Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СЫНАК. Ачы токой кызматы токой аянтын ижарага берет
ЖАРЫЯ. Аксы районундагы Авлетим токой чарбасы жаңгак аралаш токой аянттарын ижарага берет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ОТУН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ ЖАРЫЯЛАЙТ.
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
СЫНАК
СУЗАК РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ЖУМУШКА ЧАКЫРАБЫЗ!
КЫРГЫЗ СОМУНА 25 ЖЫЛ. СЫНАК
Аукцион
Сынак. БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
МОГОЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН БОШ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨ БОЮНЧА С Ы Н А К ЖА Р Ы Я Л А Й Т
Жарыя. ЖАЗУУЧУЛАРГА СЦЕНАРИЙ ЖАЗУУ БОЮНЧА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ
Продается участок под бизнес в г. Жалал-Абад цена 200000 сом 0777444401
Тендер
ДЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Жарыя
Акция!!! Биринчи жолу Жалал-Абадда!!!
СЫНАК
АУКЦИОН

Улуу Ата Мекенди Жеңиштин 70 жылдыгына карата. КЫРК ЖЫЛ КҮТКӨН СҮЙҮҮ (новелла)

3,468 просмотров всего, 6 просмотров сегодня

Улуу Ата Мекенди Жеңиштин 70 жылдыгына карата. КЫРК  ЖЫЛ  КҮТКӨН  СҮЙҮҮ                        (новелла)Карагайлуу беттин чоку тарабы агарып улуу тоодон кылайып сүттөй аппак нур чачып ай чыгып келе жатты, кечке оттоп тойгон койлор ныксырап жуушап, күтүрөтүп кепшеп жатышты. Карагайларды шамаалга гуулдаган үнү эле болбосо айлана тыптынч, кез кезде гана баюлунун күүлдөгөн добушу эмелекки тынчтыкты жарып өтөт. Жайлоодогуларга бул көнүмүш адат. Боз үйдөн обочороокко тигилген Эшимбектердин чатырында бүлбүлдөп чырак күйөт. Бул 1941-жылдын жазы болчу, быйыл Эшимбектер жайлоого негедир эрте чыгышкан эле.
Эшимбек бүлбүлдөгөн шам чыракты бет маңдайына коюп алып, зыя калемди улам суулап, кагаз бетине бир нерселерди чиймелеп, сүйгөн кызы Зыйнатка кат жазып жатты. Анан жазылган каттын чекелерине гүлдөрдү тартып кооздой баштады. Деги эле сөз коошпойт, кымбат баалуу сөздөр табылбайт, жазган каты ушулбу деп айтабы деп таң кулаанөөк салып келе жатканга чейин убара керчилик тартты. Таң аттыра толгонуп жатып тапкан сөзү «Алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу, ай десең айдай, күн десең күндөй, менин алтыным! Сен дегенде уйку качып, элесиң мени менен бассам турсам бирге жүрөт» деп жазып бүткөн кезде Эшим бектин оюн кубаттагансып аркы карагайлуу беттен баюлунун үнү чыкты. Бир кур Эшимбекти уктабай аңдып олтургансып туюлуп кетти. Бул да мага окшогон сүйүүгө мас болуп ачык жообун ала албай жүргөн шордуу окшойт деди ичинде. «Жалындаган жаш жүрөк сени сүйөт» деп алып, “сени” деген сөз катуу тийип кетпесин деп кайра кайра чийип, “сизди” деп оңдогону болду. Бул сөздөрүн кайра кайра окуп, эми ыр жазуу керек эле.
Адырга чыккан талдайым,
Толукшуп турган айдайым.
Жараткан кошуп өзүңдү,
Бир болсок деймин ар дайым.

Кыраанга чыккан талдайым,
Кыздардан сизди тандаймын.
Кош данек болуп жаралып,
Кошулсак деймин ар дайым!» -деп сизди жалындап сүйгөн жаш жүрөк Эшимбек» деп катты аяктап, анан кирпик какпай бул катты кантип берсем деп жолун издеп жатты. Жыл сайын жайлоого жанаша чыгышып Эшимбектер Ат-Жайлоого, ал эми Зыйнаттар Кайрыма-Булакка келип олтурушат да, анан ушул жерден тээ Ашуу-Төргө чейин жайкысын койлорду оторлотуп жайышат. Эшимбек да Зыйнат да кичинесинен чогуу өсүп бой жетишти. Эми минтип Эшимбек кат жазып алып Зыйнатка катын кантип берүүнүн жолун таппай бушайман.
Кайрыма-Булактан жолун тоссом деп өзүн өзү сооротту. Булакка жалгыз келсе жакшы болмок, кыздар менен келсе канттим, деген ой кайрадан тынчын алып жатты. Ошентип түбү жок санаага түшкөн ойлор менен түйшөлүп жатып таң да атты. Бүгүн койлорду Кайрыма -Булак жакка жайып жөнөдү. Бетегелүү бетте койлор деле алыс кетпей жайылып, кой четиндеги Эшимбектин эки көзү айыл тарапта качан чыгып кыздар булакты көздөй жөнөйт болду экен. Тилек максаты эле Зыйнат жалгыз эки челек бир бакан менен булакты көздөй басса эле булактын үстүндөгү четиндин арасынан чыга калмак. Ыңгайлуу учурдан пайдаланып жазган катын берсе.
Кудай тилегин берсе болобу, Зыйнат ак көйнөгүн булактатып бутуна өтүк кийип, кыжым сыкмасы боюна жарашып, эки арча челекти бир колуна, баканды бир колуна алып кыялап жалгыз сууга келе жатты. Кош өрүм чачы жер чийип, эми гана чыгып келе жаткансыган бөйтөйгөн кош алмасы ансайын сымбатына чыгарып көздүн жоосун алат. Эми келип булактан суу алып жатканда:
-Зыйнаш кандайсыз? Жакшысызбы?,- деп Эшимбек четиндин арасынан чыга келди. Колго түшкөн коёндой көздөрү балбылдап, анардай болгон жүзү албырып, уялыңкы жер карап, «арбаңыз Эшике» деп колун сунду. Эшимдин денесине кан жүгүрүп кеткендей болду. Ушул саамды текке кетирбей жылуу жумшак учурашып, колуна катын кошо кармап, карматты.
-Мен кетейин аке, апамдар байкап калбасын,- деп арча челектерди жерден көтөрүп, катты жеңинин ичине катып, шашылып Зыйнат жолго түштү. Үлпүлдөгөн жеңинин учу Эшимбектин бетин кошо желпип, атыр жыттуу жыты Эшимбекти бир магдыратып өттү. Эшимбек деле сөз тапкан жок, токтой турсаң деп да айта албады. Эмнеси болсо да жүрөгү лакылдап, өзүн жоготуп турду. Зыйнат тез эле кыр айланып айыл жакка кетти. Мына эми каттын жообун күтө бер.
Арадан апта өтүп кетти, каттын жообу жок, же ыңгайын таап Зыйнатка жолуга албайт, эки конуштун аралыгы бир эле тумшук. Эшимбектер Арпа-Тектирде, ал эми Зыйнаттар болсо Кайрыма -Булакта олтурушат. Бүгүн да Кайрыма-Булак тарапка кой жайган Эшимбек кечке Зыйнатты күттү. Катар конгон кош канат болгон эки боз үйдүн эшигинен кирип чыккан адам көп, Зыйнаттын дареги билинбейт. Күн тоого далдаланып батып баратканда гана Зыйнат челектерин көтөрүп булакты көздөй жөнөдү. Булакта Эшимбектин күтүп жатканын ал билет эле же жүрөк чиркин туйганбы, айтор жылуу жылмайып учурашып, акырын булакка түшүп келип чакаларына суу алып, колундагы кештеленип токулган жүз аарчууну Эшимбекке берди да «аке тезирээк кетип калың, апамдар байкап калбасын» деди. Толукшуган жүзү албырган Эшимбек жанында бир азга тура албай четиндерди аралап «көрүшкөнчө» деп көздөн кайым болду. Кыздын деле санаасы тынчыгансып булактан шашылбай суу алып, жүзүн чайып олтурду.
Жүз аарчуунун четинде «Мен сизди жакшы көрөм» деген жазуу саймаланып, түркүн түс менен түшүрүлүп, анан ага атыр себилген эле. Эшимбек бул сөздү окуп алып тигил батып бараткан күндөн улам алоолонуп өрттөнүп жаткандай кызыл булуттардан бери турган чокуларга чыгып алып «Бүгүн мен кандай бактылуумун», «Мени Зыйнатым жакшы көрөт» деп кыйкырып, кыйкырып алгысы келди. Короого көңүлү куунак, кыңылдап ырдап келди.
ххх хххх
Жайлоодогулар кан күйгөн согуш башталганынан капарсыз эле. Айыл дүрбөлөң, согуш башталыптыр, немистер басып кириптир деген суук кабар элдин үшүн алып, кайгы басып турган. Жайлоого жаңы эле көчүп келишкен эки кошуна куда болушуп Эшимбек менен Зыйнаттын баш кошуу тоюн өткөрүүгө эл чакырылып калган.
Эки жашты баш коштурушуп никеси кыйылып, эртеси келин тойду баштаганы союшту жыгып жатканда айылдан согуш чыгыптыр деген кабар келди, өтө шаңдуу болбосо да той өттү. Тойдон көп өтпөй эле Эшимбекти аскерге чакырган кагаз келди. Ошол түнү эки жаш уктаган жок, бири- бирине ант беришти, күтмөк болушту.
-Жаңым мени күт, мен сөзсүз жеңиш менен келем, өлдү десе ишенбе,- деди Эшимбек жаш колуктусунун кулагына шыбырап.
-Андай суук сөздү айтпаңчы, мен сизди күтөм, сиз менен жаным бир, ишениңиз,- деди жаш келин, айкалышты, аймалашты, бирок кумар чиркин канбай калды. Жаштыктын жыргалын эми көрүп, өз алдыларынча түтүн булатарында кара басып карабайсынбы булардын бактына согуш чыгып кеткенин.
Жаш жубайынын жанында жатканына бир жума болбой тойдун ордуна ошол жердеги аксакалдардан бата алып, атасы уулун согушка жөнөтүп, ичинен кан өтүп, сыртынан сыр алдырбай олтурат. Апасынын көзүнөн аккан жашы кургабай муңканат, айла канча. Ал эми эки көздөн аккан жашы куюлган келинчегин бооруна бекем кыса кучактап, Эшимбек эки аттуучандын коштоосунда жолго түштү. Келинчегине айткан сөз «Күткүн жаным, мен сөзсүз келип калам, жеңиш менен келем» деген гана сөз болду. Ал согуш кайсыл жерде, кандай согуш андан Эшимбектин кабары жок болчу.
Эшимбек аскерге кеткенден бери эки эле жолу кат келди. Биринде Сталинградды бошоттук, жер жайнаган немисти колго түшүрдүк, эми Украинаны көздөй бошотуп бара жатабыз, буйруса жеңиш биз тарапта болот деген кат келген. Ошол кат акыркысы болду.
Согуш бүтөрүнө бир жыл калганда «Эшимбек Турсунбаев Гомел шаарын бошотууда баатырларча курман болду» -деген кара кагаз келген. Бирок ага Зыйнат ишенген эмес. Анткени мына ушунтип айылда өлдү деп кара кагаз келген адам өлбөй эле бири бутунан, бири колунан ажырап келип калбадыбы. Ата-энеси ыйлап сыктап, Зыйнатка кара кийгизишкенде, ал кийбеймин Эшимбегим тирүү деп кара көйнөктү жанына жакындатпай койгон. Эки күн боорун жерден көтөрбөй шолоктоп ыйлап жаткан. Оокат да ичпей койду. Менин Эшимбегим да келет деп аны күтүп жүрдү. Ата-энеси да, кайната кайненеси да “турмушка чыгып ал, жашсын, эми тагдырдын башка салганын көтөрбөскө чара жок” деп айтышкан бирок андай сөздөргө Зыйнат берилген жок. Өмүрлүк жарына берген сөзгө бекем турду.
Келер баданы күтүп аксакалдар дөңдө олтурушкан. Алар менен Тукубай аксакал да олтурган. Аңгыча Ормон аксакал сөз козгоп калды:
-Бу Тукубай адамдын башына нелер келип, нелер кетпейт.
-Келиндин башын бошотпойсуңбу, жаш неменин убалына калбай,- деди. Эми бул сөз канчалык оор экендигин билебиз, бирок жаш неме жалгыз олтуруп калса болбойт го,-деди.
-Түшүнөм Окен, бирок кимде гана үмүт болбойт, Эшимбегим өлгөн эмес, тирүү деп жол карап олтурса, анын үмүтүнө кантип суу сээп, канымдан бүткөн баламды өлгөн деп келиниме кантип айтмак элем, мүмкүн тирүүдүр, келип калабы деп мен деле жол карай берем. Эми келин бир жагы канымдан бүткөн кызымдай болуп калган, ал кетип калса көргөн күнүбүз не болот. Түшүнөм айла жок, кантмек элем деп ордунан туруп көзүнө жаш айланып үйүн көздөй малын да тоспой басып кетип калды.
Ормон аке:
-О, каран баскан согуш. Досумду капа кылып алдым окшойт эми канттим,- деп бармагын тиштеп олтуруп калды.
Жанында олтургандар көздөрүнө жаш алып «Сага эмне, бирөөнүн бүлөсүнө сөз артып» дешип Ормон акени жемелешип калышты.
Тажибай согуштан келиптир деген кабар айылды чагылгандай эле жарып өттү. Үйдө камыр жууруп олтурган Зыйнат бул сөздү угары менен менин Эшикем менен бирге кетти эле көргөн болуш керек мен сезип эле турам ал өлгөн жок деп камыр болгон колун жуубастан айылдын этегин көздөй жүгүрүп жөнөдү.
-Тажике эсен аман келдиңби, менин Эшимбегимди көрдүңбү, качан келем?,-дейт деп барып Тажибайды кучактап буркураганда Тажибай келет, келип калат, ал согуш бүткөнү менен аскерлер толук кайта элек келет,- деп аяшын сооротту. Чогулуп турган кары жаштын баары көздөрүнө жаш алышты.
-Көрдүңбү, көрдүңбү, ал тирүү жүрөбү, качан келем?,- дейт деп шинелинин этегинен булкулдатып тартып, чөкөлөй калып ыйлап жиберип, боздоп турган Зыйнатты көргөндөр аны аяп жатышты.
-Тур Зыйнаш,- келет Эшимбегин келет,- дешип колтукташып ордунан тургузушту. Кайнатасы көзүнө жаш алып, үйүн көздөй басып, согушту каргап ыйлап бара жатты. Кайненеси Калча келип жүр, айланайын келип калат, келет деп Зыйнашты колтуктап эки көздөн аккан жашы акырек ылдый куюлуп, кайнене келин бирин бири жөлөп турду. Элден Эшимбекке кара кагаз келген деген гепти укканда Тажибай нес болгондой катып калды. Согуштан келиши майрам болот деп ойлоп келген, кайра экинчи кайткысыз жарага айланды да калды.
Айылга келген кинодон Зыйнат калбайт, Эшимбегимди согушуп жатып киного түшүп калган болсо көрөм деп. Бирок ага окшош адамды такыр көрө албайт. Муун жүүнү сыздап үйүнө кайтат. Жанына сербеңдеп саамай чачтары сапсайган сары кыз, Эшимбектин эң кенже карындашы, ал деги элпек Зыйнаттын жанынан чыкпайт, ага жеңеси да жол бербейт, анткени ал сөз берген Эшимбегин күтөм деп. Эшимбек да согуштан аман, жеңиш менен келем деп убада берген. Аскерден келгендер да бой жүргөн Зыйнатка сөз айттырышып, баш кошууну сунушташат. Бирок бир экөөсүн, беттен алып:-
-Силер менин күйөөмдү өлдү деп турасыңарбы,-деп улуп- уңшуп ыйлап, элдин баарына жар салып, ал тирүү келип калса бетин кантип карайсыңар,- деп ызы-чуу кылгандан улам тынч болушкан. Зыйнат Эшимбек өлдү дегенге такыр ишенбейт. Кара кагазды жыртып отко ыргыткандан бери да алты жылдын жүзү болду. Эшимбектен кабар жок. Согушка кеткендердин өлгөнү өлүп, тирүүлөрү келип бүткөнсүп эле калды. Бирок Эшимбектен кабар жок эле. Айылга Москвадан геологдор келиптир деген кабарды угуп, ал орустарга да барып буркурап ыйлап Эшимбекти сураган түшүнбөгөн орус жигит «Сеники күйөө келет, ал тирүү» деп коюптур да шашкандан, ошол ошол болду:
-Москвадан келген орус жигит тирүү деп айтты, ал көргөн экен деп күн сайын жол карап, бирөө бир жактан келиптир десе эле жүгүрүп жетип Эшимбегин сурайт: «Көрбөдүңбү, Эшимбек тирүү бекен?». Алыс жолдон каржысы жок келе албай жүрөбү, алыс жерде келип калат деп карагаңы жол. Күткөнү Эшимбек. Жыл сайын 9-май майрамында төштөрүн толтура орден медалын тагынган айылдаштарынын ар бирине барып учурашып, Эшимбектен кабар укпадыңызбы деп сурап чыгат, ардагерлерге мына ушул эң оор нерсе болду. Алар деле көнүл жубатышып келип калар дегенге көнүп калышты.
Мектептин алдыда түзүлгөн кызыл из кубарлар клубу Эшимбек тууралуу Москвадагы уюмга кат жазышканда да алардан «Эшимбек Турсунбаев Гомел шаарын бошотууда баатырларча курман болгон» экен деген кат келген. Бирок аны окуучулар да, агайлары да Зыйнат эжеге көрсөтө албай коюшкан. Баары бир ал ишенмек эмес. москвалык орус жигит көргөн экен, Эшимбек тирүү экен деп караганы жол.
Зыйнат эже айылдагы ооруканада катуу ооруп жатып калды. Кирген чыккандардан сураганы Эшимбеги. Түшүндө Эшимбек келип экөөсү бетегелүү беттен булакты көздөй жүгүрүп баратышып кармашкан колдору үзүлүп кетти. Эшимбек деп кыйкырып барып көзүн ачканда ординаторскийдеги медсестраларда жан калбай баары палатаны көздөй жүгүрүштү. Бул Зыйнаттын жалган дүйнөдөгү жарыктыкты акыркы ирет тойбой карашы эле.
1985-жылдын жазы жаңы келип, козу улак жарда ойноп, кыздар адырдан байчечекей терип жүрүшкөн. Зыйнаттын ооруканага жатканына бир ай болду. Акыбалы оор, дары деле жардам бербей жаткан. Эшимбектин апасы Калча апа сырттагы дөңкөчтүн жанында күнөстөп, ийик ийрип олтурган. «Келиним байкуш жакшы болуп кетсе экен, быйыл экөөсүнүн баш кошконуна кырк жыл болду, Эшимбекти күткөнүнө да кырк жыл болду же тирүү экенинен кабар жок. Жаш неме өзүнүн башын өзү байлап олтурат, тирүү болсо ушул күнгө чейин бир кабар келет эле го, бирөөгө баш кошкондо алиге чейин бала бакыралуу болуп, очор бачар болуп калат беле. Эч кимдин тилин албаса эмне кылмак элек. Анан Зыйнатым бирөөгө баш байлап кетип калса, биздин көргөн күнүбүз не болот, балабыздын оордуна бала катары тутунуп эш тутуп олтурбайбызбы. Ой деги неге дөөрүп олтурам» деп ,-өзүн өзү жемелеп да алды. Ушул ойлордун кучагында өзү менен өзү сүйлөшүп олтурганда тээ Жөлөмө-Таш тараптан эле бирөө куйундатып чаң ызгытып ат чаап келе жаткан. Калча апа «Тынччылык болгой» эле деп жүлүйгөн көзү менен ал жакты карап турду. Негедир аттуучан адам Калча апаныны жепирейген үйүн көздөй келе жатты. Аттын омуроосунан чыккан тери аппак болуп, таңоосунан чыккан буу менен чачырап турду.
-Сүйүнчү, Калча апа, сүйүнчү,-деп эле энтигет андан аркысын айта албайт.
-Оо айланайын оозуна май, берейин сүйүнчү,- деги эмне жакшылык айтчы айланайын, энтикпей айтчы,- деп ийрип жаткан ийикти ыргытып Калча апа деле оордунан тура жөнөдү.
-Эшимбек авам тирүү экен,-дегенде Калча эне чалкасынан кетти. Деми кыстыгып жатып калды. Аңгыча үйдөгүлөр жүгүрүп чыгып бетине суу чачышып, тынччылыкпы дегенде аттан түшө албай турган почтальон жигит Эшимбек авам тирүү экен кат келди дегенде баары тургандар кудайга жалынып, тообо дешип Калча апа менен алектенип жатышты. Чай кайнамда барып Калча апа оозуңа май айланайын балам кайда экен,- деди. Эшимбек Германиядан келе жатыптыр,- дешти. Эмнеси болсо да Зыйнатка жеткиле,- деди.
Зыйнат Эшимбек деп кыйкырып чоочуп ойгонгондо эле жаны чыккан эле. Медсестра көзүнө жаш толо, Зыйнаттын тамырын кармап көрүп, бажырайып, чакчайып турган көзүн колу менен жаап, жүзүн ак шейшеп менен жапты. Дарыгерлер нес болуп баары Зыйнаттын нурданган жүзүн карап турганда сырттан Калча апа, кат ташыгыч Катаган кирип келишкенде баары эле Калча энени кучактап ыйлап киришти. Бүжүрөгөн кемпир эмне болгонун түшүнбөй деле калды.

Абдымомун Калбаев, Аксы району

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
15161718192021
22232425262728
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17