Аймак

ЖУРНАЛИСТИКА- КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН

ЖУРНАЛИСТИКА- КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН

 5,013 Бардыгы /

Өкмөттүн токтому менен 1993-жылдан бери 7-ноябрь жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин күнү катары жарыяланып, белгиленип келет. Өлкөдөгү коомдук пикирди жана маанайды калыптандырууда журналисттердин орду чоң. Сөз баккан, эркиндикти сүйгөн, ынтымак орнотуп коомдун күзгүсү катары жакшылыктар менен ийгиликтердин жана акыйкаттыктын жарчысы болгондор да ушул кесип ээлери.

Алдыдагы кесиптик майрамды утурлай Жалал-Абад облусундагы журналистика тармагындагы башы көрүнгөн, тажрыйбалуу инсандардын басма сөздүн кечээ, бүгүн эртеңине берген баасына орун бердик

Самидин СТАМБЕКОВ, педагогикалык “Дил” гезитинин редактору, журналист:

“БАСМА СӨЗ МЫЙЗАМЫН ЖӨНГӨ САЛЫП АЛУУ ЗАРЫЛ”

-СССР убагында журналисттердин иштөөсүнө мамлекет тарабынан жакшы шарттар түзүлүп, бардык мүмкүнчүлүктөр берилген. Бирок алардын эркин ой жүгүртүүсүнө бир топ тоскоолдуктар болуп келген. Тагыраагы сөз эркиндиги болгон эмес. Азыр тескерисинче сөз эркиндигин каалагандай пайдаланууга шарт болуп, журналисттер арасында жоопкерчилик деген нерсе жоголгон. Алардын жазган, айткан, уюштурган материалдарынан мамлекетибизге, жеке адамдарга же коомчулукка кандайдыр бир деңгээлде залалы тийип кала турган нерселерге көңүл бурулбайт. Ар ким өз оюндагыны айтып, анын жоопкерчилигин тартпайт. Сөз эркиндиги дегенибиз менен бул түпкүлүгүндө келип мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтире турган нерсе. Мисалы, ар кандай диний секталардын ачык иштерин жүргүзүүсү, бандалардын башчыларын улуттук баатыр сыпаттагандар сыяктуу ой келди прораганда жүргүзгөндөрдүн кесепетинен келечек муунга жана мамлекеттин келечегине шек келген жагдайлар жаралып калып жатат. Мына ушундай нерселерге социалдык тармактар, гезит-журналдар, радиотеле берүүлөр колдонулуп жатат. Мунун баары биздин басма сөз мыйзамынын алсыздыгы. Басма сөз мыйзамын өзгөртүүгө убакыт жетип, ашып да кетти. Жаңы талкууга коюлган басма сөз мыйзамынын долбоорунда деле адамдын айткан сөзүнө жоопкерчилик маселеси жетиштүү көңүл бурулбай жатат.

Негизи журналистика абдан сыймыктуу кесип. Журналист – кызматы, бизнеси бар адамдарга, коомго, элге таасири бар адамдарга шыр кирип бара ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болот. Азыр чыныгы журналистиканын машакатына эмес, ар бир каалгага шыр кирүүдөн жеңил оокат издегендер көбүрөөк болууда. Айрымдар журналисттер мүмкүнчүлүктөрү үчүн кызыгып, ушул кесиптин артынан түшүп жатышат. Мына ушул сыяктуу маселелерди басма сөз мыйзамында жөнгө салып алышыбыз керек.

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, журналист:

“ЖУРНАЛИСТТИК КЕСИПТИН ТҮЙШҮГҮ НАР КӨТӨРГҮС”

-Негизи журналистика мезгилге көз каранды эмес. Ал маалымат жыйнай турган жана маалымат тарата турган кесип. Бирок ошол замандын үнүн ар бир учурдун талабына жараша чагылдырып бере турган курал. Союз мезгилиндеги идеология таптакыр башка болгон. Ошол идеологияны жалпы коомго журналистика жеткирет эле. Ал кезде бир гана багытты көздөгөн журналистика жашаган болсо, учурда эркин журналистика деген бар. Эркин журналистика бул толук кандуу өзүн эркин кармаган кесип ээси, маалыматты да эркин бере алат. Басма сөз эркиндигин айрым учурларда аша чаап кетүү менен пайдалануу бизде орун алган. Бирок журналистиканын принциптерине таянсак, эмнелерди эске алуу керектиги, эмнелерге көңүл буру жана эмнелерди колдонбоо сыяктуу эрежелерди эске алуу зарыл. Эркин журналистикада ушул эрежелер сакталбай, коомчулуктун көңүлүн бурууга гана басым жасалып калат. Мына ушул жагы мурунку журналистикадан айырмаланып калат. Негизи талап бирдей коюлат. Демократиялык журналистика “Эмне? Кайда? Качан?”- деген 3 суроонун алкагында маселени чагылдырганда эркиндик бар. Ал эми мамлекеттин саясатын жүргүзгөн журналистикада бардык принциптер, эреже, мыйзамдар башкы орунга коюлат. Учурда техниканын өнүгүү шарданында журналистика да ал мүмкүнчүлүктү колдонуп жаткан мезгил. Анын ичинде эркин журналстикага дагы бир күч келип кошулду. Булар “блогерлер”- деп айтылууда. Алар көргөнүн көргөндөй жарыялап жатканы менен блогерлерде жеке кызыкчылык башкы ролдо турууда.

Журналистика бул – оор кесиптердин бири. Анын түйшүгү нар көтөргүс десе болот. Ага чыдаган адам гана бул кесиптин өтөсүнөн чыга алат. Башка кесиптеги адистердей журналистикага да келип-кетүүчүлөр көп болот. Анткени кесиптин түйшүгүнө, андагы маянанын аздыгына чыдашпайт. Фонаттар гана, алдыга койгон максатына жете турган адамдар гана чыныгы журналист боло алат. Чынында журналистика кесибинин аты улук, бирок супурасы курук. Улуулугу албетте ар дайым эл арасында болосун. Сен жөнөкөй адамдардан тартып, президентке чейинки катмарлардын баары менен түз сүйлөшө аласын. Журналист бул-элдин адамы. Бул албетте кесиптин сыймыгы.

Абдимуктар ИСРАИЛОВ, “Янги Тонг” гезитинин редактору:

“УЛУУ МУУНДАГЫ ЖУРНАЛИСТТЕР КҮЧТҮҮ БОЛГОН”

– Мен журналистика тармагында 1980-жылдарда да иштеп калдым. Ал кезде СССРдин тушунда цензура деген бар эле. Ал эми 1990-жылдары бир аз өзгөрүүлөр кирди, кийин 2000-жылдардан баштап журналистика тармагы  таптакыр жаңыланып, эл аралык стандартка карай багыт алды. Стандарт болгону жакшы, бирок бүт Батыштын усулдарын колдонуп кеткени туура эмес. Өзүбүздүн менталитетибизге жараша жазуу стилибизди да карманышыбыз керек. Биз мурда кесибибизге кызыгып, берилип, изилденип иштечүбүз. Ошол кездеги чоң журналисттерден алган билим, тажрыйба мага бүгүнкү күнгө чейин пайдасын, үзүрүн берип келет.  Бүгүн коомчулук блогер менен журналистти айырмалай албай калышты. Блогер маалыматтын тактыгына көп маани бербейт, ал эми журналист так маалыматты берет. Бирок айрым журналисттер да кимдир бирөөнүн кулу болуп, кээ бир учурларда аша чаап, бир беткей материал жарыялап да жиберишет. Албетте бул ар бир журналисттин өзүнүн абийири. Чыныгы журналист так эмес маалыматты бергенден айбыгат. Жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Мурунку муундагы журналисттерди күчтүү деп айта алам. Азыркылар көбүнчө буйрутма аткаруу менен жан багышат.

Учурда облус аймагында саналуу гана гезит-журналдар калды. Алардын да жарымы жеке менчик. Менчик басылмалар да өз акыбалына жараша жарык көрүп жатышат. Мурда жаңы эгемендик алган жылдары басма сөз эркиндигине басым жасалып, мезгилдик басылмалар козу карындай болуп чыгып кеткен эле. Ал гезиттер чыныгы журналисттер тарабынан чыгарылбагандыгы менен жана экономикалык шартына карап өз жашоолорун улап кетише алышпады.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “Көк-Арт инфо” маалымат борборунун жетекчиси:

“МЕЗГИЛДИК БАСЫЛМАЛАРДЫН ОКУРМАНДАРЫН ТАБУУНУН ӨЗҮ ТҮЙШҮК”

-Мен журналистика тармагына мугалимдик кесибимди таштап өткөнмүн. Алгач “Дил”, “Акыйкат” гезиттерине штаттан сырткаркы кабарчы болуп иштеп турдум. Кийин 1996-жылы “Акыйкат Жарчысы” гезитинде жооптуу катчысынын жардамчысы болуп ишке орноштум. Ал мезгилде негизги иш типографияда жүрчү. Бардык материалдар ошол жакта терилип, жасалгалоого да эки-үч күн кетчү. Жумуш жетишээрлик оор болчу. Ошентип журналистиканын кухнясын үйрөндүм. Ал мезгилдеги журналистика менен бүгүнкү журналистиканын айырмасы ат менен төөдөй. Гезитте бир ката кетсе, коргошун аппарат менен кайрадан терчү. Азыр техника өнүккөндүктөн компьютердин жардамы менен баарын ыкчам, ыңгайлуу даярдоого болот. Мындан сырткары мурда маалыматты алуу үчүн окуя болгон жерге барып, жеринде көрүп жазып келсек, азыр тармактарда атайын пресс катчылар аркылуу даяр маалымат, сүрөт алууга мүмкүнчүлүк бар, ошондой эле журналист үчүн иштөө жеңил болуп калды.

Учурда журналисттерге конкуренция көп, “блогер” дегендер чыгып калган. Алар  бат эле маалыматты таратып жиберишет. Интернет, социалдык тармактар өнүгүп жаткан мезгилде жашоо, иштөө мурдагыдай жеңил эмес. Алды артыңды карап, заман талабына жараша жашай турган заманга келдик. 25 жылдан бери журналистика тармагында иштеп келе жатып эмнелерди башымдан өткөрбөдүм. Кесиптин түйшүктүүлүгү белгилүү. Мурда гезитти чыгаруу кыйын болгону менен, бирок алардын окурмандары, аудиториясы болгон. Азыр гезит-журналдарды басып чыгаруу оңой болгон менен алардын окурманын табуу, башка басылмалардан алга сүрүлүп чыгуу оор болуп турат. Журналисттерге эки барабар жоопкерчилик бар. Ар бир маалыматты иргеп алуунун, дегеле мезгил өнүгүү жолунда тургандыктан жашоонун өзү кыйын болууда.

Бурайма РАЙЫМБЕКОВА, “Ноокен Жаңырыгы” гезитинин редактору:

“ЖУРНАЛИСТ ОКУЯНЫ БИР ТАРАПТУУ БЕРБЕШИ КЕРЕК”

– Мен журналистика тармагында 46 жылдан бери эмгектенип келем. Алгач Бишкектен полиграфиялык институтту бүтүп басмаканада, андан редакцияга өтүп эң төмөнкү корректордук кызматтан башкы редакторлук кызматтарга чейин иштедим. Акыркы жылдары “Ноокен Жаңырыгы” гезитинде 15 жыл иштеп келүүдөмүн.  Жаш кезимден эле журналистика кесибине байланып калдым. Анткени ырларым “Ленинчи Жаш”, ”Пионер” гезиттерине чыгып турчу.

Журналистиканын түйшүгү сырттан караган адамга билинейт. Бирок оор кызмат. Мурда гезит чыгаруу өзүнчө бир түйшүк болсо, бүгүн иштөөгө шарт, мүмкүнчүлүк кенен жана жеңил. Анткени техниканын өнүккөн заманында жашап, дүйнө маалыматтарына ээ болуп олтурабыз. Учурда журналисттер окуяны чагылдырууда калыстыкты, тең салмактуулукту, тараптуулукту сактабай, кааласа терс жагын, кааласа оң жагын гана чагылдырып коюшууда. Эч качан журналист бир жактуу материал бербеши керек. Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуу жаатында журналисттер жакшы маанайдагы материалдарды көп чагылдырып турса дейм.

Аэлина АЛИШЕРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17