Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,994 Бардыгы / Балалык кезимде эл керегине жараган адам болсом деп кыялданчу элем. Кайсы бир адамга жарык берип, ырыскы чачып, сүйүүңдү арнап, туура жолго салып, анын адам болуп калыптанышына өз салымыңды кошуп тургандан артык нерсе барбы? Мына ушундай идеалдуу касиеттердин топтомуна жакын болгон кесип- бул мугалимдик кесип деп айтсам аша чапкандык болбос. Чыныгы педагогдор өзүнүн […]
4,995 Бардыгы / Балалык кезимде эл керегине жараган адам болсом деп кыялданчу элем. Кайсы бир адамга жарык берип, ырыскы чачып, сүйүүңдү арнап, туура жолго салып, анын адам болуп калыптанышына өз салымыңды кошуп тургандан артык нерсе барбы? Мына ушундай идеалдуу касиеттердин топтомуна жакын болгон кесип- бул мугалимдик кесип деп айтсам аша чапкандык болбос. Чыныгы педагогдор өзүнүн […]
МУГАЛИМДИН НАНЫ МЕНЕН ЧОҢОЙГОМ …
10.02.2020 / Автор anarkan_kg4,996 Бардыгы /
Балалык кезимде эл керегине жараган адам болсом деп кыялданчу элем.
Кайсы бир адамга жарык берип, ырыскы чачып, сүйүүңдү арнап, туура жолго салып, анын адам болуп калыптанышына өз салымыңды кошуп тургандан артык нерсе барбы? Мына ушундай идеалдуу касиеттердин топтомуна жакын болгон кесип- бул мугалимдик кесип деп айтсам аша чапкандык болбос. Чыныгы педагогдор өзүнүн ишинин фанаттары болушат.
Педагог деген сөз- мыкты мугалим же тарбиячы болуу гана эмес, көрүнүктүү адам болуп калыптануу. Ал адам башка адамдарды өзүнүн идеялары, ой-толгоолору менен кызыктыра ала турган жана аларды позитивдик өнүгүүгө багыттай алуучу адам болушу абзел.
2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты, кошумча англис тили факультетин бүтүрүп, алгачкы эмгек жолумду №1 Т. Балтагулов атындагы өзүм окуган мектептен баштадым. Эмгек жолумду баштагандан кийин да бул кесипти тандаганыма ыраазымын. Мугалим болуп иштеген күндөн тартып мен үчүн мугалим эжейлерим мурункудан да ыйыктын ыйыгы болуп сезилүүдө. Алардын эмгегин баалоо, аларды кадырлоо мен үчүн ыйык. Ар бир инсан өзүнүн ишин, кесибин кызыгуу менен иштесе, кесиптин түйшүгүн жана асылдыгын баамдаса, ошондо гана ийгиликке жетише алат.
Менин мугалим болушума биринчи уям болгон өз ата-энем түрткү болду десем да болот. Анткени” Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген элдик накыл сөздө айтылгандай, апам Садыкова Жумагүлдүн кесиби мугалим болгондуктан мага таасири тийсе керек деп ойлойм. Жөнөкөй мугалимдиктен тарта жетекчиликке чейин билим берүүнүн ар бир тепкичин басып өтүп, мугалимдик тажрыйбасы мол эле. Сабак даярдаганына, балдарга жасаган мамилесине ар дайым күбө болгом. Айрыкча балдардын апамды көргөндө ийилип салам айтуусу, бүтүп кеткен окуучуларынын кайра келип, ал-акыбалын сурап турганы мени аябай суктандырчу. Ошондой эле мени жана менин бир туугандарымды мугалимдиктен тапкан акчасы, адал наны менен баккандыгын эч тана албаймын. Үй-бүлөдө 6 кыз, 1 уул болгондуктан күнүмдүк керектөө бир топ эле болгон. Ал эми апам мени ошол аз, бирок берекелүү адал тапканы менен ушул деңгээлге жеткирди десем болот.
Чарчаганды билбеген мээнеткеч мугалим, пеагогикалык жамааттагы жаңы идеялардын демилгечиси, жаш мугалимдердин кеңешчи насаатчысы –бул менин апам. Өзүнүн бүт акыл, күчүн, өмүрүн бир кесипке арнап, адилет иштеп, элге ак кызматкылган инсан бул менин бейишим апам.
Анын ишмердүүлүгү кийинки муундарга өрнөк, үлгү боло алат. Өзүнүн эмгекчилдиги, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган бийик адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, ыймандуулук, уюштуруучулук, усулчулдук сапаты менен айылдык депутаттык кызматын да аркалап, көптөгөн коомдук иштерге да активдүү катышып, калк арасында да, мугалимдер жана окуучулар арасында да чоң кадыр -баркка ээ болуу менен ардактуу эс алууда. Ошентсе да мугалимдик кесибине болгон кызыгуусунанбы же”Мугалим пайгамбар сыйлаган кесип” деген сезимди жүрөгүнө бек орнотуп алганбы, айтор дагы эле айылдык жаштарга өзүнүн тигүү цехин ачып, тигүүчүлүктү жана бычмачылыкты үйрөтүп келет. Ар кандай жеке ишкерлердин иш-чараларына карыдым дебей активдүү катышып жүрөт. Ылайым жаратканым денсоолугуңузду жана өмүрүңуздү берсин –АПА!
Айсулуу САДЫКОВА, №4 А. Акпаралив атындагы орто мектебинин мугалими
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
19.10.2023 / Автор anarkan_kg МАДУМАРОВДУН СОТУ 30-ОКТЯБРДА УЛАНАТ
-
25.10.2023 / Автор anarkan_kg ӨЗБЕК БИЙЛИГИ “ХАЛАЛ” РЕСТОРАНДАРДЫ ЖАБА БАШТАДЫ
-
01.11.2023 / Автор anarkan_kg АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИ ДЫЙКАНДАРГА ШАФРАН ГҮЛҮН ӨСТҮРҮҮНҮ СУНУШТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.