Аймак

Алишер ТООТАЕВ: “ӨНӨПОЗДОРГО МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫК-НААМДАРДЫ ЫЙГАРУУДА ТААНЫШ-БИЛИШЧИЛИККЕ, ЖЕМКОРЛУККА ЖОЛ БЕРБЕЙМ!”

Алишер ТООТАЕВ: “ӨНӨПОЗДОРГО МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫК-НААМДАРДЫ ЫЙГАРУУДА ТААНЫШ-БИЛИШЧИЛИККЕ, ЖЕМКОРЛУККА ЖОЛ БЕРБЕЙМ!”

 3,864 Бардыгы /

Танып не. Таанымал обончу Алишер ТООТАЕВ чыгармачыл чөйрөгө дегеле жат эмес! Ошентсе дагы, акыркы жылдарда сахнада көп көрүнбөй, дайын-дарексиз кеткен эле. Соңку сааттарда ал күтүүсүз жерден чыр-чатактан таптакыр башы чыкпай калган Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлугуна дайындалып олтурат. Таланттуу жигитти жумуш үстүндө кармап, капыл-тапыл кепке тарттык.

  • Алишер мырза, Сиз көп жылдар бою Ош жергесинен алыста,

быкпырдай кайнаган Бишкек шаарында жүрүп калбадыңызбы. Деги Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясындагы чыр-чатакты билет белеңиз?

-Ооба. Кабарым бар. Анын үстүнө кичинекей Кыргызстанда мындай жоруктар өтө тез таралат эмеспи.

Сиз, демек, ушуну билип туруп Рыспай Абдыкадыров атындагы

Ош облустук филармониясынын директорунун бошогон ордуна сынакка өзүңүз эле жалгыз катыштыңызбы?

-Жо-жок! Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айтымында, өзү бул сынакка катышууга он эки адам арыз жолдоптур. Бирок, чыныгы ат салышууга, мындайча айтканда, жарышка тогузубуз гана катыштык.

А өзү Сиздин  План-Программаңыз бар беле?

-Ананчы! Мамлекеттик иргөө комиссиясына мен өзүмдүн план-

программамды атайын сунуш эткемин.  Сыягы, абройлуу комиссия мүчөлөрү Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорун иргегенде менин дал ошол конкреттүү жана дагы болочоктуу кадамдарым өтө жаккан өңдөнөт, ошого өзгөчө басым жасашып, менин талапкерлигимди бир добуштан кубатташыптыр.

Филармониядагы эң адепки кадамыңызды  деги Сиз эмнеден

баштадыңыз?

Эң ириде Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук

 филармониясынын бүтүндөй эмгек жамаатын чогултуп, ар бирин зерикпестен дыкаат тыңдадым. Анан баары менен тегиз бетме-бет сүйлөштүм. Биринчиден, мен өзүм баштап мындан ары филармония кызматкерлерине мамлекеттик сыйлык—наамдарды ыйгарууда тааныш-билишчиликке, буга улай жемкорлукка таптакыр жол бербеймин! Экинчиден, эмгек жамаатыбыздын ынтымак-ырашкерлигин токтоосуз бекемдеймин. /чүнчүдөн, мышык ыйлагыдай кейипти кийген филармониябызды толук кандуу ремонттон өткөрөмүн. Андан ары анын таптакыр каралбай калган айлана-тегерегин дагы кыдырата көрктөндүрөм.

          Албетте, менин бул тынымсыз аракетим оңбогондой каражатты талап кылаары шексиз. Андыктан, мамлекеттик мекеме-ишканаларга, ошондой эле Дүйнөлүк уюмдарга дагы түз кайрылмакчымын. Ошентип, демилгебиздин деми суубай, сөзсүз колдоо табаарына мен бөркүмдөй ишенем!

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында өмүр бою эмгектенишип, тилкке каршы, эмдигиче үстүндө үйү жоктор толтура. Эми буларды кантесиз?

-Ооба. Айтканыңызда чындык бар. Ошондуктан, менин инвестиция

тартып, жеке курулуш компанияларын иргеп, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында эмгектенип жатышкандар үчүн кызматтык батирлерди куруу аракетим күч! Биз дал ушинтип гана башыбызды азыркыга дейре куп ооруткан көйгөйдөн бара-бара кутулмакчыбыз.

          Буга улай эле филармониябыздын кызматкерлеринин иштөө тартибин мен акырындап ирээттештирдим. Болбосо, бул жерде баары башаламан экен. Ошондон улам көпчүлүк кесиптештерим жеке жоопкерчилигин сезишпестен, кадимки эшек жайлоого чыгып кетишиптир. Мындан тышкары кызматкерлерибизге бирдиктүү форма тиктирип, буларга ошону гана кийиндирем.

Алишер мырза, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук

филармониясы – таланттардын гана уюгу. Ошондуктан, өнөрпоздордун маянасын жогорулатып, абдан айырмалангандарга мамлекеттик сыйлык-наамдардын ыйгарылышын көзөмөлдөөр бекенсиз?

-Албетте! Маяна жөнүндө кеп жок. Ал секин нукка салыныптыр. Бирок, карасаңыз? Менин устаттарым – залкар обончуларыбыз эмдигиче мамлекеттик сыйлык алышпаптыр. Чындыгында, өтө өкүнүчтүү?!? Абдыманап Төрөбеков, Маматибраим Бостонкулов, Болот Токтобаев өңдөнгөндөр эбак эле Кыргы-з Эл артисти болууга татыктуу!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жаңы директору Алишер ТООТАЕВ 1982-жылы 4-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа кыштагында төрөлгөн. Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайын жана ОшМУнун каржы жана кредит адистигин бүтүргөн. “Агаңдан мурда ат сугарба!” деген принципти дагыле бекем карманат…

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17