Аймак

АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮНҮН КЕТМЕН-ТӨБӨ ОЧОГУ: ТОКТОГУЛ ЖАНА “ШАДЫБЕКЧИЛЕР”

 17,567 Бардыгы /

АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮНҮН КЕТМЕН-ТӨБӨ ОЧОГУ: ТОКТОГУЛ ЖАНА “ШАДЫБЕКЧИЛЕР”

Авазов Эрнис Абдыманопович
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент
ЖАМУнун Тарых кафедрасынын башчысы

1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү Фергана өрөөнүнүн алыскы аймактарында жашаган тургундардын жашоосуна өз залакасын тийгизбей койгон эмес. Көтөрүлүштөн соң жазалоо иштери Токтогул Сатылганов жашаган Кетмен-Төбө өрөөнүндө да курч мүнөздө жүргөн. Ошол кездеги бул аймактагы болуштук бийликти талашуудан келип чыккан элеттин таасирдүү адамдарынын ортосундагы жек–жааттык карама-каршылыктардын курчуган мезгили жазалоо иштерине дал келип калышы абалды ого бетер ырбаткан. Репрессияларды жергиликтүү болуш, бий, ыстарчындар күчөтүп өздөрүнө жакпаган адамдардын баарын көтөрүлүшкө катышты дешип жалган жалааларды жабышып кара тизмеге каттап койгондуктарын адилеттик үчүн айта кеткенибиз оң. Ушундай көрүнүш Кетмен-Төбө аймагында топтук жамааттардын жаңжалынан улам күчөгөн.
Жазалоолордун курч мүнөздө жүрүшү ушул өрөөндүк Шадыбек калпа баштаган топтун көтөрүлүп чыгышына алып келген. «Бул шайканы кармоо үчүн Ферганадан, Жети-Суудан, Олуя-Атадан келген мергендердин тобу жана казактардын отряды тез арада жөнөтүлгөн. Аскерлердин келе жатканын угушкан көпчүлүк качууга үлгүргөн, ал эми Шадыбек өзүнүн жакындары менен Узун-Акматтын куймасындагы Ири-Суу капчыгайына жашынган. Ушул жерде 13-июлда эч кандай каршылык көрсөтпөстөн пристав Бушеновго колго түшүп берген». Ал эми Суусамыр болуштугунун башкаруучусунун 1898-жылдын 19-июнундагы билдирүүсүндө 29 кишиден башка дагы 9 киши изделип жаткандыгы жөнүндө: «Улуу даражалуу мырза Пишпек уездинин начальнигине маалымат үчүн Шадыбек калпанын 29 кишиден турган шайкасы Наманган уездинин начальнигинин жардамчысы менен казактар тарабынан кармагалгандыгын маалымдайм. Шадыбектин тобунан 9 киши колго алынбагандыктан болуш башкаруучусу аларды айылдардан жана тоолордон издөөдө ] – деген маалыматтар кездешет. Аталган билдирүүнү алып барган Суусамыр болуштугунан Аширбай Бешкемпиров Шадыбек калпанын болуш башкаруучусу Бактияр Рыскулбековдун көрсөтмөсү менен кармалгандыгын, дагы кандай 9 кишини издеп жаткандыгы жөнүндө билбестигин, билдирүүнү Биш-Ташка иш сапарга барган жигиттин суранычы менен Олуя-Ата уездинин начальнигинин атына жазгандыгын маалымдаган. Шадыбек калпанын кармалган тобунан бөлөк шектүүлөрдү издөө улантылгандыгын 4-жүздүктүн башкы разьездинин начальнигине ага урядник Графеевдин 1898-жылдын 17-июнунда Мадылбек капчыгайында жазган: «Мен Биш-Ташка Шадыбек калпанын шериктерин издегени кеттим. Жакшы жол көрсөткүчтү таптым. Шадыбек калпа кармалды. Баары жакшы» – деген билдирүүсү ырастап турат.
Кармалгандардын арасында Токтогул да болгон [4]. Мындай пикирди акындын тагдырын изилдөөгө карата жаңы маалыматтарды топтоп, басма сөз беттерине байма-бай жарыялап жүргөн журналист изилдөөчү А. Капаров да айтып келүүдө. «Кол бердик эле эшенге, кордугу тийди эченге… Ошондон кеттим кармалып, он жылы жүрдүм сандалып»… деген саптар ага далил.
Жогоруда аталган Шадыбек калпа эмне үчүн көтөрүлүүгө аракеттенип, бирок эч кандай каршылыксыз колго алынды деген суроо күтүүсүздөн жаралбай койбойт. Андыктан бул суроого жооп издеп көрөлү. Айрым изилдөөчүлөр Шадыбек калпа баштаган Кетмен-Төбөнүн бар болгону 23 тургуну (айрым булактарда 29) Анжиян тарапты көздөй бет алып жөнөгөндүгүн көтөрүлүштүн бир этабы катары карашат. Булактар күбөлөндүрүп тургандай бул топ тосуп чыккан жазалоочу аскерлерге эч кандай зыян алып келген эмес. Мадали Эшенди пир тутуп кол бергендер Кетмен-Төбө аймагында көп болгон. Калпа катарында Шадыбектин эшен менен башкаларга караганда да мамилеси жакын болуп, пикирдеш катары ал Кетмен-Төбө аймагындагы Мадалинин ишеничтүү адамы болгондугу талашсыз. Ошондон улам ал 1895-жылдардан баштаган Мадали эшен менен көгарттык, кетментөбөлүк элеттиктердин байланышы бекемделе баштаган мезгилден тартып көтөрүлүш боюнча өткөрүлгөн жыйындарга да катышып, Миң-Дөбөгө жакын аймакка топтолуу жөнүндөгү эшендин катын да алган болушу керек. Бул боюнча булактарда: «Анжиян уездинин тоо тараптарында пайда болгон шайканын жетекчиси Шадыбек 28 адамы менен, Наманганга алып келинди. Сыягы, бул жашы жетимиштеги карыя миңдөбөлүк акылсыз фанатиктин таасиринин астында көтөрүлүш чыгарууга аракеттенген шекилдүү. Намангандан кармалган Төрөхан дегенден Шадыбекке багышталган чакыруу каты табылган». Көтөрүлүш жөнүндө Мадали эшен менен тил бириктиргендиги элетке белгилүү болгон Шадыбек калпа баштаган топ эшен менен мамилеси бар элеттиктердин эл башчыларынан тартып, көтөрүлүш жөнүндө кабары жок чагымдоолордон улам айыпка жыгылышкан жердештеринин абалын көрүп турушуп эртеби-кечпи баары бир кылтакка илинишээрин сезишип аз гана топ менен Анжиянды көздөй жүрүшкө чыгышкан. Алардын мындай аракетке келишине жазалоолордун элет арасында аеосуз жүргөндүгү, чагымдоо, жалган жалаа жабуулар таасир эткендиги көрүнүп турат. Бул жерде дагы бир маселе бул топтун эмне үчүн кошумча аскер күчтөрү менен чыңдалган, өзгөчө көзөмөлдө турган Анжиянды карай жүрүшкөндүгүн тактоодо турат. Балким бул жерде алар жалган жалаага кириптер болуп жазалоочу аскерлердин зомбулугуна учуроодон чочулашып, күнөөсүз экендиктерин аскердик сотко же губернаторго өздөрү барып айтышмакка бел байлашып, эмне болуп кетет? – деген кыязда курал жарак да алып алышкан чыгаар деген жоромол чыгаруу туурадыр.
Булактарда падыша өкмөтү Анжиян көтөрүлүшү алып келген финансылык жоготуулардын ордун толуктоо жана жазана иретинде Фергана областынын калкына 300 миң сом өлчөмүндө контрибуция салгандыгы айтылат. Токтогулдун болгон мүлкү 16 сом 10 тыйынга, Мөкү Бешкемпировдун мүлкү 51 сом 65 тыйынга бааланган. Мөкү Бешкемпир датканын Керимбай болуш менен бийлик талашкан чыгаан уулу болгон. Кетмен-Төбө өрөөнүнөн кармалган кишилердин саны 62 киши болгондугун Токтогулдун төмөнкү ырынан билүүгө болот:
«Алтымыш эки кишиден,
Айдалган элдин ичинен:
Кутубай, Бакай, Качканаак,
Качып чыккан баштараак.
Муратаалы, Мурзабек,
Мурун качып келди эле,
Аркасынан Кулданбай
Куба качып келди эле».
Ырда айтылгандай Токтогул Кетмен-Төбө аймагынан жалгыз өзү кармалган эмес. Аны мене кошо бул аймактын көптөгөн тургундары бар эле. Токтогулдун жогорудагы ырында кармалгандардын саны 62 киши болгондугу айтылса, Түркстан аскер округу боюнча 1898-жылдын 29-июлундагы №270-буйрукта 64 адам деп берилет. Ушул жылдын 3-августунда Наманган шаарындагы убактылуу аскер соту Шадыбекчилер деп аталган 6-топтун ишин караган. Алгачкы өкүм боюнча булардын баары өлүм жазасына тартылып, бирок өкүмдү жумшартуучу жагдайлар болгондуктан өлүм жазасы алмаштырылган. Шадыбек Калпа Шергазиев, Уметаалыбек Багышбаев жана Төрөбай Бешкемпировдор көтөрүлүштүн уюштуруучулары катары эсептелген. Андыктан алардын ичинен Шадыбек мөөнөтсүз, калган экөө 20 жылдык мөөнөттө каторгалык иштерге айдалган. Булардын ичинен 70 жаштагы Бакайбек Булатовдун карылыгы эске алынып Сибирдин алыскы аймагына сүргүнгө айдалган. Ал эми Кыргызбай Адаевдин жашы 18 ге толо электиги үчүн өлүм жазасы абакка камоо менен алмаштырылган. Ушул экөөнү кошпогондо Наманганга кармалып баргандардын саны 62 киши болгон. Шадыбектин тобунан 5 киши айдалып, калган 54 киши 7 жылдык мөөнөттөгү каторгалык иштерге айдалган. Жогорудагы буйрукта Токтогул 26-катарда жазылган .

№ Аты-жөнү Жашы Уруусу

1 Шадыбеккалпа Шергазиев 70 Саяк
2 Үммөт Багышбеков 45 Багыш
3 Төрөбай Бешкемпиров 50 Тоңтор
4 Мырзабек Наркозиев 50 Багыш
5 Эгемберди Калыбеков 43 Багыш
6 Карабаш Садиров 65 Багыш
7 Сталиедил Макашов 55 Багыш
8 Кулданбай Истамбеков 40 Сарттар
9 Багышбек Алимбеков 36 Сарттар
10 Хажыбек Аталбаев 43 Багыш
11 Даки Сатылганов 43 Багыш
12 Мамака Макашев Багыш
14 Үммөт Али Бекмырзаев 47 Багыш
15 Мамат Али Букиев 46 Сарттар
16 Молдасан (МуллаАсак) Бакиев 50 Сарттар
17 Өмүрали Жарашев 47 Сарттар
18 Молдо Субанкул Буганаев 57 Саяк
19 Мөкү Бешкемпиров 43 Багыш
20 Умар Бешкемпиров 43 Багыш
21 Давлат Акимбеков 30 Күркүрө
22 Мурат Акимбеков 28 Күркүрө
23 Молдо Жанкул Карачаев 29 Күркүрө
24 Байнаркиев(аты көрүнбөйт) 45 Багыш
25 Бабабек Мирадилев 60 Багыш
26 Токтогул Сатылганов 34 Сарттар
27 Тыналы Чыйбылов 35 Колпоч
28 Кожомберди Койбагаров 58 Шыкмамат
29 Кыпчакбай Төлөгөнов 49 Кутчу
30 Айдарали Калмырзаев 27 үчүнчү айыл жамааты
31 Сары Андашев (Агдашев) 22 Саяк
32 Баратали Садыков 43 Бекет
33 Салман Исмаилов 48 Бекет
34 Кадыралы Садыков 40 Бекет
35 Мамыр Суранчиев 31 Көкүмбай(кукинай)
36 Курама Суранчиев 26 Көкүмбай
37 Калча Айдарбеков 44 Көкүмбай
38 Алибек Жүндүбаев 40 Көкүмбай
39 Ормонбек Ниязбеков 47 Көкүмбай
40 Алике Сатинбаев 40 Көкүмбай
41 Ыбыке Ормонбеков 22 Көкүмбай
42 Ибрагим Бакаев 27 Көкүмбай
43 Куласан Байсанов 47 Көкүмбай
44 Баргы Исмаилов 37 Бекет
45 Бакай Бекболотов Көкүмбай
46 Бектен Жарашев 57 Сарыбагыш
47 Кулназар Жообасаров 25 Сарыбагыш
48 Нусупали Мадамиров 60 Сарыбагыш
49 Сауран Яркинбаев 25 Сарыбагыш
50 Кыргызбай Адаев 17 Сарыбагыш
51 Маймыл Жанузаков 30 Сарыбагыш
52 Өмүке Жарашев 48 Сарыбагыш
53 Жаркынбай Дайирбеков 58 Сарыбагыш
54 Шашмир Найманов 56 Сарыбагыш
55 Жанузак Баишев 62 Сарыбагыш
56 Мааке Жарашев 44 Сарыбагыш
Анжиян көтөрүлүшүнө байланыштуу айыпталган алтынчы топко кирген Кетмен-Төбө өрөөнүнүн тургундарын, урууларды архивдик документтер менен катар эле фольклордук тариздеги булактар да тастыктап турат. Белгилүү акын Т. Сатылганов да аталган топтун катарында болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн өз жердештеринин кийинки тагдырларына да өз көзү менен күбө болгондугун анын Сибирден качып келгенде Эшмамбет ырчы менен амандашуу ыры ырастап турат. Эшмамбет ырчы да айдоого кеткен кетментөбөлүктөрдөн кабардар болгон. Ошол себептүү Токтогул менен учурашканы келип, айдалган 62 кишинин жөн жайын мындайча сурайт:
Шадыбек калды кай жерде?
Молдосан менен Карабаш
Кайда калды Токтогул?
Айдараалы айдалган,
Тирүү бекен Токтогул?
Андаштын эки баласы-
Супатай менен Сары эле,
Супатай өлдү деп уктум,
Сарысы тирүү бар беле?
Букаранын мыктысы,
Бир тараптын ыктуусу,
Көкүмбайдын көк жалы,
Чоң такыя балдары,
Көрдүң бекен Токтогул,
Курама менен Мамырды?
Куштай торго түштү эле
Сураганым табирби?
Кулумбай, Мамыр, Курама,
Кайда калды Токтогул? . Бул ырда айдалгандар буйрукта көрсөтүлгөндөй сарбагыш, сарттар, саяк, көкүмбай, бекет урууларынан болгондуктары да сөзгө алынат:
«Сарбагыштан беш киши,
Санаты менен айдалган,
Залимдер кылып бир канча
Букарадан айдалган
Бекеттерден айдалган,
Бекилип колу байланган» .
Ырда ысымы учураган инсандар Шадыбек калпа Шергазиев, Молдо Асан Бакиев, Карабаш Садиров, Айдаралы Калмырзаев, Сары Андашев, Курама Суранчиев, Мамыр Суранчиев, Кулданбай Истанбековдор экендигине толук ынанууга негиз бар.
Көтөрүлүштөн алдын Кетмен-Төбө элетинин ичиндеги саясий абал анча жакшы эмес болуучу. Башта белгилегендей болуштук бийликти талашкан атаандаш уруулук жамааттардын тирешүүсү курч мүнөздө эле. Шайлоодо жеңип чыккан Рыскулбековдордун жамаатынын каршылаштарынан өч алышы үчүн Анжиян көтөрүлүшүнөн кийинки жазалоолор көктөн тилегени жерден табылгандай эле болгон. Мындай көрүнүш бир эле Рыскулбектин бийликтеги балдары сыяктуу элеттин туземдик башкаруудагы көпчүлүк өкүлдөрүнө гана эмес отурукташкан «сартийа» жаматынын өкүлдөрүнө да мүнөздүү болгон.
«Толкундоолорду басууга орус бийликтерине Суусамыр болушунун башкаруучусу Бактыяр Рыскулбеков, манап Аширбай Бешкемпиров жана Пишпек уездинин Атаке болушунун башкаруучусу Тезекбай Төлөгөндөр чоң көмөк көрсөтүшкөн. Кызматы үчүн бул феодалдар сыйлыкка көрсөтүлгөн». Бул жөнүндө генерал-губернатордун отчетунда «козголоңчуларды ийге келтирүүдө. Туземдик администрациянын кызмат адамдары арзырлык көмөк көрсөтүштү» – деп берилген. Жазалоо учурундагы баш аламандыктарды жергиликтүү башкаруучулар ал тургай табиятынан чагымчы, кошоматчы жаралган, ниети туура эмес адамдар жаза кетиришпей каршылаштарын жана өздөрүнө жакпаган кишилердин баарын кара тизмеге катташып беришкен. Бийлик талашкан жамааттар өздөрүнүн атаандаштарынын үстүнөн колониялык бийлик өкүлдөрүнө чагым жасашып, жалган жалаа менен каршылаш жамаатын бий чыкмаларынын көзүн тазалоого аракеттенген учурлары көп болгон. Ошондон улам мартабалуу жана мансаптуу кишилердин бир даары да жабыр тарткан.
Белгилей кетүүчү нерсе белгилүү акын Токтогул Сатылгановдун кийинки тагдыры, айрыкча анын сүргүндө жүргөндөгү күндөрү жөнүндө айрым эскерүүлөрдү эске албаганда илимий изилдөөлөр дээрлик жокко эсе.. Эскерүүлөргө жана даректүү баяндарга таянган изилдөөлөрдө акындын сүргүндөн “качкан” жылы ар башка берилет. Кыязы, мындай кайчы пикирлер архивдик материалдарды пайдаланбагандыктан жаралса керек. Андыктан акындын сүргүндөгү күндөрү жөнүндөгү Иркутск областык мамлекеттик архивинен алынган айрым архивдик маалыматтарды карап көргөнүбүздө төмөнкүлөр айкын болду:
« Бөлүштүрүү тизмеси.
Тюмень шаарында сүргүндө жүргөндөрдү Иркутск түрмө бөлүмүнүн карамагына каторгалык жумушка жөнөтүү жөнүндөгү 1901-жылдын 11-июнундагы буйругу. Наманган уездик башкармасынын 1898-жылдын 10- августундагы статьялык тизмеси боюнча түзүлгөн.
№268 –7953
Аты жөнү: Токтакуль Сатылганов – 34 жашта.
Мурунку абалы, кылмышы жана алган жазасы: кыргыз, Фергана областындагы Анжиян уездинин Наманган шаарындагы убактылуу аскердик сотунун өкүмү боюнча Суусамыр волостунан орус өкмөтүнө каршы көтөрүлүшкө катышкандыгы үчүн (асуу менен өлүм жазасына) бардык укугунан ажыратылып өкүм чыгарылган. Бирок, Улуу Урматтуунун ырайымы менен өлүм жазасы 25-статьянын негизинде 7 жылдык сүргүнгө каторгалык жумушка алмаштырылган. Арестант 1899-жылдын 13-июлунан 1900- жылдын 17-мартына чейин Тобольск борбордук каторгалык түрмөсүнө жайгаштырылып, кара жумушта өзүн жакшы көргөздү.”.
Булактардан маалым болгондой Токтогул 1901-жылдын 11-июнундагы буйрук менен Иркутск абакканасына бөлүштүрүлөт. Мындан аз күн өтпөй эле акын Иркутск губерниялык абакканасынын башкармалыгынын 30-июндагы көрсөтмөсү менен ушул эле жылдын 19-июлуна чейин Александровск түрмөсүнө которулат. Сүргүнгө Токтогул менен чогуу айдалган Болот Жыртаков эскергендей, акын абактан качууга бир нече ирет аракет жасап, ошондон улам жаза мөөнөтү узарган болушу керек. Ошондон улам Токтогул Иркутск губерниялык башкармасынын түрмөлүк бөлүмүнүн 1904-жылдын 7-августундагы буйругу боюнча Яндинск волостунун Балаганск айылына сүргүнгө жөнөтүлөт.. Иркутскиден 293 чакырым ыраакта турган бул айылга акын 26-августта этап кылынат. Акындын абактагы кийинки тагдыры да чиеленишкен. Аны тактоо үчүн дагы да архивдик материалдар талап кылынат. Өз тагдыры жөнүндөгү ырларына сареп салуу менен акындын абактагы мөөнөтү бүтө элек учурда эле мунапыс же кечирим менен бошотулгандыгына ынанууга болот. Токтогул менен тагдырлаш жогорудагы инсандардын канчалык дэңгээлде көтөрүлүшкө катыштыгы бар экендигин толук тастыктоочу булактар колдо жоктугунан улам аларды бир гана соттук айыптоо өкүмү боюнча күнөлүү деп эсептөө чындыкка анчалык дал келе бербейт. Себеби алардын арыз-дооматтары иликтенип каралбастан атайын даярдалган күбөлөр тарабынан күнөөлүү экендиктери айкындалып, уруп-сабоолорго чыдай алышпастан күнөөлөрүн моюндарына алууга аргасыз болушкан.
Ошентип Анжиян көтөрүлүшү жеңилүүгө учурап, Фергана өрөөнүнүн калкын эбегейсиз азап тозокторго учуратуу менен бирге падышачылыктын Түркстандагы колониялык саясатына бир топ өзгөрүүлөрдү алып келген. Фергана өрөөнү басылып алынган күндөн башталган колониялык доордогу алгачкы жолку аскер бөлүгүнө жергиликтүүлөрдүн кол салышы мындайды капарына да албаган падышачылыктын бийлик ээлерин катуу сестентип, алардын Түркстан крайындагы саясатынын репрессиялык нукка түшүшүн шарттаган жана өзгөртүүлөрдү кийирүүгө түрткөн.
Адабияттар:
1.Авазов Э. «Алтымыш эки кишиден, Айдалган элдин ичинен» же айыпка жыгылган Токтогул, көтөрүлүштүн Кетментөбө очогу жөнүндө ]/ Э.Авазов // Ош жаңыргы.- 2004.- 17- январь.
2. Айтыштар. Биринчи том / Түзгөн А. Токомбаева – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы.-1972. 301 б.
3. Иркутск областык мамлекеттик архиви.ф.34,оп.1, д.244, л. 1-2.
4.Капаров А. Токтогул, Керимбай, Эсенбай жана Жоомарт] // Заман Кыргызстан. 2004.-13-20-февраль
5.Последние сведения из Ферганы // Туркестанские ведомости.-1898.-№1665
6.Приказ по войскам Туркестанского военного округа от 29 июля, 1898г. №270 // Туркестанские ведомости.-1898.-№1684
7.Сведения о безпорядках в Фергане]// Туркестанские ведомости – 1898. №1663.
8.Усенбаев. К. Об участии киргизов в Андижанском восстании 1898 г. // История и историография национально-освободительных движений второй половины XIX-начала XX в. Средней Азии и Казахстане: итоги, поиски, перспективы изучения Ташкент, 1989.
9. Усенбаев К. Народные движения Средней Азии в XIX веке ( по материалам Кыргызстана) – Бишкек- Ош,- 1998.
10.ЦГА РК. Ф.64. оп.1. д.881. лл.71-72.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17