Аймак

МЕКЕНЧИЛДИК ШАҢДАНУУ ЭМЕС ЖӨНҮ ЖОК

МЕКЕНЧИЛДИК ШАҢДАНУУ ЭМЕС ЖӨНҮ ЖОК

 3,425 Бардыгы /

Мекенчил болобуз деп деп ураан таштап,

Миң жолу айткан сөзү мээңди чагат.

Мертинтип ойлоруңду оргуштаган,

Менменсинип улум-улам төшүн кагат.

 

Жар салып жадап деле бүтүшпөдү,

Жарытылуу иш деле бүтүрбөдү.

Киргилдентти көңүлдү жалган айтып,

Калктын кайда калп сөзгө түшүнмөгү.

 

Мекенчил болсок эгер баарыбыз,

Мөлт-калт болмок океандай байлыгыбыз.

Биримдиктин отун жаксак өчүрбөй,

Билинбей калмак эле жардылыгыбыз.

 

Сараңдыктын сыйрып туруп жарасын,

Саргайганга, бозоргонго, кордолгонго каралаш.

Сообу тиет эрте-кечпи акыры,

Сумсайгандын баары бизге санаалаш.

 

Мекенчил болгондор бар деңизчи,

Материкке жете турган мээрими.

Андай болгон ак жүрөктөр саналуу,

Алоолонгон Ата-Журтка сезими.

 

Көксөгөндөн үмүт этип дагы да,

Кубат алам кыргызымдын деминен.

Калсын оңбой, оңкосунан сайылсын,

Кыргыз элин көз көрүнө жээриген!…

 

Рысбай ЖУМАБЕКОВ, Сузак району,  Ынтымак айылы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17