Аймак

ӨРНӨКТҮҮ ӨРГӨ ТАЛПЫНАТ (Мамлекеттик жана коомдук ишмер Сабырбек Качкынбаевди эскерүү)

 2,448 Бардыгы /

“Адамдагы эң улуу касиет – адам болуусу менен калуу”                  Ч.Айтматов

Каректе уялаган айыл

Серүүн тоосуна туташ жайгашкан чакан Комсомол айылы жылдан-жылга кеңейип жаткандыгына көбүбүз күбөбүз. Эгемендик алганга чейин жолдун тескей тарабында анчалык көп эмес үйлөр болсо, азыр күнгөй бетте да заңгыраган заманбап турак жайлар курулуп жаткандыгы кубандырарлык. 60-жылдары Сузак районунда 7 гана орто мектеп болсо, анын бири жогоруда сөзгө алынган айылда. Аймактардагы айылдарда башталгыч, 7-8 жылдык мектептер болгондуктан өрөөндүн жаштары “Көк-Арт” орто мектебинен (азыркы гимназия) билим алышкан. Өзүм да ошол мектептен бүтүрдүм. Мүнөзү жумшак, сабакты мыкты окуган Надырбек Качкынбаевден үлгү ала турган жагы көп эле болчу. Классташтарын, жаш балдарды “сиз”, өзүнөн кичинекейлерди “аке” деп айта турган.

 Арадан 55 жыл өтсө да анысы калбаптыр, мүнөзу өзгөрбөптүр, чачы агарып, жүзүн бырыш басканы болбосо ошондой эле. Айыл чарба илимдеринин кандидаты болду. Ал эми бир тууган иниси Садырбек Качкынбаев өткөн жылы ааламдан өттү. Айтор Садырбек атасынын кесибин улап, мал догдур болду. Атасы Жалал-Абад шаарындагы зооветеринардык техникумду бүтүрсө, Садырбек Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктады.

“КЫЗЫЛ ДИПЛОМДУУ МАЛ ДОГДУР”

Ала-Бука районунун чарба жетекчилери, интеллегенциясы эмгек чыйырын жаңыдан баштаган жаш адис С.Качкынбаевди “кызыл дипломдуу мал догдур” деп жүрүштү. Райондогу ветеринардык бекетте болгону 4 ай эмгектенип, “Октябрь” совхозуна башкы ветврач болуп которулду. Андан кийин эмгек жолун мамлекеттик адистештирилген чарбада улантты. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш адиске болгон ишеним бара-бара жогорулай берди. Партиянын райондук комитетинде инструктор, айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болду. Айыл чарбасы негизги тармак болгондуктан райондун калкы мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен тиричилик өткөрөт. Райондун жетекчилеринин ишенимине кирген Садырбек жоопкерчиликти жогору сезгендиктен албетте кесипкөйлүгүн таасын көрсөткөндүктөн улам кадыр-баркы да, зоболосу да жогорулай баштады. Жубайы Айчүрөк Абдазова жогорку билимдүү адис. Кесиби боюнча зоотехник, айыл чарба институтун бүтүргөн.

КЕЧЭЭГИ БӨЛҮМ БАШЧЫ, БҮГҮНКҮ ДИРЕКТОР

Элине ак кызмат өтөөнү эңсеген чарба жетекчисин сыноочу мезгилде жанын үрөдү. Чарбанын өндүрүштүк да, экономикалык, финансылык көрсөткүчтөрү жогорулады. Социалдык маселелер ийгиликтүү чечилди. Ошол мезгилде түштүктө алдыга чыккан 6-7 эле чарба боло турган. Ноокаттагы “Россия” колхозу, Сузактагы “Октябрь” жүзүмчүлүк совхоз-комбинаты, “Коммунизм” колхозу, Ноокендеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхоз, Аксыдагы “Кызыл-Жар” совхозу, Кара-Суудагы Фрунзе атындагы колхозу облустук, республикалык, бүткүл союздук өтмө кызыл тууларды үстөккө-босток алып, мелдештин жеңүүчүлөрү болуп турушкан. Алардын катарында “Октябрь” совхозу да бар эле. Чарбанын рентабелдүүлүгү 40 пайызга жетип, таза киреше төрт миллион сомдон ашкан. Албетте мында чарба жетекчиси Садырбек Качкынбаевдин эмгеги зор болгондугун сыймык менен айта кетсек болот. Директор кезинде чарбанын борборуна чакан мончо курдурат. Мени көрсөткөнү алып барды. – Бул чоңдор үчүн эмеспи?- дедим:

-Жок, малчысы да, данчысы да түшө беришет. Бизде кызматына карап мамиле жасоо жат көрүнүш. Андан көрө мончонун ачылыш аземин өткөрүп коелу. Кызыл лентаны кесип бериңиз.

– Ошондой да болчу беле. Биринчи катчы Н. Жаниевдин каарына калба.

– Наби Жапиевичке сүйүнчүлөмөк белем.

– Сен айтпасаң балким кошоматчылар, көрө албастар ортоңорго от жагып ийбесин.

-Туура айтасыз. Ошондой болушу да мүмкүн,-деп Садырбек сөзүн улаган жок.

Райкомдо бөлүм башчы болуп турган мезгилинде барганымда Садырбек райондун борборундагы мейманканага мени издеп барыптыр, жолукканда эле:

-Экинчи мейманканага түнөбөңүз. Акчаңыз көппү?-деп кызыл дипломатымды көтөрүп, райкомдун жанындагы үйүнө ээрчитип келди. Көрсө, райкомдун кызматкерлерине батир катары салынган үйлөрдөн экен. Кызматкерлерге, адистерге ушундай камкордук көрүлгөнүнө аябай ыраазы болдум. Ала-Бука районунда эстен кеткис, унутулгус окуялар көп эле болгон. Аны жазсаң кагаз түтчүдөй, сөз бүтчүдөй эмес.

КАЙРАДАН ТЕПКИЧТЕН ТЕПКИЧКЕ

Райондогу түгүл республикадагы ири чарбанын жетекчисинен райондук айыл чарба башкармасынын башчысы, райондун акиминин орун басары, райондук агро өнөр жай бирикмесинде башкы директор, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, 1998-2002-жылдары Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, ал эми 2015-жылдан өмүрүнүн аягына чейин областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Бир нече жолу райондук, облустук кеңештердин депутаттыгына шайланган. Баш-аягы болуп Ала-Бука районунда 21 жылдан ашуун эмгектенип, уюштуруучулук жөңдөмүн көрсөткөн. Эмгеги элге, кадыры калкка терең сиңген сыймыктын да, сыйлыктын да ээси болгон С.Качкынбаев Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин, Министрлер кеңешинин “Ардак грамотасы”, “Даңк” медалы, КРдин “Ардактуу ардагери” медалы менен сыйланган.

БИЛИМГЕ УМТУЛГАН УЯЛАШТАР

Садырбек Качкынбаевдин атасы Качкынбай Кадырбеков, апасы Алимбү Качкынбаева 10 уул-кызды тарбиялап, жеткиликтүү билим алуусуна кам көрүштү. Тун уулу Надырбек илимдин кандидаты, Садырбек жетекчилик жооптуу кызматтарда эмгектенип, өткөн жылы 68 жашка караган курагында дүйнөдөн өттү. Кайрат айыл чарба институтун,  Жаннат Мичуринск шаарынан пединститутту бүтүрдү. Учурда “Көк-Арт” гимназия мектебинде эмгектенет. Калгандары да очор-бачар болушкан.

Садырбек Качкынбаевдин 2 уул, 2 кыз, 8 небереси бар. Тун уулу Сейтек Кытай Эл Республикасында, Жапон өлкөсүндө билим алган. Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин бүтүрүп, докторантураны аяктаган. Айчолпон Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент, Айчынар ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультеттеринен билим алышкан. Советбек Жапониядан окуган. Сейтектин жубайы Бермет Жапониядагы эл аралык университетти бүтүрүп, докторлук диссертация жактаган. Советбек жапон кызы Юкага үйлөнгөн. Бүгүнкү күндө Кара-Көл шаарында эмгектенишет. Менчик мейманканасы бар.

Дүйнөгө болгон көз карашы, ой жүгүртүүсү тереңдеген, цивилизацияга зор маани берген, акылгөйлүгү менен замандаштарынан айырмаланган, тарыхта аты калган Садырбек Качкынбаев ата журтун өчпөс из калтырганына шүгүрчүлүк дейли. Садырбекти эстеген сайын мүнөзү, “Азаттыкты” калтырбай угуп, дүйнөлүк жаңылыктарды божурап бергени көз алдыма тартыла берет…

Топуктуунун топуктуусу сен элең,

Тоскоолдукка тайманбастан беттеген.

Тытынуудан оолак болуп дайыма,

Тургуздуң бейм чоң мунара эмгектен.

Улуу ойлорго жуурулушкан жашыңдан,

Улуулардын улуусу да сен элең.

Урмат-сыйды көөдөнүңө сиңирип,

Убайымга түшпөгөн да сен элең.

Ак жолуңдан адашпадың Садырбек,

Алгалоодон элим алга жылсын деп.

Айлар, жылдар өтсө дагы ченемсиз,

Ак дил менен урпактарың сени эстейт.

Атагыңды көкүрөктө сакташып,

Ар кимиси сезиминен нур себет!

 Рысбай ЖУМАБЕКОВ, Сузак району, Ынтымак айылы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17