийизден, териден жасалган буюм-тайымдар күнү бүгүнкүдөй сакталып калган. Кыргыздын калпагы чыккан. Азыркы калпактардан алда канча кооз, 4 курак эмес, эки гана, алды-арты кайрылган. Ошо Пазырык маданият элементтери биздин Теңиртоо аймактарына чейин келген. Ал боюнча толук далилдерибиз бар. Ат жабдыктары да абдан жакшы көрүнөт. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башындагы ат жабдыктарды алып көрсөк, ошолордун байыркы үлгүлөрү биздин археологиялык маалыматтарда бар. Биз ушу табылгаларды ар бир доорго салып, азыркыга чейин алып келгенде алардын өнүгүшү айдан ачык көрүнүп, мындай далилдердин негизинде элибиздин тарыхынын улуулугун, байыркылыгын көргөзө алабыз.

–Ал эми биздин бабалардын келбеттери кандай сыпатталат, бою, өңү, түсү дегендей?

–Антропология маалыматтары боюнча бизде далилдүү жооптор бар. Чоң расалардан европеоид, монголоид, негроид болсо, булардын ар бири да өз алдынча көп түрлөргө жиктелип кетет. Монголоиддики эле 20га жакын, европеоиддики да 30-40ка жакын түрү бар. Ошонун ичинен биздики толук бойдон европеоиддикине да, монголоидке да кирбейт. Экөөнүн ортосунан жаралган “Түштүк Сибирь кичи расасы” деп коет. Биз ошонун өкүлдөрү болобуз. Бу жакка кыргыздардан тышкары казактар, тывалар, хакастар жана кытайдын бир бөлүгү кирет. Раса катары биздин эрага чейинки 2-миң жылдыктын акырында Алтай тоосунун тегерегинде жана Сибирде калыптана баштаган.

–Өңү сары, көзү көк, европеоид расасына киребиз деп окутушпады беле?

–Ооба, көздөрү көк, чачтары сары деп жадагалса окумуштуулар буга чейин айтып келишкен. Мындай нерсеге сын көз караш менен караш керек. Анткени, алар өз учурунда Кытай династиясынын байыркы жазма булактарына таянышкан. Себеби, ар бир чоң империя өзүнүн династиясын көтөрмөлөп, барктап жазышат да, калган элдерди басмырлаган учурлар көп кездешет. Бир беткей мүнөздөп дегеним. Тарыхый маалымат менен археологиялык маалыматтын ортосунда ажырым бар…

Сурат Жылкычиев

(Уландысы бар)

Булак: Азия Ньюс

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17