Аймак

ЧЫҢГЫЗДЫН ЧЫГААНДЫГЫН ЭМИ БИЛДИК…

 7,782 Бардыгы /

Рубрика: Колдо бар алтындын баркы жок!

ЧЫҢГЫЗДЫН ЧЫГААНДЫГЫН ЭМИ БИЛДИК...Танып не. Чыңгыз Айтматовдой залкар таланттар нечендеген кылымдарда гана чанда жаралат. Бирок, анын кадыр-баркын эми гана билип олтурганыбыз ичи абдан ачыштырат. Залкар жазуучунун туулган күнүнө карата Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында жума бою “Айтматов окуулары – 2016” илимий-практикалык иш-чарасы өкүм сүрдү. Кыргыз элин ааламга тааныткан, дүйнөлүк адабиятта салмактуу орду бар, чыгармалары 180ден ашык тилге оодарылган классик жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо ушул тапта 88 жашка толмок.
Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев Кыргыз элинин залкар жазуучусунун эки жылдан кийин белгиленчү 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө эмитен камынуу зарылдыгын баса белгиледи.

– Чыңгыз Айтматовго тийиштүү улуттук деңгээлдеги барандуу нерселерди дагыле ишке ашыра албай келатабыз. “Айтматов борбору” деген эл аралык алкактагы өтө кеңири масштабдуу борбор түзүлүшү кажет! Муну Чыңгыз Айтматовдун гана чыгармаларын эмес, бүтүндөй улуттун, өлкөнүн маданиятын көтөрө турган, улуттун жүзүн көрсөтүүгө татыктуу борборго айландыруубуз кажет! – деп тызылдады Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев.
Ал арада таанымал драматург Султан Раев өз маалында Чыңгыз Айтматовду кыргыз рухунун, интеллектуалдык духунун көтөрүүчүсү сыңары баалады.
– Ар улутту дүйнөлүк дөөлөттөрдүн бийиктигине көтөрө турган залкар адамдары болот. Алардын бири – Чыңгыз Айтматов. Ал бүтүндөй Кыргыз элинин бактысына жаралган инсан, – деди Кыргызстанда тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы, драматург Султан Раев.
Ал эми Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Абай илим-изилдөө институтунун директору, профессор Дадебаев “Чыңгыз Айтматовдун мифопоэтикасы” аттуу илимий баяндамасын тартуулады. Буга улай ал боордош казак эли дагы Чыңгыз Айтматовду алигүнчө өзүнө абдан жакын көрөөрүн кыйытты.
– Чыңгыз Айтматовдун айрым чыгармаларындагы мифологиялык каармандар (“Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн”) болгону менен алардагы чындык өзөктүү, терең. Аларды окуп адам баласы ушундай экенбиз да деген ойлор жаралат. Анын пайдаланган каармандарынан улам, “адамзат” жана “адамзаттын келбети” тууралуу ойлор келет, – деди баяндамасында Казак улуттук университетинин Абай илим-изилдөө институтунун директору, профессор Дадебаев.
Ал эми Чыңгыз Айтматовдун буга чейин кыргыз журтчулугуна таптакыр белгисиз болгон “Чоор жана жер” деген чыгармасы жөнүндө билдирүү жасаган Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиев буларга кеңири токтолду.
Бул чыгарма өткөн кылымдын 60-жылдарынын орто ченинде, “Кош, Гүлсарат” менен “Ак кеме” чыгармаларынын ортосунда жазылган экен. Бул чыгармада дагы “Кош, Гүлсарат” чыгармасындагы социалдык-драмалык кырдаал камтылыптыр. Бул чыгарманы мен “Айтматов чет тилдерде” деген библиографиялык көрсөткүчтөн издеп жүрүп араң таптым. “Флейта и земля” деп турат. Бул чыгарма “Знамя” деген журналда 1973-жылы, “Литературный фронт” деген адабий журналда, андан соң 1976-жылы жазуучунун тандалган чыгармаларынын экинчи томдугунда жарыяланыптыр. Бул китепти издеп жүрүп Болгариядан зорго таптык. “Чоор жана жер” чыгармасында Байымбет менен Шолпандын сүйүүсү жөнүндө баяндалган. Бул чыгарма орус тилинде дагы, кыргыз тилинде дагы эч жарык көрбөптүр. Бул Айтматов таануу илиминдеги сенсациялык көрүнүш деп айтсак, жаңылышпайбыз! Дагы бир сенсация – башкы каармандардын бири Асакеев деген болгон экен. Окуя боюнча бул каарман жаштарды Чоң Чүй каналын курууга үндөгөн партиялык кызматтагы адам болгон экен. Бул адам Шекер айылында иштеп кеткендиги эми билинди. Чыгармада Ата мекендик согуш башталып калып, ал согушка кетет. Турмушта да ал согушка кеткен экен. Сталинграддын алдында баатырларча курман болуптур,деген академик Абдылдажан Акматалиев Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы океандай экендигин, ошондуктан, дагы да көптөгөн илимпоздордун изилдөө обьектиси болоорун баса белгиледи.
Баса, “Айтматов окуулары – 2016” эл аралык илимий-практикалык конференциянын башталаарда катышуучулар Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, маркум жазуучуга куран окушту. Андан соң Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Кылым карытаар бир күн” деген даректүү тасма көрсөтүлүп, жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү Чыңгыз Айтматов атындагы №68 мектептин окуучулары сахналаштырып тартуулашты. Ошондой эле Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын фойесинде китеп көргөзмөсү дагы уюштурулду. Конференциянын катышуучулары өз макала, баяндамаларында Чыңгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук, асылдандыруучулук касиетке эгедер көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп-үйрөнүү, тереңдетип изилдөө көп катмарлуу жана көп багыттуу иш экендигин белгилешти.
Бул сапар “Айтматов окуулары – 2016” эл аралык илимий-практикалык конференциясына 150 илимий макала түшүп, булардын арасынан 120 баяндама иргелип алынды. Булардын негизинде 71 басма табак көлөмүндө “Айтматов окуулары – 2016” илимий жыйнагы дагы жарык көрдү. Иш-чаранын алкагында айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги астында Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан залкар жазуучунун туулган күнүнө карата эки китептин бет ачаары өткөрүлдү. Биринчиси, “Айтматовдун асыл ой берметтери”, түзгөндөр: К.Жусупов, А.Акматалиев, З.Дербишева. – Бишкек, 2016. – 255 б. – кыргыз, орус тилдеринде. ( “Жемчужные россыпи мыслей”). Китепке Ч.Айтматовдун публицистикаларынан жана көркөм чыгармаларынан тандалып алынган адамдын жашоо-турмушу, өнөр, табият, элдик мурас жөнүндөгү айрым ойлору жана философиялык насыят сөздөрү киргизилген. Экинчиси, Айтматов Ч.Т. Вселенная сотворена любовью: Интервью и диологи (1990-2008) // Сост. А.Акматалиев, Н.Ыйсаева. – Бишкек, 2016. – 208 стр. Бул китепке Ч.Айтматовдун 1990-2008-жылдары ММКларда жана интернет булактарда жарык көргөн интервьюлары жана маектери киргизилген.
“Айтматов окуулары – 2016” Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары Чыңгыз Айтматов атындагы китепканага дагы баш багышты. Конференциянын катышуучулары өз макала, баяндамаларында Чыңгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук, асылдандыруучулук касиетке эгедер көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп-үйрөнүү, тереңдетип изилдөө көп катмарлуу жана көп багыттуу иш экендигин белгилешти.
Аталган эл аралык илимий конференция соңунда XX кылымдын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын идеялык-эстетикалык сабактарын тереңдетип өздөштүрүү, гуманисттик идеяларын жайылтуу максатында “Айтматов окуулары” Эл аралык илимий-практикалык конференциясын жыл сайын өткөрүп, материалдарын жарыялоо, жазучунун чыгармачылыгын изилдөө жана жайылтуу, чет тилдерге котормолорунун деңгээлине баа берүү, жазуучунун мурастарын КМШнын жана алыскы чет мамлекеттердин орто жана жогорку окуу жайларында окутуунун методикасын байытуу үчүн адабиятчы, лингвист, тарыхчы, культуролог, искусство таануучу, психолог, философ, педагогдордун биргелешкен аракеттерин күчөтүү, чет тилдерде жарык көргөн эмгектерин чогултуу, аннотациялары менен библиографиялык жыйнак түзүү, Кыргызстанда жана чет өлкөдө чыккан макалалардын тандалмаларын түзүп, аларды кыргыз, орус, англис тилинде которуп жарыялоо ишин колго алуу, Айтматов таануу багытындагы илимий изилдөөлөрдү интеграциялоо, өз ара маалыматтуулуктуарттыруу үчүн интернет-портал түзүү, жыл сайын 12-декабрда республиканын бардык окуу жайларында, китепканаларында Айтматов күнүнө арнап “Айтматов окууларынын” өткөрүлүп туруусу зарылдыгын баса белгилешти.

ЧЫҢГЫЗДЫН ЧЫГААНДЫГЫН ЭМИ БИЛДИК... ЧЫҢГЫЗДЫН ЧЫГААНДЫГЫН ЭМИ БИЛДИК... ЧЫҢГЫЗДЫН ЧЫГААНДЫГЫН ЭМИ БИЛДИК...

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17