Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
Базар-Коргон районунун Могол айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызматтын бош орунун ээлөө боюнча СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Курманбек айыл өкмөтү бош административдик муниципалдык кызмат ордуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтү ваканттык муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КВАРТИРА КЕРЕК
ҮЙ САТЫЛАТ
ЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС НА СЛЕДУЮЩИЕ ВАКАНТНЫЕ АДМИНИСТРАТИВНЫЕ ГОСУДАРСТВЕННЫЕ ДОЛЖНОСТИ:
ТЕАТРГА СЫНАК. “Жаңы жылдык жомок- 2019” балаты майрамына жомоктордун сценарийин кабыл алууга сынак жарыялайт.
СЫНАК. Ачы токой кызматы токой аянтын ижарага берет
ЖАРЫЯ. Аксы районундагы Авлетим токой чарбасы жаңгак аралаш токой аянттарын ижарага берет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ ОТУН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ ЖАРЫЯЛАЙТ.
ИЖАРАГА БЕРИЛЕТ
СЫНАК
СУЗАК РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ЖУМУШКА ЧАКЫРАБЫЗ!
КЫРГЫЗ СОМУНА 25 ЖЫЛ. СЫНАК
Аукцион
Сынак. БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
МОГОЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫН БОШ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨ БОЮНЧА С Ы Н А К ЖА Р Ы Я Л А Й Т

Залкардан калган таберик ЖЕҢИЖОК АКЫНДЫН КОМУЗУ

4,725 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Залкардан калган таберик 	       ЖЕҢИЖОК  АКЫНДЫН   КОМУЗУМезгилинде Аксынын мыкты уулдарынын бири болгон Сулайманкул болуш Өтөнүн талантын ашкере баалап сыйлаган. Жеңижок менен Эсенамандын айтышында Жеңижоктун комузунун кылы үзүлүп кеткен жери бар.

Иш сапарда жүрүп түркүн — түркүн кызыктарга жолугасын, бул сапар да сапарыбыз олжолуу болду деп айтсам жаңылышпаган болом. Заманыбыздын залкары, жез таңдай төкөмө Өтө Көкө уулу –Жеңижок Аксыда жашап өткөнү жаамы журтка маалым. Мезгилинде Аксынын мыкты уулдарынын бири болгон Сулайманкул болуш Өтөнүн талантын ашкере баалап сыйлаган. Жеңижок менен Эсенамандын айтышында Жеңижоктун комузунун кылы үзүлүп кеткен жери бар. Ошол жез таңдай төкмө деген улуу наамды да дал мына ушул Сулайманкул болуш ошол айтыштан кийин ыйгарып, Өтөгө колуктусу Көксулууну алып бергендиги тарыхтан бизге маалым. Эсенаман төкмөнүн айтуусунда мындай деген сап учурайт.
«Ажынын уулу Сулайман,
Ала барман бакшы дейт.
Бир мүнөзү кармаса,
Бой бербеген жинди дейт,
Антсе дагы башкарып,
Акысынын ичин билди,- дейт» деген сап учурайт. Эмне үчүн Эскең Сулайманкул болушту бакшы деп жатат. Анын өзүнчө тарыхы бар. Базар-Коргондо чоң той болуп калат. Ошол жерде Жеңижокко көз тийип, сыркоолоп калат, ошондо Сулайманкул болуш бир торпок алып келдирип, садага чаап жиберип, ырымдатып Жеңижокту сактап калган. Дал ошону айтып жатат. Бул да болуштун Жеңижокко көрсөткөн урмат сыйы деп кабыл алууга болот. Анын өмүрү Кыргыз эли үчүн кымбат экендигин билген, болуш. Дал ошондон Өтөнүн өмүрүн кандай болбосун сактап калуу керектигин ойлогон.
Оозунда элеги жок айрым адамдар Жеңижокту комуз чертпеген деп да чыгышкан. Бирок мезгилинде Жеңижок залкар жез таңдай төкмө гана эмес чоң комузчу, Манасчы, Семетейчи болгондугу бизге чейинки маалыматтарда жетип келди. Токтогул Сатылганов да Жеңижоктун талантына таазим кылып, Аксыга келип бирге жүрүп, чыгармачылык бир сапарда болгондугун айтсак ким танат. Аны Токомдун бир сөзү далилдеп турат. «Мен Өтө акем бар жерде комуз чертип, Ныязалы бар жерде ырдап олтурганым оң» деген. Мына ушунун өзү залкарлар бири-бири кандай урматтагандыгын көрсөтүп турат. Ал эми Өтө болсо өлөр алдында ырдаган «Ким айтат менин ырымды» деген чырамасында «Бир билсе Токтогул билет сырымды, көп болбосо азыраак, Токо сен айтып кой ырымды» деп табыштаган саптары бар. Бул эки залкар өмүр бою бирин-бири сыйлап ардактап жүрүп өтүшкөн. Токтогул сүргүндөн келгенден кийин да Кетмен-Төбөгө жүрө албай кайра Аксыга Өтөнүн жанына келген. Өтө Токону Айгерим деген келинге үйлөп, өзүнүн Раватынын жанына эки бөлмөлүү үй да куруп берген экен. Ошол үйдүн урандылары азыр да сакталып калган. Мезгилинде Током бир гана комузчу гана болбостон колунан көөрү төгүлгөн уста да болгон. Анын бир нече комуздары ушул мезгилге чейин сакталып келет. Төкмө акын Аалы Туткучев да Токтогулдун комузу деп ардактап алып жүрөт, ал эми бир комузду Сыймык Бейшекеев да алып жүрөт.
Жакында Аксыдагы Жаңы-Жол айылында жашаган Турдукул Жуманалиев деген комузчу, чыгармачыл адамдын үйүндө конокто болуп калдык. Ал киши азыр ардактуу эс алууда, мезгилинде Жаңы-Жол айылдык маданият үйүнүн директору болуп көп жыл иштеп, нечен жаштарды тарбиялап уядан учурган адам. Ушул Турдукул акенин бир Борон деген жездеси Жеңижокко тууган адам болгон экен. Борондун байбичеси Турдукул акенин атасы менен тууган, карындаштары болгондугун айтат. Борон аксакал өзү Түбү Таластан болот эле дейт. Жеңижок өлгөндөн кийин Жеңижокко Токтогул өз колу менен чаап берип, чертип жүргөн комузу мына ушул Борон аксакалдын колунда калат. Ал киши ардактап алып жүрүп, кийин көзү өткөндөн кийин комузду Жуманалы аба алып, андан уулу Турдукул акенин колунда калат. Жүз жылдан ашык сакталып келген комуз, көп жабыр тартып калган. Бирок залкардын колунан жаралып, жез таңдай акын өз колу менен кармап чертип жүргөн ыйык жана таберик буюм катары бизге жетип келгени эле чоң табылга деп эсептеп калдым. Комузду бир формада, ат менен жер кесип алып жүрүүгө ыңгайлуу кылып жасап, чапкан экен. Токтогул акындын формасы экендигин көргөн дө эле тааныдым. Союздун учурунда Алымкул Үсөнбаев атабыздын байбичеси Назим апам Токтогулдун комузу деп дал ушундай комузду мага көрсөткөн эле. Дал ошол комуздун өзү экен.
-Менде бир кылымдан бери атадан балага өтүп аздектелип сакталып келе жаткан буюм бар. Сен Токтогул тууралуу бир топ макалалардын сериясын жаздың эле, Абдымомун ушуну сага көрсөтөйүн деп Турдукул аке комузду алып келди. Мен абдан кубанып Турдукул акеге ыраазылык билдирип, комузду Кербен шаарына алып келдим. Кандай сакталган болсо ошол боюнча сүрөткө тартып, бул табылганы элге журтка жарыя кылып койсомбу деп чечтим. Биз үйдөн чыгып баратканда Турдукул акенин байбичеси Уулбү эже жоготуп койбогула, бул кайнатамдан калган таберигибиз деп кайра кайра табыштап жатты.
Мына ошол Током өз колу менен өрүктөн чаап, Өтөгө белек кылган комуз мына ушул экен. Жез таңдай төкмөнүн табериги менен таанышып койгула урматтуу окурманым.

Абдымомун КАЛБАЕВ, акын-жазуучу,
Ашым Жакыпбеков атындагы
адабий сыйлыктын ээси, Аксы району

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
     12
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17