Аймак

Унутта калган инсан

 5,802 Бардыгы /

Унутта калган инсан“Уулум менин акыркы керезим, уулу жоктой кылбай сен таятаңдын өлүү-тирүүсүн билип, жасаган иштерин, элине кылган кызматын иликтеп, согушта кайсыл жерде, кайда коюлганын билсең, мына ошондо менин арбагымды ыраазы кылган болот элең” –деп апам акыркы сапарга аттанган.
Апамдын акыркы сөзү али күнгө чейин көз алдымда элестеп, кулагыма жаңырып турат,- деп эскерет небереси Жалал-Абад шаарындагы Барпы драм театрынын директорунун орун басары Конокбай Курманбеков.
Мен ал сөзгө ушул күнгө чейин маани бербей келгем. Бул сөз Уулу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматынан уламбы же Алла Таалам бир тууган кара чечекей сиңдисинин жүрөгүнө салганбы –“Атамдын да, менин да уулум жок болсо да эжеме уулдарды буйруган экен, эми силер согуштан дайын-дарексиз жок болуп кеткен атамдын бир кабарын билип бергиле, төрүмдөн көрүм жакын, мен да ал дүйнөдө тынч жатайын”-деп көкүрөгүндөгү бугун чыгара ыйлаган 75 жаштагы апамдын сиңдиси, тайежем Гүлсүн Кушбакова.
Таятам Кайназаров Сейит 1908-жылы туулган. Билимди кайдан, кайсыл жылы, кайсы окуу жайды аяктаганы мен үчүн белгисиз. Тайэнем Айымбү Кайназарованын айтымында (ал 1911-жылы туулуп, 1985-жылы дүйнөдөн кайткан) кайнатасы айылдын билимдүү молдосу болгон экен. Кээ бир кездерде ата уулуна “сен орустун молдосусуң менин жолумду жолдободуң, сен каапыр болуп калгансың” – деген сөздөр менен тилдечү деп эскерип калчу.
Айылдын биринчи комсомолдору, маркум аксакалдары: Чойбек Чекиров, Садырбек Жаныбеков, Байбиче Мусаевалардын эскерүүлөрүндө алгач таятам азыркы Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак, Жерге-Тал айылдарында 1925-1930-жылдары кыргыз үйлөрдө, бош калган жер тамдарда балдарды чогултуп, кыштын күнү, жаан-чачындарга карабай жепирейген бузук тамдарга от жагып алып окутуп, чокою жок балдарды үйүнөн көтөрүп келип кайра үйүнө жеткирүүчү деп экен.
Сейит Кайназаров 1928-1929-жылдары Коммунисттик Партиянын тапшырмасы менен Ала-Бука районундагы элдеринин сабатсыздыгын жоюу максатында Ала-Букага жиберилет. Ал жерде эки жыл эмгектенет. Ошол жылдары апам ыраматылык Жамила Курманбекова төрөлгөн экен. Ушул эле жылдары азыркы Жалал-Абад- Таран-Базар трассасы турган жерде Алимбай болуш дегендин көк тиникеден салынган үйүндө жана Жерге-Тал айылындагы колхоздун конторасында балдарга билим берүүнү баштайт. Алимбай болуштун үйү жаңы жолго туш келип калгандыктан үйү сүрүлүп Жумабай аксакалдын үйүндө сабак берүүнү улантат. 1936-жылы билимин өркүндөтүү максатында Кара-Көл шаарына алты айлык курска жиберилет. Ал жерде кыргыздын белгилүү акыны Нинакан Жүндүбаева менен бирге окуп, билимин өркүндөтөт. Ошол жылы Көк-Арт мектеп-интернатына директор болуп дайындалат.
Бул тууралуу ардагер, эл агартуунун отличниги, бир нече сыйлыктардын ээси, 88 жаштагы Төрөгелди Мурзаев ата мындайча эскерген:
– Агай менин жана жалпы эле Көк-Арт өрөөнүнүн, керек болсо Түштүк аймагынын биринчи мугалими. Менде Сейит агайдын элеси күнү-күнкүдөй көз алдыма тартылып турат. Ошол кездеги интеллегенттер кийген кийим, мойнуна чыкыя байланган галстугу өзүнө көрк берип жарашып, көкүрөк (төш) капчыгынан чынжырлуу саатын улам алып карап-карап сабак өтөөр эле. Себеби анда саат сайын коңгуроо берилбейт болч. Шыңга бойлуу, чачын артка жараштыра тараган келишимдүү агайды мен эш тутуп, кээде баскан турганын, кылык-жоругун, сабак бергенин туурап чоңойгом. Жаңылбасам 1940-жылы Көк-Арт интернат жатак мектебинин атайын имараты курулган. Ал жерде Жоро Маматов агай, Валитов Купилло Султанович татар улутундагы агай жана Кудайбердиев Надырбек аттуу кесиптештери менен сабак өтүшөөр эле. 1941-жылдары болсо керек Сейит агайды фронтко алып кеткенде биз окуучулары баарыбыз ыйлаганбыз.
Мен Сейит агайдай болом деп кыялданчумун, кудайга шүгүр балалык тилегим орундалып, кийин өмүр бою мугалимдик кесипти аркаладым.
Андан бери канчалаган суулар акты, жылдар өттү Көк-Арт мектебине директор болуп келгендин баары “Сейит Кайназаровдун музейин ачып жатабыз”- деп көптөгөн үй архивинин баалуу кагаздарын, колдонгон буюм-тайымдарын, өзү иштетип урунган окуу куралдарын алып кетишкен. Мектеп мугалимдери: Кочкор Эрматов, Абсамат Тажыбаев, Досбай Тургунбаев, Сатыбалды Давлетов жана башка ушул өңдүү мектеп жетекчилери Сейит агай тууралуу музейи, альбому ачылып, өмүр баян, эскерүүлөрү жазылган дешчү, бирок алар азыркы күндө кайда, кайсы жакта калгандыгы дайынсыз боюнча калууда.
Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесине карата таятам С. Кайназаровдун дайын-дарегин билүү максатында Сузак районунун аскер коммисариатына жана райондук, областтык ардагерлер кеңешине кайрылганымда төрагасы Адыш Кочкоров, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Камал Асанбеков агайлардын демилгеси менен республикалык “Эскерүү” китебинин (1941-1945) 2-томундагы Жалал-Абад облусу боюнча “Сейит Кайназаров 1916-жылы туулган. 1941-жылы аскерге чакырылган, катардагы жоокер, согушта курман болгон, сөөгү Сталинград шаарынын алдында коюлган”- деген маалыматты таап беришти.
Эми мен апамдын арбагын ыраазы кылдым деген ойдомун, ал эми “Уулу жоктуку ушундай болобу” дегизбей, өзү түптөгөн Көк-Арт орто мектеби менен Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жамааты эмне дешээр экен?… Бул агайдын колунан канча деген атактуу инсандар чыккан, мисал келтире кетсек, Жоомарт Бөкөнбаев акын жазуучуларды баса белгилеп кетсем болот. Сейит Кайназаровдун атын өзү түптөгөн мектепке коюп, Улуу Жеңиш күнүнө ушул инсандын артында калган жападан жалгыз кызы Гүлсүн Кушбакованы жок дегенде жалпы согуштун ардагер, тылчылардын катарында чакырып эскерип коюшаар деген үмүт менен…. – деди небереси Конокбай Курманбеков.

Унутта калган инсан

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17