Аймак

ГҮЛДӨРГӨ ӨМҮР БЕРГЕН ТОКТОКАН АПА

ГҮЛДӨРГӨ ӨМҮР БЕРГЕН ТОКТОКАН АПА

 4,146 Бардыгы /

Кара-Көл шаарынын тургуну Токтокан Чокоева мончоктордон кооз гүлдөрдү  жасайт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелсе да, арабада олтурганына карабастан өз үйүндө жаш наристелерге солубас гүл жасоону сырын үйрөтөт. Үйдө бала багуу менен олтурган кожойкелер да келип, үйрөнүүгө шарт жаралган. Колдо жасалган белектер туурасында Токтокан апа сыр бөлүштү.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасында олтуруп калууну күтпөгөн 70 жаштагы Токтокан Чокоева жашоого болгон ишенимин үзбөстөн, адамдарга жакшы маанай тартуулоону  адатка айланткан. Тагдырдын оор соккусуна дуушар болуп, эки бутун кесип салууга туура келген. Каарманыбыз Токтогул районунун Үч-Терек айылынан болот. Кесиби боюнча орус тили жана адабияты сабагынан мугалим эле. Агартуу тармагында көп жыл иштеди. Апанын колунан жаралган бул кооздуктар соолубайт, сынбайт, куурабайт, башкача айтканда түбөлүктүү, соолубас гүлдөр. Шурудан жасалган гүлдөрдү жан дүйнөсү менен берилип жасоону талап кылат. Көздүн майын, колдун күчүн  коротуп жасоого туура келет. Мунун баарына Токтокан апа туруштук берип келет. “Өзүм минтип арабада олтуруп калдым. Ошентсе да, мээнеткечтик менден кайтпады. Анткени олтуруп изденүү  мен үчүн ырахат. Мончоктордон гүл жасап, бирөөгө белек катары берүү менен, анын кубанганын көрүп, өзүмө ырахат аламын”- дейт, ал.

Жасаган буюмдарын башкалар сындуу сатыкка чыгарбайт. Тескерисинче, белекке бергенди жактырат. Ал эми анын небереси Асылай чет өлкөлөргө чоң энесинин эмгектерин тааныткысы келет. Учурда ал 8-классты аяктады. Тамга тааныгандан бул өнөрдү чоң энесинен үйрөнө баштаган. Азыр болсо бул өнөрдүн чеберине айланган. “Чоң энемдин колунан  жаралган эмгектерин чет өлкөгө таанытууну максат кылып келемин. Келечекте бул максатымды ишке ашыргым келет. Андан сырткары чоң энем үчүн социалдык баракчаларда атайын баракча ачып, бул өнөрдү башка балдар да үйрөнүүсү үчүн атайын видеолорду жасап жүктөп турамын. Андан көрүп алар да гүлдөрдү мончоктон жасашса болот”- дейт, небереси Асылай Алтымышбаева.

Каарманыбыз орус тили мугалими болсо, азыркы  күндө Кара-Көл шаарында Балдар чыгармачыл үйүндө кол эмгек сабагынан мугалим. Үйдө болсо үйрөнүүнү каалаган жаштар үчүн ийрим ачкан. “Жайкы саратан мезгилинде ооруп, Кара-Көл шаардык ооруканага жатып калдым. Андагы медайымдын туура эмес кан-тамырга ийне саюусу аркылуу, бир жумада бутумдун кан-тамырлары жарылып, санавиация аркылуу Ошко жеткирилдим жана ошол жактан эки бутумду кесип салууга аргасыз болушту. Жолдошум “медайымды сотко берели” деп, канча зээни кейиди. Бирок, мен  эч көнбөдүм, бул  тагдыр деп сеземин, эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Анткени мен бутумдан айрылдым, ал эми тиги медайым аял өз жашоосуна зепкы жебесин деп эч арызданууну туура көрбөдүм”. – дейт, Токтокан апа.

Үйүнүн бир бөлмөсүн атайын балдар үчүн арнаган. Бул жерде да шурудан гүл жасаганды үйрөнүшөт. Алардын эң кичүүсү 6 жашта. Анын апасы Керез Сарыгулова  “кызым экөөбүз 2 жылдан бери келебиз, үйүбүздүн текчелеринде шурудан жаралган гүлдөр тобу көбөйдү. Гүл жасап жатып, эс алабыз, ал өзүбүзгө эргүү берип, ырахат тартуулайт”- дейт.

Токтокан апанын жардамын менен өспүрүмдөр 3 жыл аралыгында шурудан кооздуктарды жасоо менен гана чектелбестен, кездемеден да түрдүү буюмдарды жасоону үйрөнүп, кол өнөрчүлүктөрүн өркүндөтүшүүдө. Учурда ийримде 32 окуучу болсо, алардын эң кенжеси 5 жашта. Эң алды чехиялык туристтер келип, апанын колунан жаралган кооздуктарды алып кеткен.

Элиза АКЖОЛТОЕВА, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17