Аймак

Ичтен бөлүнгөн эл жок болот, бириккени ток болот

 12,256 Бардыгы /

Ичтен бөлүнгөн эл жок болот, бириккени ток болот
Ичтен бөлүнгөн эл жок болот, бириккени ток болот

Оопалуу бул дүйнөгө кайыл болуп,
Сен да бир күн кетесиң кайып болуп.
Элге жасап, эл оозунда калгандар бар,
Өлбөйт алар, Алла нуру насип болуп.
(«Мырзакул болушка»)
Башканы коюп өзүбүз кыргыз журтчулугуна назар салсак, айрым улуу тарыхый инсандар атайланып жасалган тарых барактарына атайыланып жазылбаса да эл оозунда аваз болуп айтылып келет. Анжиян, Наманген, Жалал-Абад областтарындагы иликтөөдө Мырзакул болуштун Жалал-Абад шаарын негиздегени, аны түптөгөнү даана аныкталып жатты.
Өз агасын билбеген,
Өзгө эшигин сагалайт.
Өз тарыхын билбеген,
Өзгө атын багалайт.
Бул саптар Жалал-Абад шаарынын, Көк-Арт өрөөнүнүн тарых-таржымалын билбей, тоо шамалына оозун тосуп сүйлөгөндөргө карата “Эки ача жолдо жолбун иттин башы маң болот” деген макаладан улам жаралган болучу. Ооба, шаар ошол жердеги бир дары булактын атынан, ал булактан котур болгон намангендик Жалал сакайып, анын атынан аталып калганы талашсыз. “Жалал-Котур” кийин “Жалал-Абад” болуп аталды. Ушундан улам шаар атын аны түптөөгө бүткүл байлыгын, акылын, күч-кубатын, өмүрүн арнаган Мырзакул болуштун атына ыйгаруу сунушу болгондо бакылдыктан уламбы, “Көкарт” деп атоо керек деген айрым көкүрөгү көңдөй азаматтар да чыгып кетти. Көкүрөгү көңдөй экендиги, кайдагы калмактын атын сунуштап жатканы “тарыхын жоготкон эл бөтөн элдин казанын кайнатчу отун болууга гана жарайт” деген накыл сөзгө үндөшүп да турат.
Бейиштей болгон өрөөнгө кол астында аскери бар жайсаңдар гана көз артып, ээлик кылууга аракет жасайт эмеспи.
Орто Азия аймагы XII-XIV кылымдарда калмак баскынчыларынын кол астында калып, жергиликтүү эл адам чыдагыс кордоолорго жана азаптарга кириптер болушат. Калмак баскынчылары жайытка, жашоого ыңгайлуу жерлерди тандашып, ошол жерлерде шаан-шөкөт өткөрүп турушат. Калмактын Көкарт, Калдама, Кылдов, Доржу, Боржу, Көкирим, Колбор, Каргалык, Дөдөмөл деген тогуз жайсаңдары бардыгына орто, салкын, жайлоосу кенен жерге чогулушуп сайран курушуп, ат оюндарын, балбан күрөштөрдү, эр сайыштарды өткөрүшүп, бирине-бири кыргыз жигиттерин кул, кыздарын күң кылып сатышып белектешип анан таркашкан. Алардын бул топтолуп туруучу жери “Тогуз-Төрө” аталып калат. Орто Азияга падышалык Россия басып кирип ээлик кылып калганда аймакты тактоо үчүн жер каттоо убагында орустар ал жерди “Тогуз-Торо” деп жазышат. Ушул маалыматтар Тогуз-Торонун ардактуу персоналдык пенсионери Абий Мойдуновдун “Бир келген өмүрдүн жүрөктөгү сабактары” аттуу эскерүү китебинде ачык берилет.
Көкарт-жайсаң, Курманбек-баатыр, калмак-кыргыз согуштары, “Калмак-кыргын” окуясы, “Көкарт” өрөөнү тууралуу маалыматтардын бардыгы бир жумуру чындыктын ичинде жуурулушуп, бирин-бири толуктап турушат. Бул окуялардын дооруна калмактын Ысык-Көлдө уюгунун башчысы, “Короолоп казак айдабаган, көгөндөп кыргыз байлабаган калмак калмакпы” деген Доржи жайсаңдын доору дал келип, артынан аны чапкан Кан-Шырдак окуясы удаа келет. Чындап эле кыргыздын бейиштей болгон жерге ээ болуп калуусуна Курманбек баатырдын небереси Кан Шырдактай эч ким эрдик да, эмгек да жасай элек.
“Калмактар менен болгон кармаш эки тараптан күрпүлдөгөн кан агуулары менен коштолуп, акыр аягында 1748-жылы Кан Шырдак баш болгон кыргыз-казак аскери калмактардын акыркы тирөөчү болгон Доржи жайсаңдын түптүү аскерин бутуна кайра тургус кылып талкалайт. Калмактын 200 миңден ашуун аскеринин тирүү калган 3 миңдейи из жашыра качып, жарадар, колго түшкөн аскерлер менен карапайым элдери жан соогалап тирүү калышат. Ошентип Кан Шырдак баш болгон жигиттер мекен топурагын кандары менен сугарып, азыркы кыргыз жерине кыргыз эли биротоло ээ болуп калат” – деп айтылат даректүү тарых барактарында.
Ошол калып калган калмактар кыргыз элинин ичине сиңип, кыргызча сүйлөшүп “кыргыз” деген паспорт менен жүрүшөт, кыргыз болуп патриот болуп жүргөнү жок эмес, бирок котур ташы койнунда “таза нукура кыргыз” болумуш болуп кыргызды биротоло жок кылып жиберүүнү эңсеп жүргөнү өтө эле көп.
Кыргыздын бириге албай, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келишине мына ушул “эңсеп жүргөн” катмар тикелей себепкер экендигине саресеп салып көрөлү.
КЫРГЫЗ КАНТИП БӨЛҮНДҮ, ЭМИ КАНТИП БИРИГЕТ?
Бөлүнүү – улуттун жоголууга карай жол алышы.
Деги Эл эмнеден бөлүнөт?
1. Тарыхы бөлүнсө
2. Тили бөлүнсө.
1. Бир эле элде канча түрдүү тарых жазылса, ошончо түргө бөлүнөт! Тарыхы бир болбогон эл да бир боло албайт! Тарых реалдуулуктан алыс болуп, жасалма окуялардан куралган учурда ал эл көкүрөгүнөн орун таба албайт!
2. Тили башка-башка болгон эл бириге албайт. Маселен, Мамлекеттик кыргыз тили бардык кыргыздардын тилин камтый албай, “диалеттик” деген догма менен бөлүп турушу.
Бурмаланган тарых – ал элди бөлүүчү касапчылыгын уланта берет. Ар кандай тарых бул үч илдеттен тазаланып жазылса гана Мамлекеттик тил бардык кыргыздар сүйлөгөн сөздөр менен байытылса гана эл бириге алат. Элди бириктирүүнүн башка жолу жок! Манас сүйлөгөн, “Манас” эпосу айтылган сөздөрдү азыркы 36 арип менен жазууга мүмкүн да эмес, анан кайсы кыргыз биримдиги жөнүндө сөз болсун.
Кыргыз элинин ички бөлүнүүсү кантип жаралды эле, качантан бери келе жатат, күн өткөн сайын анын чыңалуусу азайып жатабы же күчөп баратабы?
Жооп издеп маалымат топтоо үчүн 2012-жылы Кыргызстанды түп көтөрө 90 күн кыдырып чыктым, журт ичинде айтылып жүргөн өтмүштөр менен таанышып, бир эле инсан же кайсы бир окуя түрдүү жерде түрдүүчө, таптакыр карама-каршы айтылып калгандыгына күбө болдум. “Түндүк-түштүк” деген тескери көз караш жанагы кыргызга пейли түз эмес урпактар жашаган аймактарда күчтүү экендигин даана байкадым. “Уруучулукка” каршы да ошолор экен, көрсө уруулар арасында түндүк-түштүк болуп бөлүнүү болбойт экен.
Уруу түшүнүгүн айрыкча түрк элдер ичинде жоготуу мүмкүн эмес, ал үчүн фамилияны, бир туугандыкты да жоготуу керек, ар бир адамды эненин жатынынан эмес, инкубатордон алуу керек, ошондо гана уруу жоголот. Ал эми “Оң”, “Сол”, “Ичкилик” деп атоо- бул бириктирүү эмес, чындап үчкө бөлүнүү болуп саналат.
Тымызын аракет күчтүү каардуу душмандан да коркунучтуу, бул – чындык. Кыргызга кас болгон каны башкалар кимдер, билип болбойт, алардын паспортунда улуту «кыргыз» деп жазылып турат. Бирок аныктоого болот:
1. Манасты чыныгы инсан эмес «эпикалык» деп бурмалагандар;
2. Манастан калган кырмызы кызыл тууну калмактын көк тууна алмаштырууга далбас ургандар;
3. Кыргыз эли биригип кетпеши үчүн жалпы кыргызды кучагына ала турган кылып тилди өнүктүрбөш үчүн кошумча ариптерди киргизбей жаткандар.
Мындай адамдар Тил, Манас таануу, Кыргыз тарыхы тармактарын, негизги борбордук массалык-маалымат каражаттарын башкарышып, студияларга бирин-бири чакырышып, өз идеяларын элдин кулагына талыкпастан «жигердүү» куюп турушат.
Кыргыз журтун бириктирүүгө, таза сүйлөөгө лозунг таштаган болуп, аракет кылган болуп борбордук КТРдин 1-радиосунан күнүнө он жолудан “Жүгөрүнү мака дейт, мени болсо ака дейт” деп элди экиге бөлүп олтуруудан эл бириге алабы? Өз ара таптакыр башка-башка өсүмдүктөр болушкан жүгөрү менен маканин, гилас менен алчанын, нак менен алмуруттун,.. айырмасын билбей, билбеген билгенди “билбейсиң” деп жатканы чындап эле уят көрүнүш. Кыргызга ким дос, ким душман, ачык эле көрүнүп турбайбы.
2012-жылы 21-февраль күнү Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата «Азаттык» радио берүүсүндө бир азамат «мына Ош тараптагы кыргыздар өзбекче сүйлөп калышты» деп балп этип жиберди. Анын сөзүнөн, жалпы кыргыздар жашашкан аймактардагы тилдин орду тууралуу түшүнүгү тайкы экендиги билинип калды. Ош тараптагы кыргыздар эч кандай өзбекче сүйлөп кетишкен жок, булар бабаларынын сөздөрүн ыйык сактап келе жатышат. Мындай сөздөр айтылып жүргөн мезгилде өзбек тили мындай турсун «өзбек» деген этнос да али жарала элек болучу.
Маселен, “эт” деген сөздү “гөш” деп айтышат деп күнөөлөшөт. Ооба, “бул сөздөрүн бирин түндүк тарапта, экинчисин түштүк тарапта айтышат” деген түшүнүк бар, бирок бул эки сөздүн түпкү мааниси таптакыр башка-башка. “Эт” деген сөз – бардык жандуу жаныбарларга (уй, кой, чочко, ит, мышык, карышкыр, бака, ийнелик, ж.б. арам-алалы аралаш) тиешелүүнү, ал эми “гөш” – алал деп саналган жаныбарларга гана тиешелүү. Андан башка бир эле малдын эти эки башка аталып да калат. Маселен, кой өз тартиби менен союлса, анда “койдун гөшү” болуп, эгер ал бир жерде арам өлүп калса “койдун эти” деп айтылат. Бул эки ача айтылыш Амир-Темирдин хан үзүрүндө да сөз болот. («Улуу Эл”. IIтом. “Надыр”)
Кыргыз тарыхында жазылып, эл ичинде бекем ишенимдүү айтылып жүргөн айрым тарыхый маалыматтар менен орус, казак, өзбек илимий булактардагы маалыматтарды салыштырып, бөлүнүү кесепети кайда буксуп жаткандыгын, кыргыз тарыхы бурмалоолордун, элди тирүүлөй бөлүп-жаруучу курч балтасы экендигина даана байкоого болот. Анда башканы коюп кыргыз тарыхындагы эле бурмалоолорго назар салып көрөлү.
Улуу Британия Орто Азияны колго алууга аракет жасай баштаганда, Орус падышалыгы озунуп бул аймакты өз колуна алуу үчүн катуу аракеттерди баштап жиберет. Бул эспансияга бөгөт болгон күч бар эле, ал Кокон хандыгы болучу.
Бардык бөлүп-жаруу саясаттары ушул жерден башталат.
Айрым уруу башчыларына орус аскер чиндерин берип, атайын кызмат акысын чегерип өз тарабына тарта баштайт. Алардын колдору менен Кокон хандыгына каршы ар тараптуу жасалма маалыматтар, Ордо ичиндеги кубаттуу урууларды өз тарабына тартуу үчүн жасалма санжыралар даярдалып, кыргыз журтчулугу ичинде кара дактар жайылтыла баштайт.
Саясаттын кылычы менен бир журт кыргыз эли тирүүлөй үчкө бөлүнүп калат, жомок сыяктуу айтылып келген “үч канат” тууралуу түшүнүктөр жаңыча “мыйзамдаштырылат”. Натыйжада, “мундуз”, “могол”, “багыш” ж.б. уруулары башка канат болуп калат.
Тарыхты өзгөтүү кыйын эмес экен, маселен, “багыш” уруусу башаты болгон ага-ини Аккочкор менен Конко “Тагай-бийдин балдары” деп жазып коюшту эле бүттү, тарыхтын башы ылдый, буту асман карап калды. Чындыгы кандай болучу?

«Багыш» уруусу тууралуу
Эшимкан менен Мундуз-бий Сейтектин урпагы дедик. Эшимкандан Тейиткан, андан Курманбек, андан Сейиткан, андан Шырдакбек. Кан Шырдактын Баткенде сепили болуп, анын биринчи аялынан Каражан менен Сарыжан. Каражан-Сарыжан уулдарынан торайгыр, кожомүшкүр, жартыбаш, таз, шерден, омонок, кармыш, алтыке, жаманаң уруктары чыгат.
Кан Шырдактын Курманбек чоң атасынан калган Көк-Арт дарыясынын боюнда ордосу болуп, өзү Нарында да сепил курдурат, калмактар менен согуш али уланып жаткан. Шырдак ушул тарапта жүрүп «бугу» элинен да үйлөнүп андан да эки уулдуу болот, Аккочкор менен Конко деген. Кан Шырдак өтүп сөөгү Нарын тарапта коюлуп, ордо бийлигин аялы жүргүзүп калат. Ал эненин аброю эл арасында жогору болуп, аны «Багыш эне» дешип, Кан Шырдактын экинчи аялынан урпактары «гагыш» уруусу аталып, алар «баш бабабыз Аккочкор» дешет. «Багыш» эли Баткендеги тогуз уруу кыпчактар менен аталаш бир туугандар болгон мезгилинде карым-катнашта болушуп, тамаша катары «коңкобай» деген сөз да ошол Коңкодон улам айтылып, азырга чейин эл оозунан арыла элек.
Кыргыз тарыхчыларынын алдыңкы катарында турган Белек Солтоноев өзүнүн эмгегинде кыргыздардын калмактар менен болгон согушун баяндап: «калмактар менен кармашта кыргыздан нечен азаматтар курман болушкан. Алардын ичинде кыргыздын «багышынан» атактуу баатырлар Аккочкор менен Конко болгон» – деп жазган жери бар. (ТАИнин кол жазмалар фондусу, инв№167)
Ал эми белгилүү окумуштуу тарыхчы А.В.Затаевич өзүнүн илимий иликтөө эмгегинде «У предшественника хана Гайша (Тейит) Шырдакбека были два сына, Аккочкор и Канкы. Они оба пали в битве кыргызов с калмаками, дело было лет 275 тому назад. Шырдакбек – бывший хан после Гайши» деп көрсөтөт. Окумуштуу Затаевичтин бул жазган күнүнө салыштыра келип, бул окуялар 1675-85-жылдарга туура келерин тапса болот. (ТАИ инв№201)
Ошентип, «Багыш» эли да өздөрүнүн «Манастын тикелей урпактары» деген сыймыктан кур жалак келе жатышат.

«Мундуз» уруусу тууралуу
Мундуз-бий менен Эшимкандын бир тууган экендигин “мундуз” уруусунун акылман аксакалдары айтып да келишет. Илимий маалыматтар да муну тастыктап турат.
Кыргыздын улуу ойчулу атбашылык Тоголок Молдонун: «Манастын атасы Йакуб-бий кыпчактын белдүү тобунан. Эшимкан Манастын небереси Сейтектин тикелей урпагы, Анжиянда хан болуп туруп, Арпа, Ак-Сайга чейин кыргыздарды коргоп турду. Эшимкандын бир тууган иниси Мундуз-бийден таркаган урпактары «мундуз» уруусу болуп, алар Манастын тикелей урпактары болушат» – деген тарыхый айткандары жазылып калган.
Тоголок Молдонун айтканын кыргыздын дагын бир ойчулу Үсөйүн-ажы: «Шырдакбек XVII кылымдын аягында өткөн кыпчак элинен чыккан баатыр, Анжиян-Арка аймагындагы кыргыз элинин акылман башкаруучусу болгон» – деп толуктайт.
Ыплас саясаттын курч мизине туш болгон «мундуз» уруусунун эли да өз тегин айта албай “Манастын тикелей урпактары” деген баалуу сыймыктан да куру келе жатышат.

«Моңол» уруусу тууралуу
Энесей тараптагы кыргыздарды Жанкороз баштап келип, элин баласы Чамаска башкартат. Чамастан Ак уул, Куу уул. Ак уулдан Арстан бий, Арстан бийден Домбу бий, Домбу бийден Долон бий. Долон бийден Адигине, Тагай, Мунгуш, Наалы эне. Бул чындык кээде калп менен жуурулушуп да кетип жатат.
Көптөгөн өздөрүн «билерман» санашкан сокур азаматтар «кыргыздар Долон бийден, Адигине-Тагайдан башталат» дешип туура эмес маалыматта жүрүшөт.
Анда «Долон бийге чейин кыргыз болгон эмеспи?» же «кыргыздар али жок болсо, анда Долон-бий кимге бийлик кылган эле?» – деген суроолор кошо жаралып, жогорудагы түшүнүктү өз алдынча эле жокко чыгарып салат.
«Моңол» уруусу Долон бийдин Наалы кызынан. Бирок ыплас саясат бул санжыраны ата тегинен эмес, эне тегинен айтууга мажбурлап салды. Булардын ата-теги кимдер эле?
Интернеттин «ЕВРОАЗИЙСКИЙ исторический сервер» барагында академик-тарыхчы В.В.Бартолддун «О народе Манаса Каркаралинском кыпчаках» деген эмгеги бар. Мына ошол эмгекте мындайча жазылып турат:
«Обнаруживается тесная связь с кипчаками еще одного крупнейшего киргизского племени монолдор, легендарным предком которого считается Наалы-эже. Согласно киргизским генеалогиям, мужем Наалы-эже является кипчак Кңкң, имевший также прозвище Кңк-Бука. По преданиям он был сыном тору-кипчака Кылыч-Арстан-хана. Сын Кңкң по имени Монол и стал легендарным прародителем племени монолдор».
Мындай бурмалоолордун чеги жок. Натыйжада кыргыз тарыхында эпосто айтылган кыргыздын борбору Анжиян шаары таптакыр оозго алынбай, ал эми Кокон хандыгы «мокочо» болуп, кыргыздар бийлеген хандык эмес өзбек хандыгы сыяктуу жазылып, ага карата жасалган кара пиарлар өз жемишин берип келе жатат.
Бирок Кокон хандыгы кыргыз элинин хандыгы болучу да. Ага тарыхый маалыматтар күбөлүк бере алат. Маселен, Кокондун 18 дарбазасы болуп, анын ар бири кыргыздын саруу, могол, баргы, бостон, сарбагыш, кыпчак, багыш, сарт урууларынын белгилүү инсандары тарабынан курулган. Экөөсүн «багыш» уруусунан, «Аксыкент-дарбазасын» Шер-датка, Түндүк дарбазасын атактуу Арзымат-миң башы курса, алтоосун кыпчак уруусунан болгон датка, миңбашылар курушуптур. Кыпчактын кармыш уругунан «Кара-Дайра-дарбазасын» курган Нарманбет-датка тууралуу тарых маалыматтарында ал киши Шер-датка, Арзымат-миңбашы менен тууган катары катташып турушчу экен. Дагын бир кызыгы, Чыгыш дарбазасын курган Саранчы-паңсат «кыпчактын багыш уруусунан» деп берилген.
Айрым бийликке барууга аракет жасагандар өз уруусунун тарых тагдырын өз кызыкчылыгына курмандыкка чалып жиберген окуялар да кезигип келет.
Дагын бир мисал, «Тейиттер санжырасы» даярдалыптыр. Автордун кыргыздын биримдиги үчүн күйүп-бышары күмөн туудурат. Балким атайын буюртма болгондур. Бирок андагы маалыматтын чын-төгүнүн ажырата албагандар «биз керек болсо Курманбек баатырдын урпагы эмеспиз» дешип акылдары тайкы экендиктерин көрсөтүп келишет.
Айтор бөлүнүү жаратуучу маалыматтар өтө эле көп. Кыргыз тарыхын бурмалаган кыргыз өзүбү же «кыргыз» болуп алган каны башка кастарбы, аны эл өзү таразалап алар.
Гитлердин эң жакын адамы Гиммлер: “Ар кандай элдин тарыхын жоготуп салсаң, ал бир топ убакыттан кийин баш-аламан тополоң топко айланып калат, анан аны каалагандай кылып башкара бер” – деп, душман болсо да бизге насаатын калтырып коюптур, балким биз ушинтип калаарыбызды билгендир.
Демек, элге келчү бардык убал-сооптун башында тарых турат экен! Анда кыргыздын бөлүнүп жарылып, ыркы кетип келе жатканына кыргыз тарыхы күнөөлүү болуп калабы? Ооба! Миң жолу ооба! Чындыкты айтпай коюу күнөө, ооруну өлүмгө карай кадамды жашыргандай. Ооруну дарылоо үчүн дартка “диагноз” коюлат. Мына ошол диагноз коюу кадамы, бул – тарыхтын туура абалын, чыныгы жүзүн ачып берүү. Элди ынтымак бир журтка бириктирүү бийлик колунда, ооруну дарылап алабы же өлтүрүп алабы, бир кудай билет.
Ар бир элдин жоголбой турган тарыхы, бул – анын тили. Демек, элди бөлүп-жарган же бириктирген экинчи өзгөчө орунда турган көрүнүш бул – тил маселеси.
Илгертеден эле тили бирикпеген эл эч качан бирикпей турганын билишкен. Бүгүнкү чиновниктер да билишет, бирок негедир аракет башка нукта баратат. Балким, эл тагдыры убактылуу креслосунун алдында байкуш абалда калгандан абал ушундайдыр. Мындайды “кыргыз” болуп алышкан кыргызга кастар да билишет, бирок алар аракет жасап жатышат, тымызын, анан да жемиштүү!

Бүгүнкү Мамлекеттик кыргыз тили жалпы кыргыз журтун бир жумуру эл кылып биригүүгө кызмат кылып жатабы же бөлүнүүгөбү?

Тозоктун отундай бөлүнүүгө дуушар болгон кыргыз элинин биригишине кедерги болуп жаткан көрүнүш – бул кыргыз тилинин жалпы кыргыз журтчулугун камтый албай, өнүкпөй жаткан абалы. Кандайча? Ортого салып көрөлү.
Нарындын солто уруусунан Молдо Кылыч өзүнүн «Зилзала» китебинде элдин бөлүнүп жаткандыгын зар какшап айтат. Зилзала- бул жердин жарака кетүүсү. Бирок китеп жердин жаракасына эмес, элдер ортосунда кеткен жаракага багытталып, автор абалды өз жүрөгүндөгү жарака катары баяндайт.
Китепти даярдоочулар: «М. Кылычтын «Зилзаласы» ошол кездеги орток тилдин үлгүсүнө салынган, аны башкача (кыргыз эмес тилде) жазган деп айта албайбыз» – деп эскеришет.
Анда ал кайсы орток тил эле?
«Манас» эпосуна кайрылып көрөлү.
С. Каралаевдин да, С. Орозбаковдун да айтуусундагы «Манас» эпосу китептеринин арт жагында көлөмдүү түшүндүрмөлөр жазылган. Кыргызга да кыргыз сөзү түшүндүрүлөбү? Түшүндүрмө сөздөрүнүн саны 10-15тей болсо го мейли эле, бирок ал кадимки эки элдин орто «словарындай» өтө көлөмдүү. Ал сөздөр Манас мезгилинде пайдаланылып келген экен, а бүгүн эмне үчүн пайдаланылбай калган?
Анда манасчылар айткан кайсы сөз, кайсы тил эле?
“Түшүндүрүлүп” жаткан Манас бабабыз сүйлөгөн сөздөр Баткен элинин күнүмдүк турмушунда түшүндүрмөсүз эле пайдаланылып келет. Анткени Манас тууралуу окуяларды толук камтыган «Манас» эпосу алгач 15-16-кылымдарда айтылуу «Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол» деген Токтогул тарабынан айтылат. Токтогул ырчы Баткендин Бужумунда, Ыраман-ырчынын урпагы, Кытай, Самарканд, Бухарага чейин соода кыла Манас бабасы тууралуу маалыматтарды топтоп, анын кадам жайларына зыярат кылып, маалымат топтоп, ырчылыгы, манасчылыгы менен аты чыккан Сайдали соодагер-ырчы (уулу) деген болот. Токтогул мына ошол Сейдалы-мансчынын уулу экендигин, 1320-жылы туулгандыгын айтып койсок, түйүн чечилгени турат. Ал эми Токтогул-ырчынын «Манас» айтуусун анын урпагы (кээ жерде кыйыр тууганы) Нооруз-ырчы 1650-1730-жылдары айтып өтөт.
Демек, манасчылык өнөрү Баткенде түптөлүп жатса, анан башка тилде айтылмак беле. Ошол “Манас” тууралуу ыр саптар кагазга жазылып калбай, Токтогул билген маалыматтар, окуялар, анын айткандары эл ичинде куйма кулак “манасчылар” тарабынан айтылып сакталып калды. Муундан-муунга өтүп, ар бир кийинки “манасчы” окуяны өзүнүн диалектинде айтып, канчалык “филтрленип” олтурса да, анда Баткен сөздөрү сакталып калган.
Жаман жери кайталап айтайын, Манас сүйлөгөн, Манас тууралуу айтылган сөздөрдү бүгүнкү «нукура таза кыргыз тили” демиш болгон регионалистер сүйлөй да, жаза да алышпайт. Ал сөздөрдү азыркы кыргыздын 36 ариби менен жазууга да мүмкүн эмес, ал үчүн жок эле дегенде кошумча 2 арип керек болот.
Кыргыз адабиятында али пайдаланылбай, Манас сүйлөгөн 1000ден ашуун сөздөрдү жумурудай сактап, кыргыз тилине кошуп, кыргыз тилин байытып келе жатышкандыктары үчүн Баткен элин урматоонун ордуна «кыргыз тилин таза сүйлөбөй келе жатасыңар» деп күнөөлөгө болобу? Албетте жок, эч качан! Бирок ошондой адилетсиздик жашап тургандыгы көбүн ичиркентип келет.
Кыргыз болуп туруп Манас сүйлөгөн сөздөр унутулуп, жазылбай жатса, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу сөз кылуунун кажети барбы? Аалам кыргыздарынын тилин жалпылап ортолукка айлантпаса, анда кайсы биримдик?
Түрк элдеринин бийик маданиятын, көп кырдуу адабиятын, илимдерин, каарман мүнөзүн, салттарын дүйнөгө тааныткан ойчул-аалымдар Аль-Фараби, Махмуд-Кашкарий, Юсуф-Баласагуний, Ахмед-Яссавий, Девонаи Машраф, Алишер Навои ж.б. улуу дастандары дүйнөлүк руханий казнада өтө салмактуу. Бүгүнкү тарыхчылар, адабиятчылар ошол чыгармалар «чагатай тилинде» жазылган деп айтышы өтө эле уят. Анткени алардын мезгилинде али Чагатай туула да элек болучу, андай аталыш эч кимдин мээсинде да жок эле.
VIII-XI кылымдарда дээрлик бүткүл Азия аймагындагы казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, кара-калпак, уйгур ж.б. туркий элдери сүйлөшкөн, парсылар, кытайлар, араптар, индиялыктар саясатта жана соодада мамиле кылышкан ортолук кубаттуу тил болгон эле. Ал тил XIII кылымдын экинчи жарымындагы Чагатай империясынын мамлекеттик тили да болду. Ошол тил «чагатай тили» болуп аталып келе жатат.

Анда ал ортолук «чагатай тили» кайсы тил эле?
Биздин эрага чейин бир топ жыл нары башталып, XII кылымдарга чейин бүткүл Европа мамлекеттери ортолук «половец» тилинде мамиле кылышып, бардык мамлекет башчылары акы төлөп «толмач» кармашып, бул өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө аскер буйруктары да ошол тилде берилип, анын элементтери XVII кылымга чейин сакталып келиптир. Буга даана кепилдик болгон «Кодекс Куманикус» китеби бүгүнкү күнү Венециянын «Святая Марка» соборунда сакталып турат.
Кайра жаралуу доорунун атактуу акыны Франческа Петраркенин укмуштуудай бай китепканасында тери менен тышталган, кайталангыс китептеринин ичинде өтө баалуу эсептелинген «Кодекс Куманикус» (Словарь кыпчакских языков) деген китеп болот. Акын аны Венеция королдук китепканасына 1303-жылы белекке берет. «Кодекса Куманикустун» алгачкы барактары «латын-перс-куман сөздүгү»болуп, ага удаа немец-куман, куман-итальян жана башка сөздүктөр тиркелип, соода жана саясий дипломатиялык байланыштарда пайдаланылат. Андан ары эки «Вспоминая праведную кровь» аттуу католик гимни, «Аве, Мария» гимн ыры дагын төрт белгилүү гимндер (христиандык сыйынуулар, Евангелий фрагменттери), ошондой эле бир топ ар тилдеги кыпчак сөздөрүнүн түшүндүрмөлөрү киргизилген.
Ушул китеп менен европалык илимпоздор окумуштуу даражаларга жетишсе, туркий элдер аалымдары анда жазылып калган сөздөрдүн 35-45%ы өз элинде сакталып калгандыгын көрсөтүшүп, өз элинин ошол тарыхый улуу элдин урпактары экендиктерин сыймыктануу менен далилдешет. Ал эми кыпчак жазма тили боюнча көрүнүктүү окумуштуу адис Сейсенбай Кудасов: «Кодекс Куманикус» кыпчак тилинин эстелиги деп жүрсөк, андагы 70-80% сөздөр азыркы кыргыз тилинде бар экен» – деп белгилейт. Бирок бул тарыхый документ КРнын тил боюнча атайын борборлору тарабынан айтылбайт, алар баягы кастардан болушабы же алардан титиреп турушабы, анысы арсар.

Тилибиз бай деп көкүрөк кагабыз, бирок, мамлекеттик тилибиз өз мыйзамдарын даярдоого да кудуретсиз экендиги КРнын ЖКнын жыйынында айтылып кетти.
Мына ушундай абалдын сакталып турушуна тарых жана тил мугалимдери айласыз кызмат кылып келишсе, булар эми элдин биримдиги үчүн жаңыча аракет жасашар деп үмүт кылалы.
Кыргызды ынтымактуу бир эл кылып бириктирүүдө өтө зарыл эки принцип керек экен:
1. Кыргыздын таза, бурмаланбаган, апыртмалардан алыс болгон, бирөөсүн ашыкча мактап экинчисин басмырлабаган, кастын колу-тили аралашпаган, ачуу чындыкка чыдаган тарыхы чыгып, ар бир кыргызга жеткирилиши керек.
2. Кайсы гана региондо болбосун, кандай диалектте сүйлөбөсүн, ар кандай кыргыз айтып жаткан сөзүн жаза ала турган ариптер керек. Ал ариптерди ким керек болсо пайдалансын, кимге керек болбосо пайдаланбай эле коюшсун. Бирөөнү өз сөзүн жаздыртпай чектөө менен биримдик тууралуу сөз кылуу, бул – абсурт!
Бул макала Кыргыз эли бир бүтүм ынтымак журт болушу үчүн бардыгы манкурт болбой аракет жасашса экен, ар ким өз тегин билүү менен бир-бирине жылуу ымалада болуп жүрүшсө экен деген максат менен жаралды.
Окуп, көкүрөгүңүздө аз да болсо чындыктын уюткусу пайда болсо, мен чындап канааттануу табар элем.

[b]Гыламидин Абдрахманов, тарых иликтөөчү, КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17